Сенин сулуулугуӊ үчүн 5 кымбат баалуу май

Байыртадан өсүмдүк майлар медицинада жана кулинарияда жогору бааланып келген. Майлардын негизиндеги каражаттарды кантип тандоо керек жана алардын кайсынысы сага ылайыктуу экенин бил.

Бадам

Бадам майынын курамында карылык процесстерин жайлатуучу табигый антиоксидант – Е витамини, ошондой эле май бездеринин ишин жөнгө салып, чачтын өсүшүнө жакшы таасирин тийгизип, алардын жалтыроосун жана чоюлчаактыгын күчөтүп, бир гана чачтын эмес, кирпиктер менен каштардын да калыӊдыгын жогорулатууга жардам берүүчү F витамини бар. Бадам майы тынчтандыруучу жана калыбына келтирүүчү таасирге ээ, ошондуктан ал майда жарааттарда, күйүктөрдө жана башка тери жаракаттарында, атүгүл герпесте да колдонулат.

Кайдан издесе болот

«Бадам» денеге жана чачка арналган майы

«Бадам» душ креми

«Бадам» денеге арналган лосьону

«Аары мому жана бадам» колго арналган коргоочу креми

 

 

Авокадо

Жемиштериндей эле, авокадо майы натрийдин, калийдин, кальцийдин жана цинктин, А жана Е витаминдеринин жогорку концентрациясына ээ, бырыштардын жана жаш курактык пигменттик тактарынын пайда болушуна каршы күрөшүп, кургактыктан жана жаракалардан коргойт, чачты нымдандырып, чачтын фолликуласын азыктандырып, коргоочу пленканы жаратат. Авокадо майы бактерияга каршы таасирге ээ, теринин калыбына келүүсүн стимулдайт жана бүдүрлөрдү айыктырууга жардам берет.

Кайдан издесе болот

«Авокадо» денеге жана чачка арналган майы

«Авокадо жана ромашка» чачтын бардык түрүнө арналган 1де-2 шампунь-кам көрүүсү

«Авокадо» колду нымдандыруучу креми

 

Кокос

Кокос майы кандагы холестериндин деңгээлин төмөндөтүүчү өзгөчө касиетке ээ: ал кууруу үчүн эң ылайыктуу деп эсептелет, анткени жогорку температурада дагы анда канцерогендер пайда болбойт. Май гиалурон кислотасына жана Е, К витаминдерине бай, жумшартат, кургап түлөөнү жоготот, клеткаларды калыбына келтирүү процессин тездетет, ошондуктан кургап кетүүгө жакын териге абдан ылайыктуу.

Кайдан издесе болот

«Кокос» кол тазалоочу гели

«Кокос» колду азыктандыруучу креми

«Буудай жана кокос» кургак чачка арналган шампуну

«Буудай жана кокос» кургак чачка арналган кондиционери

«Буудай жана кокос» кургак чачка арналган майы

 

 

Зайтун

Байыркы акындар аны суюк алтын деп аташкан жана биз аны бардыгына косметикалык этикеткалардан издөөгө кеңеш беребиз. Зайтундун курамындагы линол кислотасы жараларды жана күйүктөрдү тез айыктырууга көмөктөшөт, ал эми олеин кислотасы рак клеткаларынын өнүгүшүн басаңдатууга жардам берет. Зайтун майынын курамында карылык процесстерин басаңдатып, териге да, чачка да пайдалуу таасир тийгизүүчү фенол бар. Зайтун майы укалоо үчүн пайдалуу: ал зыяндуу заттарды жок кылууну тездетет жана бездердин секрециясын жакшыртат.

Кайдан издесе болот

«Зайтун жана алоэ» душ гели

«Зайтун жана алоэ» колго арналган суюк самыны

«Зайтун жана алоэ» самыны

 

Кунжут

Кунжут же кунжут майы көптөгөн пайдалуу заттарга бай: мисалы, стеарин, арахин, олеин жана башка май кислоталары, алардын жардамы менен клетканын карылыгын басаңдатып, эпидермисти калыбына келтирип, теринин коргоочу барьерин, атүгүл тиш эмалын жана бүйлөлөрүн да коргойт. Антиоксидант сквалендин жардамы менен кунжуттун майы грибокко каршы жана бактерициддик касиетке ээ, клеткаларды эркин радикалдардын терс таасиринен коргойт.

Кайдан издесе болот

«Кунжут майы жана магнолия» душ креми

«Кунжут майы жана магнолия» денеге арналган лосьону