Гипердаамдуу тамак: эмне үчүн ачка болбосом да жейм?

Заманбап стиль биздин тамак-ашыбызды жеткиликтүү жана анын даамын бир кыйла жагымдуу кылды, бирок анын пайдасы да азайды. Гипердаамдуу азыктар эмнеси менен коркунучтуу?

Эволюция менен шартталган мээнин өзгөчөлүктөрү биз ачка болбосок дагы жогорку калориялуу тамак-ашты керектөөгө түрткү берет. Биздин үңкүрдө жашаган ата-бабаларыбыз үчүн калориялуулук тамак-ашты тандоодо аныктоочу фактор болгон. Ал эми бүгүнкү күндөгү тамактар, ар түрдүү, жеткиликтүү болгону менен биз каалагандай азыктуу эмес. ДДСУнун акыркы маалыматтары боюнча, дүйнө жүзү боюнча чоң адамдардын 1/3 бөлүгүндө ашыкча салмак байкалат жана алардын 1/10 бөлүгү семирүүдөн жабыркайт жана бул гипердаамдуу азыктар менен шартталат.

Гипердаамдуу азыктар кандай болот?

Бул азыктар жана суусундуктар жөнүндө ойлонгондо шилекейибиз агат. Негизинен алар калорияларды көп өлчөмдө, бирок организмге зарыл болгон нутриенттерди жетишсиз өлчөмдө камтыйт. Мындай тамактар өтө даамдуу болгондуктан, алардан баш тартуу өтө кыйын.

Эмне үчүн азыктардын даамы биз үчүн ушунчалык маанилүү?

Тамактын жагымдуу даамы аны жеп көрүүгө арттырат, анткени ал бизге жашоону улантуу үчүн зарыл эмеспи. Ошондой эле көңүлдү айныткан жагымсыз даам уулуу заттар же тамак сиңирүү тутуму үчүн кооптуу болушу мүмкүн болгон тамак жөнүндө эскертет. Даам – бул тилдеги сезимдерден да бир кыйла чоң нерсе. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, жыт жана даам стимуляцияларынын айкалышы тамактанууну жалпы кабыл алууну жакшыртат жана жыттар бул процессте үстөмдүк кылуучу ролго ээ. Дал ошондуктан жаңы бышкан печеньенин жыты шилекейдин бөлүнүп чыгышын же ичтин курулдоосун чакырат жана кээде бул үчүн болгону даамдуу нерсени эстеп коюу жетиштүү болот.

 

Азыктардын даамдык сапаттары биздин тандообузга кандай таасир этет?

Биз азыктарды эки негизги факторго негизделүү менен тандайбыз: бул биздин тандоолорубуз жана тамактарды керектөөдөгү мурдагы тажрыйбабыз. Мындан даамдык сапаттар биздин тамак-аштагы адаттарыбызды аныктап, аларды калыптандырып, керектелүүчү тамак-аштын көлөмүн жөнгө саларын түшүнсөк болот.

Гипердаамдуу тамактын эмнеси туура эмес?

Өтө даамдуу тамак-аш, адатта, бир жагынан калорияларды, майды, кантты жана тузду көп камтыганы менен, экинчи жагынан, белок жана клетчатка сыяктуу маанилүү азыктандыруучу заттардын жетишсиздиги менен байланыштуу. Ошол эле учурда даамды күчөткүчтөр ачка болбосок дагы, бизди көбүрөөк тамак керектөөгө түртөт жана бул мындай азыктардан келип чыгуучу негизги коркунуч болуп саналат. Рациондогу баланстын жоктугу ашыкча тамактанууга алып келет жана ашыкча салмак жана семирүү менен байланышкан оорулардын тобокелдигин жогорулатат.

 

Гипердаамдуу азыктардын разрядына кайсыларды кошсок болот?

Гипердаамдуу тамакты көп керектөөнү каалоо май, кант жана туз сыяктуу бир нече компоненттердин айкалышы менен шартталган. Ашыкча тамак жеп алууа жол бербөө үчүн, төмөнкү азыктардынпорцияларынын өлчөмүн көзөмөлдөңүз:

- май жана туз: бекон, бургерлер, пицца;

- май жана шекер: печенье жана торттор;

- углеводдор жана туз: кытырак нан, кытырак картөшкө жана фри картөшкөсү.

Гипердаамдуу азыктарды ден соолукка коопсуз түрдө кантип керектесе болот?

  • Тамак душман эмес, жашоону улантуу үчүн маанилүү фактор экенин эсиңен чыгарба.
  • Рационуңдун 80-90%ын иштетүү деңгээли төмөн, азыктандыруучу заттарга бай пайдалуу азыктардан, ал эми калган 10-20%ын ырахаттануу үчүн керектелген тамактардан турганы жакшы.
  • Тигил же бул тамактын курамына эмне кирерин так билүү үчүн, тамакты үйдөн көп жаса.
  • Энбелгидеги азыктардын курамына жана азыктандыруучу баалуулугуна көңүл бурууну адатка айландыр.
  • Май менен тузду, май менен кантты жана шекер менен тузду айкалыштырган гипердаамдуу азыктарды керектөөнү чекте.
  • Даяр тамактар коюлган ачык текчелерден алыс бол, анткени көз көргөндү аш-казан талап кылат жана бул ашыкча тамактанууга алып келиши мүмкүн.