Биз эриндер үчүн бальзамдарды эмне үчүн жакшы көрөбүз: анын 5 себеби

Кышында алар ар бир курткада жана сумочкада, жумушчу столдо, ашканада жана ваннада да болушу керек... Бардык жерде! Бальзамдар биздин эриндерди жумшак жана жылмакай кылат, ал эми бизди өзүбүздү – бир топ эле бактылуу кылып коет. А эмне үчүн экенин окуп, билип ал!

1-себеп: бальзамдар эриндердин саламаттыгы жакшы болушунун сакталышына  жардам берет

Эриндердин териси, анын коргоочу катмары начарлаган учурда эриндер кесилип кетет.   Бальзамдар эриндердин үстүндө кабыкчаны (пленка) түзөт, ал нымдын жоголушун кыскартууга жардам берет. Бальзамдардын нукура ингредиенттери: экстракттары, майлары менен танда. Алар өзгөчө эриндердин назик терисинин  саламаттыгы үчүн бардык керектүү - антиоксидант, майлуу кислоталар, белокторду жана минералдарды  камтышат.  Эриндер үчүн  мультифункционалдуу ONE A-Z SPF 25: ондон ашык пайдалуу касиеттери жана жеңил түстөрү менен болгон бальзамды колдонуп көр.

2-себеп: аларды праймер катары колдонууга болот

Эриндер үчүн бальзам эриндерди нымдаштырат жана нымдуулугун сактоого жардам берет, бул ал үчүн эң сонун праймер болуп саналат. Эриндердин кесилбеген жана түлөбөгөн, нымдалган жана каныккан терисине помада бир топ эле текши сүйкөлөт жана анда көпкө чейин кармалат. Кесипкөй үчүн Лайфхак: бальзамды анын үстүнө гана эмес эриндердин контуруна да сүйкөө – бул анын жайылып кетишинин алдын алат.   Атайын жумшартуучу каражаттарды колдонуп көр - чыныгы эле легенда.

3-себеп: алар күндүн нурунан коргойт

Ультрафиолеттин нурлары терини жаракаттайт, убагынан эрте эле фотокарылыктын пайда болушуна себеп болуп калат жана -  өзгөчө эриндердин астыңкы терисиндеги бырыштардын санын көбөйтөт. Бальзамдарды SPF 20 кем эмес коргоо фактору менен тандап ал. Мисалы, эриндер үчүн нымдаштруучу SPF 20 The ONE  коргоочу-бальзамын тандап ал.

4-себеп: алар жаш куракка каршы натыйжага ээ

Эриндердин териси өтө жука жана назик, ошондуктан биздин жүзүбүздүн башка бөлүктөрүнө караганда аларда карылыктын белгилери мурдараак пайда болот. Туура бальзам эриндерди бир гана пайдалуу заттар менен каныктырбастан, ал эриндердин каныктырылган, нымдалышкан көрүнүшүн да камсыздайт.  Сага так ушунун өзү керек болсо, анда эриндерди калыбына келтирүүчү SPF 12 Giordani Gold бальзамын  сунуштайбыз.

5-себеп: алар эң сонун жыттанат

Туура бальзамдагы камкордук көрүү жана нымдаштыруу үчүн кокос, ваниль, жемиштер сыяктуу даамдуу ингредиенттер кам көрүшөт. Алардын нукуралыгы ушунчалык, ал тургай аларды жегиң да келип кетет!! Алардын бир гана жыты менен эле маанайың көтөрүлөт жана биздин жылмаюну жаратат. Сүйүктүү продуктуңду Love Nature сериясынан изде: мисалы, ширелүү мангонун экстракты менен. 

Текст: Сүрөт: Oriflame