Курамын чечмелөө: “Омега-3” комплекси

Тери, жүрөк, мээ, нерв системасы — организмдин маанилүү биохимиялык процесстерине катышуучу алмаштыргыс май кислоталар. Эмне үчүн дефицитти (жетишсиздикти) толуктап туруу маанилүү — жана аны Wellnessтин жардамы менен кантип жасоого болот?

Wellnessтен Omega-3 комплекси - Friends of the Sea  сертификатын алган: чийки зат (сырье) балык уулоочулуктун коопсуз ыкмаларын колдонуу менен туруктуу булактардан алынган. Капсуласы да балыктын желатининен даярдалган (чочконун же буканын желатини колдонулбайт), ошондуктан комплекс вегетерианецтерге ылайыктуу келет. Комплекстин эки капсуласында алмаштыргыс май кислоталарынын эки түрү камтылган: 150 мг ЭПК (эйкопатенттелген кислотасы) жана 100 мг ДГК (докозагексаен кислотасы).

Омега-3 жана жүрөк

Омега-3 жетишсиздиги организмдеги көптөгөн бузулуулардын, жүрөк-кан тамыр ооруларынан жана рак оорусунан тартып диабетке чейин, таанып-билүүчүлүк жана көздүн көрүүсүнүн бузулушуна чейин өнүгүү тобокелдигин жогорулатат. Бирок май кислоталарынын организмдеги башкы ролу - жүрөктүн иштешин колдоо болуп саналат. ДГК жана ЭПК —  Омега-3 эң маанилүү типтери, так ошолор Wellnessтен Omega-3 комплексинин курамына кирет. Алар кан тамырларды колдошот, триглицериддердин жана кан басымдын деңгээлин төмөндөтөт, ЛПВП (жакшы холестериндин) деңгээлин жогорулатышы мүмкүн.

Омега-3 жана өз алдынча жөнгө салынуу

Май кислоталары клеткалык мембрананын курамына кирет жана организмдин клеткалык саламаттыгы үчүн чечүүчү мааниге ээ. Мындан тышкары, алар биздин дененин көптөгөн физиологиялык ролдорун ойной турган жана денедеги сезгенүү ооруларын азайта турган, эйкозаноид деп аталган сигналдык молекулаларды өндүрүү үчүн  биз ЭПКны колдонобуз.

Омега-3 жана көздүн көрүүсү

ДГК — бул көздүн торчосунун эң маанилүү түзүмдүк компоненти, ал анын дээрлик 70% түзөт. ДГКнын жогорку деңгээли көрүү анализаторунун иштешин жана көрүү органдарынын түзүлүшүн камсыз кылат. Мындан тышкары, балыктын майы контрасттык сезгичтикти жогорулатат, ал караңгы жарыкта жана туманда көрүү үчүн жооп берет, ошондой эле көздүн кургап калуусунан сактайт

 

 

Омега-3 жана мээ

ДГК бала кезден эле мээнин өнүгүшү жана иштеши, ошондой эле чоң кишилердин мээсинин иштеши үчүн да абдан маанилүү. Кийинчерээк карылык курагында ДГК деңгээлинин төмөндөшү мээнин иштешинин начарлашына жана Альцгеймер оорусунун башталышына жараша болот.

Жаңы маалыматтар, катуу депрессия учурунда сунуштала турган Омега-3 кошулмалары,чындыгында антидепрессанттардын өзүн колдонбостон эле анын белгилеринин азайтууга жөндөмдүү экенин да көрсөтүп турат.

Омега-3 жана сулуу тери

Сиз аларды контролдой албай турган, сиздин териңизге таасир эте турган факторлор бар - мисалы, генетика жана жаш курагыңыз. Жакшы жаңылык: калганынын баары сиздин өзүңүзгө жараша болот! Күндүн, косметиканын, тамак-аштын жана кошумчалардын таасири теринин абалына ого бетер таасирин тийгизет.

 

Омега-3 жетишсиздигин какнтип толуктоого болот?

ЭПК жана ДГК DHA май кислоталарынан көбүрөөк пайда алуу үчүн сиз тунец, лосось, скумбрия, сельдь жана сардиналар сыяктуу балыктардын майларын өзүңүздүн 2-3 жумалык рационуңузга кошсоңуз болот. Балыкты каалаган түрдө: бууга бышырылган, грилде бышырылган, туздалган, кактап бышырылган түрдө жесе болот.

 

Чарбалардан өндүрүлгөндү эмес, а жапайы балыкты тандаңыз - ал Омега-3 көбүрөөк камтыйт, ал эми атайылап өстүрүлгөн балыктарда бул көрсөткүч тоютка, шартка жана башкаларга жараша болот.

Wellnessтен Omega-3 комплекси туруктуу ыкма менен алынган, нак жапайы балыктардын өзүнөн өндүрүлөт.

Омега-3 бай башка продуктулар: рапс майы (скандинавия диетасынын фаворити), жаңгактар (айрыкча жаңгак) жана уруктар (айрыкча зыгыр жана чиа уруктары) кирет. Эгер сиз май кислоталарынын булактарын жетишсиз өлчөмдө жесеңиз, кошулмалардын жардамы менен Омега-3 жетиштүү өлчөмүн камсыздоого болот. Wellnessтен “Омега-3” комплексинин эки капсуласы күнүнө сизге ашыкча ингредиенттерсиз эле ушул маанилүү май кислоталарынын оптималдуу дозасын (150 мг ЭПК, 100 мг ДГК) берет.

Текст: