Териңе кам көрүүнү жакшыртуу үчүн 4 адат

Маселелерге жана дедлайндарга толгон дүйнөдө өзүңө кам көрүүгө убакыт бөлүү абдан кыйын. Биз териңе көбүрөөк көңүл буруп, ага кам көрүү үчүн сага жардам бере турган төрт кеңешти даярдап койдук.

Өзүңө кам көрүү эмне үчүн ушунчалык маанилүү?

Ар кайсы адамдардын күнүмдүк ритуалдары айрымаланышы мүмкүн, бирок өзүңө кам көрүү концепциясынын өзү өзгөрбөй, бардыгыбыз үчүн жалпы концепция болуп саналат: биз өзүбүздү жакшы сезүүнү каалагандыктан, өзүбүзгө кам көрөбүз. Өзүбүзгө кам көрүү – бул көптөгөн күнүмдүк милдеттерибиздин арасынан убакыт таап, ден-соолукту колдоп, ички грамонияны сезүү үчүн, аны оң учурлар менен толтурууга аракет жасоо мүмкүнчүлүгү. Акыркы жылда абдан өзгөргөн дүйнөдө териге кам көрүү камкордуктун синоними болуп калды. Жана эгер мурда бетке маска колдонуу сейрек учурда гана кездешкен көрүнүш болсо, бул дем алыш күндүк кам көрүү ритуалындагы милдеттүү пункт болуп саналат.

img-1.jpg

Сен кантип камкордукту көрсөтсөң болот?

Биз териге кам көрүү процесси менен чын дилибизден ырахаттанабыз жана сен дагы бул сезимдерди биз менен тең бөлүшүүңдү каалайбыз. Эриген текстуралардан баштап, өзүңө кам көрүүнү жаңы деңгээлге чыгарууга жардам бере турган сырларга чейин, - териңди кандай жакшы көрөрүңдү көрсөт!

1) Ашыкча нерседен арыл

Теринин тегиз эмес текстурасы, беттин күңүрт түсү, жаркыроонун жетишсиздиги – бул көйгөйлөрдүн бардыгын бир гана ыкма менен чечсе болот. Териңди жылмакай кылуу, өлгөн клеткалардан арылуу, пораларды тазалоо жана жаңылануу процессин тездетүү үчүн, аны жумасына эки жолу кабырчыктандыр. Бул жөнөкөй процедуранын дагы бир бонусу: ал ерини кийинки кам көрүүгө даярдап, активдүү компоненттерге тереңирээк кирип, натыйжалуу таасир берүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Бул максаттар үчүн терини жумшак жана натыйжалуу кабырчыктандыруу үчүн альфа- жана бета- гидрокислоталар (АНА жана ВНА) менен күчтөлгөн NovAge жаңылоочу пилингин колдонуп көр. Аны бетиңе жана мойнуңа 20 мүнөткө сүйкөп, чайкап, жаңыланган, жылмакай жана жаркыраган териң менен ырахаттан.

2) Мойнуңа жана деколье аймагына көңүл бур

Биз көп учурда моюндун жана декольте терисине кам көрүү жөнүндө унутуп калабыз, а бул аймактардын абалы чогулган чарчоо же жаш курактык өзгөрүүлөр жөнүндө белги бериши мүмкүн. Абалды NovAge крем-скульпторунун жардамы менен оңдоп, үй шарттарында наыйжага жетишсе болот. Бул каражат көпкө чейин компьютер менен иштөөдөн кийин булчуңарыңдын ооруусунан арылта албаса дагы, ал терини бекемдетип, тартып, картаюу белгилерин кыскартып, тери түсүн тегиздейт – клиникалык жактан далилденген.

img-2.jpg

3) Териңди кымбат баалуу майлар менен эркелет

Өзүбүзгө кам көрүү менен биз ичибизден жаркырап, сулуулуктун нурун чачып турабыз. NovAge бетке арналган калыбына келтирүүчү капсулаларыбул өзүңө көңүл буруп, кам көрүүнүн жөнөкөй, бирок жагымдуу ыкмасы.

Бул «сулуулук концентраты» өзүнө майлуу кислоталарга, липиддерге, антиоксиданттарга, витаминдерге жана минералдарга бай 6 табигый майды – кургак терини терең азыктандыруу, калыбына келирүү жана коргоо үчүн зарыл болгон бардык нерселерди камтыйт.

4) Уйку ыйык экенин унутпа

Уйку – бул организмдин өзүн-өзү айыктырып, күчүн калыбына келтирүүсүнүн табигый ыкмасы. Андан тышкар, ал тери менен керемет нерселерди жасайт. Бирок күн сайын өзүңө толук кандуу 8 сааттык уйкуну камсыздай албасаң эмне кылыш керек? Жардамга түнкү маска келет. Бул крем текстурасын сүйкөөнүн аркасы менен бир гана уйкуга даярданып, эс алуунун оңой ыкмасы эмес, эртең менен териң сергип, эс алгандай көрүнүүсү үчүн, аны терең азыктандыруу жана нымдандыруу.

Дал ошондуктан биз NovAge маскасын жакшы көрөбүз. Ал теринин нымдануу балансын калыбына келтирип, коргоочу барьерин бекемдеп, түн ичинде сага табигый жаңылануу процессинен болушунча көп пайда алууңа жардам берет. Жана мунун баары сен кыялдар өлкөсүндө эс алып жатканда болот!

Акыркы кеңеш

Эгер териге кам көрүү боюнча биздин кеңештерди же өз ритуалдарыңды сактай албасаң – эң башкысы, өзүңө чын жүрөктөн жана болушунча тез-тез кам көрүү! 


 
Текст: