Чоӊ премьера: жаӊы Novage+ кам көрүүсү тууралуу бардыгы

Териге кам көрүү эффективдүү болуп, болушунча кылдат таасир бере алабы? Сага дал ушундай жаӊы Novage+ өнүмдөрүн сунуштоого кубанычтабыз! Биз жөн гана идиштердин дизайнын өзгөрткөн жокпуз. Novage+ – бул териге карылыкка каршы кам көрүүнүн толугу менен жаӊы: технологиялык, заманбап, биоактивдүү компоненттер менен күчөтүлгөн жана айлана-чөйрөгө камкордук менен жасалган системасы.

2015-жылы NovAge-дин биринчи сериялары чыккан учурдан берди териге кам көрүү индустриясы алдыга чоӊ кадам жасады. Бул убакыт ичинде биз, сага акыркы тенденцияларга жооп берген жана кээ бир нерселерден алардын алдына да чыга турган каражаттарды сунуштоо үчүн, күчтүү эксперттик дараметибизди өстүрдүк. Novage+-ту жасоого бизди териге кам көрүүдөгү кайсы тренддер шыктандырды?

Биоактивдүү технологияларды колдонуу

 

Биоактивдүү – бул «табигый ингредиенттерден жасалган» дегенди билдирет. Мындай технологиялар теринин табигый функцияларын активдүү иштөөгө стимулдайт жана эреже катары, космецевтикалык каражаттардын негизин түзөт – бул каражаттарды  дарыканаларда жана сулуулук салондорунда табууга болот. Биз бул тенденциядан алыс кала алган жокпуз жана Novage+ программасына 11 биоактивдүү технологияны киргиздик!

 

Агрессивдүү айлана-чөйрөдөн коргоо

 

Бул тренд бизге Азиядан келди, ал жакта күчтүү коргоочу касиеттери бар косметикага суроо-талап жыл сайын өсүп жатат. Иштетилген түтүндөр, өнөр жай ишканаларынан чыгындылары, шаардык чаң – бул бир гана мегаполистин жашоочуларынын реалдуулугу эмес жана теринин эрте картаюусуна түздөн-түз байланыштуу болуп саналат. Жаңы Novage+ өнүмдөрүндө терини тышкы факторлордун зыяндуу таасиринен коргоого мульти-активдүү күндүзгү крем кам көрөт.

 

Кылдат кам көрүүгө сурам

 

Тенденциялар радикалдуу жана инвазивдик чаралардан акырындык менен жумшак, бирок эффективдүүлүгү боюнча андан кем эмес кам көрүүгө өтүп жатышат. Бул ниацинамид сыяктуу активдүү компоненттердин жардамы менен мүмкүн болуп жатат. Анын пайдалуу касиеттери Novage + технологияларынын биринин негизин түзгөн.

Эмне үчүн Novage+ ушунчалык эффективдүү?

 

Биз сыймыктанган жаңы линейкабыздын өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул 11 биоактивдүү технологияны колдонуу, анын ичинен 4 технология Oriflame тарабынан патенттелген. Келгиле, кайсы технология эмне үчүн жооптуу экенин кененирээк карап көрөлү.

1-кадам: Тазалоо

бет жууга арналган гелинин NOVAGE+  формуласына биз теринин табигый тосмосун сактоо менен, кирди жана макияжды жумшак кетирген Bio Lipid System технологиясын коштук.

2-кадам: Көздүн айланасына кам көрүү

Novage+ көздүн айланасына арналган бардык кремдери кара тегеректерди жана шишүүнү азайтуу үчүн, Eye Vital технологиясы менен күчөтүлгөн. Бирок андан тышкары, алардын ар бири теринин конкреттүү көйгөйүн чечүүгө иштеген өзүнүн биоактивдүү технологиясын камтыйт: Bio CollagenPro технологиясы бырыштарды кыскартуу , патенттелген технологиясы  Bio Aspartolift – лифтинг-эффект, патенттелген технологиясы Bio Lumilock – пигменттик тактар менен күрөшүү .

3-кадам: Сыворотка-активатор

Бардык Novage+ сывороткаларында коллагенди иштеп чыгууга, демек, бырыштарды тегиздөөгө Oripeptide-3 патенттелген технологиясы жооп берет. Андан тышкары, кабакка арналган кремдер сыяктуу, төрт сыворотканын ар бири өз технологиясын камтыйт.

4-кадам: Негизги кам көрүү

 

Күндүз терини коргоо жана нымдандыруу үчүн Bio Re:Barrier патенттелген технологиясы жана Advanced Pollution System технологиясы жооп берет. Ал эми Advanced NightSync жана Bio CeramidesPro технологиялары териге түн ичинде калыбына келүүгө жардам берип, картаюу процессин жайлатат.

 

Эгер сен NovAge кам көрүүсүн колдонгон болсоӊ, жаӊы сериянын күндүзгү жана түнкү кремин тандоодо айырмасын сезериӊ анык. Novage+та күндүз коргоо үчүн эки крем жана түндө калыбына келтирүү үчүн эки крем сунушталат. Сен болгону өзүӊө ылайык – жеӊил жана тез сиӊген же тыгыз жана каныккан текстураны тандап алууӊ керек

Сенин териӊ үчүн кайсы Novage+ топтому ылайыктуу?

 

Териге кам көрүү жаатындагы акыркы изилдөөлөр теринин абалы ар дайым эле курак менен байланыштуу эмес экенин далилдешкен. Ошондуктан биз теринин муктаждыктарына басым жасап, сага аялдарды тынчтандырган негизги көйгөйлөрдү чечүү үчүн комплекстүү чечимдерди сунуштоого кубанычтабыз.

Эгер бырыштарды азайткыӊ келсе, Wrinkle Smooth сериясын колдонуп көр. Ал ошондой эле теринин коргоочу тосмосун бекемдетип, теринин нымдануусун жогорулатып, жаркыроосун күчөтөт.

Эгер териӊ серпилгичтигин жана чоюлчаактыгын жоготсо, сага көз көрүнөө лифтинг-эффекти менен Lift + Firm сериясы ылайыктуу болот. Ал ошондой эле майда жана тереӊ бырыштарды азайтып, беттин түсүн жакшыртат.  

Эгер сени сезгенүүлөр жана кара чекиттер тынчсыздандырса, сага Blemish + Age Defy сериясы жардам берет. Ал жөн гана теринин кемчиликтери менен күрөшүп, пораларды ичкертип, сезгенүүлөрдөн калган тактарды азайтпастан, жашартуучу таасирди да берет.  

Эгер териӊ гиперпигментацияга жакын болсо, Bright Intense сериясын колдонуп көр. Ал теринин түсүн тегиздеп, териге саламат жаркыроону кайтарып берип, ошондой эле аны нымдандырып, бырыштарды азайтат.

Комплекстүү кам көрүүдөгү бардык каражаттарды колдонуу шартында, биринчи натыйжаларга 2 аптадан кийин эле баа бере аласыӊ! Ар бир серия менен жакыныраак таанышуу үчүн баракчасына өт Novage+.