Жаңы продукт: гидрофиль майы

Эки катмар тушту же туруктуу кармалган помаданы кетирүү үчүн мындан ары кебез диски менен бетти сүргүлөөнүн кереги жок. Сенин сүйүктүү NovAge сериясында Азиянын кыздары үчүн камкордук көрүүнүн сырлары менен шыктандырылган май!

Майдын жардамы менен терини кантип тазалоо керек?

Узакка созулган жумушчу күндөн же эң сонун кечеден кийин чарчап үйгө келгенде: макияжды сүртүп кетире баштайсың, кебез дисктери биринин артынан бири раковинага ыргытыла берет, ал эми көздүн алдындагы туштун кара тактары дагы элек кетпей турат, ушундай болоорун сен өзүң да жакшы билесиң.   

Кадимки каражаттан же сүттөн айырмаланып, май макияжды, ал тургай суу менен да кетпей турган туруктуу макияжды жеңил эле эритип кетирет, ошондой эле себумдун бөлүнүп чыгышы менен байланышкан бардык кемчиликтерди да кетирет – мисалы, тешикчелерди тереңинен бери тазалоого жана аны менен бирге теринин дүүлүгүүсүн болтурбоого жардам берет.  Бирок, кадимки табигый майларды колдонууга болбойт: алар эң терең кирүүгө жөндөмдүү болгондугунун эсебинен макияжды кетирип жаткан учурда эле түз сиңе баштагандыктан бардык кирлерди теринин терең катмарларына тартып киргизип кетет.

Сага атайын тазалоочу май керек, ал суу менен аралашканда сүткө айлана турган жөндөмү бар  экенине жана майланышкан катмарды калтырбастан кирлерди жеңил эле кетире турганына жараша аны гидрофиль майы деп аташат. Ушундай тазалоо бардык типтеги тери, анын ичинде сезгич тери үчүн да туура келет: ал вата диски сыяктуу терини жаракат жаратпайт, жана курамындагы камкордук көрүүчү компоненттердин жана майлардын эсебинен себумдун бөлүнүп чыгышын да жаратпайт.  Мына NovAge сериясында так ушундай продукт чыкты.

Гидрофиль майын кантип колдонуу керек? Помпаны би-эки жолу басуу менен майды керектүү өлчөмдө чыгарып ал жана кургак бетке сүйкө. Андан кийин колуңду суулап алып, ал ак эмульсияга айланганча, майды назиктик менен сүйкө.  Макияж бүт бетиңе жайылса, ал эч нерсе эмес — так ушундай болушу керек! Жылуу суу менен жуун жана кошумча натыйжа алууну кааласаң, тазалоочу NovAge гель-тонигин колдон, ал майдын жана кирлердин калдыктарын кетирет.  Ушундай эки этаптагы тазалоодон кийин сывороткадан жана кремедрден алынган пайдалуу компоненттер териге жеңил эле сиңип кетет.

Редактордун тандоосу

Жуунуш үчүн NovAge тазалоочу майы терини сергек жана аны нымдуу жана жумшак кылуу менен беттеги кирлерди, чаңды, туруктуу макияжды жана себумду эритип кетирет. Кечки примуланын майы өзүнүн курамында Омега-6  гамма-линонен кислотасынын жогорку концентрациясына ээ жана терини терең азыктандырат. Боёгучтарды, отдушкаларды жана минералдык майларды камтыбайт. Офтальмологиялык контролдоонун алдында тестирленген жана колдонуучулар тарабынан текшерилген.