Жаңы жылдан кийинки детокс: мифтер жана реалдуулук

Биз сүйгөн майлуу салаттар, оор экинчи тамактар, таттуулар жана алкоголь… Жаңы жылдык түн жана бир нече күн «каалаганымдын баарын жейм» деген ураан менен өтүп, эми өзүңдү күнөөлү сезип, диетага отурууну же бир-эки күн ачка жүрүүнү пландап жатасыңбы? Шашпа, бир катар майрамдык дасторкондордон кийин организм үчүн чынында эмне пайдалуу жана эмне миф экенин бирге карап көрөлү.

№1-миф: Майрамдарда баарын көбүрөөктөн жеш керек, анткени андан кийин мындай мүмкүнчүлүк болбойт. 

Реалдуулук: Майрамдарда көп жеп, калган учурда өзүңдү катуу чектөө туура тамактануу жана саламат тамактануу жүрүм-турумунун принциптерине жакындабай турган нерсе. Жыл ичинде балансты сактап, майрам күндөрү пайдалуу менюну пландап, каалаган учурда мезгил-мезгили менен өзүңдү даамдуу тамактар менен кубандырып тур.  

№2-миф:Эгер жаңы жыл түнү ашыкча тамак жеп алсаң, андан кийин жеңил тамактануу күндөрүн уюштуруу зарыл.

Реалдуулук:Оор, майлуу тамактануу менен сен организмиңди стресске чалдыктырдың. «Ачкалык» режимине өтүү менен сен ага дагы көбүрөөк зыян келтиресиң. Жеген нерселериң үчүн өзүңдү күнөөлү сезип, диетага отурууну кереги жок, болгону адаттагы тамактанууңа кайтып келип, рационуңду пайдалуу азыктар менен толуктоого аракет кыл. Алардын бири – салмакты көзөмөлдөөгө арналган азыктандыруучу коктейль. Белок жана клетчаткага бай бул коктейль эртең мененки, түшкү жана кечки тамактануу үчүн тез вариант катары кызмат кылып, өзүңдү формага алып келүүгө жардам берет.

№3-миф:Майлуу тамактан кийин организмди шлактардан жана токсиндерден тазалоо зарыл.

Реалдуулук:Нормалдуу иштеп жаткан организмге эч кандай тазалоолор кереги жок, ал эми ичеги-карындын саламаттыгына кам көрүү жана көп суу ичүү чынында организм үчүн пайдалуу болот. Азык булалары кошулган пребиотикалык суусундук – дал ушул эки милдетти тең аткара турган нерсе. Табигый азыктык жана пребиотикалык булалардын аркасы менен ал ичеги-карындын жыйрылуусун колдоп, анын микрофлорасын жакшыртат.

№4-миф:Жаңы жылдык каникулдардын учурунда каалаган мезгилде жатып, каалаган мезгилде турсаң болот!

Реалдуулук:Уйку режимин сактабасаң, сен эс алуу күндөрүңдүн баарын уйку менен өткөрүп коюшуң мүмкүн. Бул күндөрдү активдүү өткөрүп, таза абага көп чык – бул денең үчүн да, мээң үчүн да пайдалуу. Ал эми өз убагында туруп, көпкө сейилдөө үчүн энергияң жетиштүү болушу үчүн, организмиңди витаминдерди ичүү менен колдо*. «Мультивитаминдер жана минералдар» комплекстеринин курамында эркектердин жана аялдардын азыктандыруучу заттарга болгон уникалдуу муктаждыктарын канааттандыруу жана өзүңдү сергек жана күчтүү сезүүң үчүн баары бар.

*Биз «Мультивитаминдер жана минералдар» комплексин ичүүнү бир күндө салмакты көзөмөлдөөгө арналган азыктандыруучу коктейлдин 2 порциясы менен бирге айкалыштырууну сунушабайбыз. Бир күндө 1 порция коктейль ичүүдө бул комплексти ичсең болот.