Oriflame’дин Wellness тамактануу суроолору боюнча илимий кеңеш

Бир гана экспертик билимдер, эч кандай мифтер жок жана акыркы илимий маалыматтар — Oriflame сага тамактануу жана сергек жашоо образы жаатында оңой болушу үчүн жана натыйжаларга жеңил жана гармониялуу жетишүүң үчүн, бул жаатта жогору квалификациялуу эксперттерден турган ички кеңешти түздү. Биздин эксперттер жөнүндө көбүрөөк билип ал!

 

Биздин учурда өзүңдү жакшы сезүү жана ден-соолукта болуу үчүн кандай тамактануу керек экендиги жөнүндө көптөгөн пикирлер бар. Ар бир адамдын өзүнүн окуясы жана тажрыйбасы бар, жана бардыгы эле өз билимдер менен бөлүшүүдөн мурда, профилдүү билим алышпайт – натыйжада ойк-кайкы жана потенциалдуу коопсуз диеталар популярдуулукка ээ болот. Дал ошондуктан Wellness by Oriflame бренди үчүн билим жана эксперттик билим керек!

Тамактануу боюнча Wellness кеңешине жогорку класстагы нутрициологор жана диетологдор кирет. Өз билимдерин бириктирип, алар тамактануу философиясын түзүп, өнүмдөрдү иштеп чыгууга катышып, аймактар үчүн тамактануудагы актуалдуу суроолор боюнча сунуштамаларды беришет. Бүгүн ага алар менен жакыныраак таанышууну сунуштайбыз!

Кэролайн Oriflame’ге 2019-жылдын февраль айында кошулган. Ал диплому бар нутрициолог жана төмөнкүлөргө ээ:

Каныша Маргареттин Университетинде адамдын тамактануусу жөнүндө илимдер магистри даражасына, Эдинбург, Шотландия, Улуу Британияя;

Университеттин колледжинде азыктануу илимдеринин бакалавр даражасына, Дублин, Ирландия;

Фитцуильям Институтунда санариптик маркетинг курсун бүтүргөндүгү жөнүндө дипломго, Дублин, Ирландия.

Илимий кызыгуу жааттары: өнүмдөрдүн азыктык баалуулугу, спорттук тамактануу жана функционалдуу өнүмдөр.

Кэролайн — азыктардын азыктык баалуулуктарын, азык өнүмдөрүнүн жана кошумчаларынын өнөр жайында жана ошондой эле коомдук саламаттык сактоодо эксперт.

Ал өзүнүн изилдөөчүлүк мансабын университеттин лабораториясында функционалдуу азыктарды – азыктык баалуулугунан тышкары организмге кошумча пайда алып келе турган ингредиенттерди талдоо менен баштаган. Кийинчерээк ал спорттук тамактануу менен алектенген жаш компанияда иштеп, ал жерден тамактануу ийгиликтин же жеңилүүнүн аныктоочу фактору болушу мүмкүн экендигине ынанган. Ал ар кандай жаш курак топтору, анын ичинде балдар, өспүрүмдөр жана улуу жаштагы адамдар үчүн пайдалуу тамактануу боюнча бир нече долбоорлорду ишке ашырган.

Кэролайн тамак-аш өнүмдөрүн өндүрүү боюнча ири компаниялардын биринин маркетинг бөлүмүндө өз мансабын уланткан. Бул жерден ал илимий коммуникация менен алектенип, башкадан мурда, тамак-аштын протеин, клетчатка сыяктуу компоненттерин жана иммунитетти көтөргөн ингредиенттерин изилдеп чыккан. Ал керектөөчүлөр үчүн пайдалуу тамактанууну тандоону жеңилдетүү үчүн пайдалуу азыктарды инновациялуу иштеп чыгуу менен алектенген.

Кэролайн туура тамактануу – бул организмге таасир берүү үчүн иштеген курал деп эсепейт, анткени биздин күнүмдүк адаттарыбыз ден-соолугубузга жана абалыбызга таасирин тийгизет жадагалса оорулардын алдын алышы да мүмкүн.

Ал тамакка ырахат алуу булагына жасагандай мамиле жасайт, бирок ошол эле учурда ал тамактануу абалды жакшыртарын түшүнөт. Ал үчүн тамак – бул энергиянын булагы жана теринин абалын жакшыртуу, организмдеги сезгенүүлөрдү азайтуу, иммунитетти көтөрүү жана узак жашоо үчүн каражат болуп саналат.

Кэролайн организмге оң таасирин тийгизген тамактануунун ар кандай принциптерине ар дайым кызыгып келген. Эми ал бүткүл дүйнө жүзү боюнча белгилүү болгон нордикалык диетанын принциптерин алга жылдыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, швед компаниясында иштеп жатканына кубанычта.

Изабелла Oriflame компаниясына 2019-жылдын  сентябрь айында кошулган. Ал нутрициолог, жана анын портфолиосунда:

●Швед айыл-чарба илимдер университетинин тамак-аш жана тамактануу жаатында лиценциат, Уппсала, Швеция;

●Диссертация: «Кара буудайдан жасалган бүтүн дандуу азыктар: табитке таасир берүүсү жана зат алмашуу», 2016; 

●Стокгольм университетинде жана Каролин институтунда адамдын тамактануусу жөнүндө илимдер магистринин даражасы, Швеция; 

●Стокгольм университетинде жана Каролин институтунда тамак-аш илимдеринин бакалавр даражасы, Швеция;

●Табит жана зат алмашуу темалары боюнча 5 рецензиялануучу изилдөө иштери (автор/авторлош). 

