Кездеме маскасы керемет жаратышына жардам берүү үчүн 7 ыкма

Кездеме маскасынын натыйжасын көрбөйсүң жана эмне үчүн андан баардыгы чексиз кубаныч алышаарын түшүнбөйсүң? Келгилечи, чечмелеп көрөлү! Сулуулуктун үйдөгү ритуалы үчүн биздин чек-баракчабыз менен бол жана чыныгы сыйкырлуулукту ал.

Аны пакеттен чыгар, бетиңде 15 минута кармап тур — тери 8 сааттык уйкудан кийинки же деңиз круизинен кийинки сыяктуу жаркырап чыгат. Кездеме маскасын анын жөнөкөйлүгү үчүн жана тез натыйжа бергени үчүн жакшы көрүшөт, алар жогорку концентрациядагы активдүү ингредиенттерге бай. Анча татаал эмес эрежелерди колдонсоң, алар сага толук 100 пайызга иштеп берет.  

1. Терини жакшылап тазала Ооба, бетиңе масканы коюп алып, сүйүктүү сериалыңды көрүү үчүн тезирээк диванга жатып алгың келе турганын биз билебиз. Макияжыңды алып салдыңбы? Шашпа! Сүйүктүү гелиң же көбүк менен жакшылап жуунуп,конняку спонжун же щеточканы колдон.Мындан да жакшысы — бул териңе скраб менен массаж жасоо же аны бууга кармоо. Теринин тешикчелерин (поры) өлгөн клеткалардан жана себумдан тазалоо маанилүү болуп саналат. Ошондо активдүү ингредиенттер тереңирээк сиңет.

2. Колдоруңду жууп тур Кездеме маскасы менен сашени ачаардан мурда — мүмкүн болсо бактерияга каршы самын менен колдоруңду жууп, анан аларды кургат. Сенин алакандарыңдагы микробдор беттин жана кездеме маскасынын катмарынын ортосунда жакшы нымдуу чөйрөдө, дээрлик жарым сааттай анда болгонун элестетсең! Маска аз дегенде алсыз бир натыйжаны берет — бирок кызыл бүртүкчөлөр чыгып кетиши, ал тургай, аллергия да болуп кетиши мүмкүн.

3. Масканы бетке толугу менен бөлүштүрүп жап
Кездеме маскасы жаактарыңа бырышып чогулуп калдыбы, ал эми ээктегиси таптакыр эле ажырап түшүп калдыбы? Чыдамдуу бол жана аларды түздөп текшиле: маска бүт бетти толугу менен жабышы керек, ал максималдуу түрдө бекем чапталышы керек.  Ушул себептен улам, бир жерде отурган жакшы, жана жатып алсаң андан да жакшы – эгерде, кездеме маскасы дайыма жылышып кетип турса, бетиңде ары бери жылып жүрсө же чыгып кетсе, анда анын пайдасы жок. Жөн гана тынчтанып эс ал: бул сенин релаксыңдын (эс алууңдун) мыйзамдуу мүнөттөрү. 

4. Убакытты белгилеп, байкап тур Маска бетиңдеги бойдон кургап калбашы керек — беттин терисинен бууланып жатып, айрым компоненттер кургактыкты жана кычышууларды алып келиши мүмкүн. Нускамада 15 мүнөт деп айтылды беле? Маска пакеттегидей сыяктуу эле нымдуу болсо да, аны чечип сал.

5. Андан кийин жуунба Кездеме маскасынын каныктырылган формуласынын фишкасы, аны сөзсүз түрдө териде калтыруу керек: так ушинтип сен анын курамындагы активдүү ингредиенттерден максималдуу натыйжа аласың. Эгерде, суюктуктун сиңиши көп убакытка созулса, же дискомфорт жаратса, ашыкчаларын салфетка менен сордуруп кой.

6.Маска менен эле чектелбе
Эгерде сен бүгүн маска жасайын деп чечсең, ал сенин териңе стандарттуу камкордук көрүүнүн бардык кадамдарын алмаштырат дегенди билдирбейт. Тазалануу жөнүндө биз мурда эле айтканбыз, тоник маскадан мурда сүйкөлөт, ал эми сыворотка — кийин жана өз каалооң боюнча сүйкөлөт. Ал эми бет үчүн кремдер жана көз айланасындагы тери үчүн сөзсүз керек! Аларды масканын суюктугу сиңип бүткөндөн кийин сүйкө  —  муну менен сен активдүү ингредиенттерди теринин ичинде сактап каласың.

7. Сезон жана теринин муктаждыктары боюнча алмаштыр
Биз сенин сүйүктүү маскаң терини жылмакай кылат, азыктандырып каныктырат, бекемдейт, жакшы  маанай тартуулайт жана жылдык отчетторду түзө турганына  ишенебиз. Бирок, жылдын мезгилине, климатка жана аялдардын циклинин фазасына жараша да теринин муктаждыктары өзгөрүп турат. Тандап алунун кереги жок: баарын ал жана теринин абалы боюнча алмаштыр. 

Эмнени колдонуп көрүү керек?
Биз ишеничтебиз: кездеме маскасы үчүн ылайыктуу учур дайыма жана бардык жерде! Өзгөчө эгер жаркыраган кутучада болсо, жана ширелүү жемиштин жыпар жыт даамы маанайды көтөрөт. Жумуш аптасы өзгөчө оор болдубу? Спа-девичник мезгили! Апельсин жана сулуу менен Love Nature жаңыртуучу маскасын жаса — ал чарчоо белгилерин азайтат, терини абдан нымдаштырат  жана териинин жаркыроосун  калыбына келтирет. Кыялдардын саякаттарына учтуңбу? Өзүн менен бирге антиоксиданттык маскасын ала жүр. Жүзүмдүн табигый нукура экстракттары агрессивдүү айлана-чөйрөдөн: күндөн, шамалдан, кумдан, кургактыктан терини коргоого жана калыбына келтирүүгө  жардам берет. Күнүмдүк жумуш күндөрүнүн тез ритмин токтоткуң келсе,  каалаганыңды колдон жана релакстын (эс алуунун) —мыйзамдуу 15-20 мүнөтүн ал  —  бул тери үчүн чыныгы бакыт!

Текст: Сүрөт: Oriflame