Илимий кызыкчылык жааттары: тамактануу, табитти көзөмөлдөө жана керектөөчүлүк инсайттар

Докторлук диссертациясынын үстүндө иштеп жаткан учурда бүтүн дандуу кара буудайдын, азык булаларынын (анын ичинде пребиотикалык булалардын) жана өсүмдүк белогунун табитке (ачкалыкка жана токтукка), гормондорго, зат алмашууга болгон таасирин жана дени сак адамдардын ичегилеринин реакциясын баалоочу клиникалык текшерүүлөрдү өткөргөн. Бул изилдөө кара буудайдан жасалган бүтүн дандуу азыктардын ден-соолукка жана узакка созулган токтук сезимине болгон пайдасы жөнүндө тыянак чыгарууга мүмкүнчүлүк берет.

Клиникалык изилдөөлөрдөн тышкары, Изабелла тамак-аш жана суусундук өнөр жайында сенсордук изилдөөлөр жана керектөөчүлүк инновациялык изилдөөлөр менен иштөө тажрыйбасына ээ.

Изабелла дарыгерлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн, ошондуктан ал башынан эле гастроэнтерология жаатында дарыгер болом деп жүргөн. Бирок, ал ооруларды дарылоо менен алектенгиси келбегендигин түшүнүп, анын ордуна алардын пайда болушун алдын алууга кызыккан.

Ошондуктан ал университетте адамдын тамактануусун изилдеп, молекулярдык тамактануудан баштап коомдук саламаттыкты сактоого чейин бардык жактан кеңири билим алган.

Изабелланын ичегилерде эмне болуп жаткандыгына кызыгуусу окуу учурунда күчөгөн, жана башында ал азык булаларын изилдөөгө көңүл койгон. Швециядагы дандуу азыктарды өндүрүү менен алектенген ири компаниялардын биринде бүтүн дандуу азыктардын жана азык булаларынын табитке болгон таасири темасындагы магистердик диссертациянын үстүндө иштөө ага ошол эле изилдөөнүн негзинде докторлук даражага ээ болууга жол салды.

Изабелла академиялык изилдөөлөр менен иштөөнү абдан жактырган, бирок ал реалдуу керктөөчүгө жакын болууну каалаганын сезген. Ошондуктан ал дүйнө жүзүндөгү чоңдугу боюнча үчүнчү орунда турган рынокту изилдөө боюнча компанияда керектөөчүлүк инсайттар менен алектене баштаган.

Марлен 2019-жылдын июнь айында Oriflame’дин бир бөлүгү болгон. Ал дипломго ээ болгон диетолог, анын активинде:

● Упсаль университетинде жана Умео Университетинде адамдын тамактануусу жана диетология жөнүндө илмдердин бакалавр даражасы жана магистр даражасы, Швеция;

Адистиги — спорттук тамактануу;

Укалоочу терапевттин тастыктамасы;

Спорт инструкторунун диплому.

Илимий кызыкчылык жааты: спорттук тамактануу, тамак-аш азыктарынын экологиялык коопсуздугу, окутуучу тренингдер

Марлендин мансабы коомдук тамактануу жаатындагы дүйнөдөгү ири компаниялардын биринде башталган, ал жерде ал мезгилдүү азык-түлүктөрөн пайдалуу жана ар түрдүү рецепттерди түзүүнүн үстүндө иштеген.

Швециянын жаратылышы Марлендин жүрөгүндө өзгөчө орун ээлейт. Ошондуктан, өз тажрыйбасын колдонуу менен ал пайдалуу менюну экологиялык жактан таза менюга айлантууну чечкен. Ошентип ал азыр дүйнө жүзү боюнча колонулуп жаткан пайдалуу жана экологиялык жактан коопсуз концепцияны иштеп чыккан.

Марлен өспүрүм кезинде спорт менен активдүү машыгып, аны өз умтулууларында чектебеген саламат денеге ээ болууну каалап турган учурда ден-соолук жана wellness темаларына кызыга баштаган.

Спорттун аркасы менен ал жеке жетишкендиктеринен да чоңураак нерсеге жетишүүнү эңсей баштады. Ошентип кеч өспүрүм курагында ал ар кандай дисциплиналарда спорт инструктору болуп, машыгуулардын натыйжасында башкаларда жана анын өзүндө пайда болгон эмоцияларды жана жыйынтыктарды сүйүп калды. Бул аны денен кантип иштеп, кантип калыбына келери жөнүндө көбүрөөк билүүгө жана мектепти бүткөндө укалоочунун окуусун бүтүрүүгө түрткү болду.

Марлен ар дайым максатка умтулган. Ага алдына бийик максаттарды коюп, аларга жетишүү жагат. Дал ошондуктан ал, башкадан мурда, фитнес боюнча мелдештерге катыша баштаган. Көп жылдар бою ал бул спорт түрүндө эң мыктылардын санын толуктап келген, бирок, жыл өткөн сайын ден-соолук жана саламаттык жөнүндө тажрыйбасын топтоп, ал сергек жашоо образына бир кыйла гармониялуу жана баланстуу мамиле жасоого өтүү чечимин кабыл алды.

Марлен саламаттык жаатында сабак берүүгө абдан берилген, ал Швециядагы жеке машыктыруучулардын жана коучтардын ири мектебинде спорттук тамактануу боюнча окутуучу болуп иштеген. Ал адамдардын күнүмдүк жашоосуна пайдалуу адаттарды болушунча оңой ыкма менен кошууга жардам берүүнү жактырат.