Чачыңа арналган жемиштүү смузи

Коюу жемиштүү жана мɵмɵлүү смузи – заманбап детокстун эң даамдуу варианттарынын бири. Чачка арналган смузичи? Табияттын мүмкүнчүлүктɵрү абдан кɵп эмеспи – жана жаңы Love Nature ɵнүмдɵрү үчүн биз аларды болушунча колдондук! Таанышып ал: Oriflame органикалык барынын жаңы даамдары.

Бул сүйүү

Love Nature бул сүйүүгө: сага болгон сүйүүгɵ жана биз жашаган планетага болгон сүйүүгɵ негизделген бренд. Биз бардыгын ойлондук: органикалык ингредиенттери бар табигый курамдарды, кайра иштетилүүчү таңгакты жана микропластикке каршы күрөшүүнү (бардык кабырчыктандыруучу бөлүкчөлөр толугу менен табигый) жана экологиялык таңгагын – банкалар жана бөтөлкөлөр дээрлик толугу менен кайра иштетилүүчү пластиктен жасалган.

Буга кошумча катары, курамдар 100% биоажыроочу, демек, алар айлана-чөйрөгө зыян келтирбейт. Жана, албетте, алардын бардыгы дерматолог тарабынан текшерилген, силикондорду жана парабендерди камтыбайт. Love Nature үчүн биз эң жаркыраган, эң ширелүү ингредиенттерди териге жана чачка максималдуу пайда алып келүү үчүн айкалыштырып колдонобуз.

Кайсы жаңы нерсени колдонуп кɵрсɵ болот?

Үч маска-смузи! Жана бир сонун скраб-шампунь. Азыр кененирээк айтып беребиз.

Маска-смузилердин концепциясы жɵнɵкɵй: нымдуу таза чачка сүйкɵп, 5 мүнɵт кармоо керек – сенин чачтарың күчтүүрɵɵк, бекемирээк болуп, оңой таралып, жаркырап, жагымдуу жыттанат.

Чачтардын муктаждыктарына жараша тɵмɵнкүлɵрдү колдонсоң болот:

Органикалык папайянын табигый экстракты кошулган чачка арналган калыптандыруучу маска-смузи – ал чачтын түзүмүн калыбына келтирип, алардын сынуусун жана учтарынын ачакей болуусун алдын алат.

Органикалык авокадонун табигый майы кошулган чачка арналган азыктандыруучу маска-смузи – витаминдер жана майлуу кислоталар чачтын узундугу боюнча ичинен терең нымдандырып, аларды кɵз кɵрүнɵɵ саламат кɵрсɵтɵт.

Органикалык банандын табигый экстракты кошулган чачка арналган бекемдɵɵчү маска-смузи – калийге, витаминдерге жана табигый майларга бай курамы чачтарды бекемдетип, алардын түшүүсүнүн алдын алат.

Аталыштары ɵздɵрү эле айтып тургандай, маска-смузилер чачтын бардык түрүнɵ ылайыктуу, андыктан ɵз каалооң боюнча тандап ал. Масканы кондиционердин ордуна жумасына 1-2 жолу колдонуп, үзгүлтүксүз кам кɵрүүгɵ кошуп алсаң болот.

Love Nature кɵмүр жана органикалык жалбыз кошулган чачка арналган скраб-шампуну – какачтан жана чачтын ашыкча майлуулугунан арылууну каалагандар үчүн абдан зарыл нерсе. табигый кɵмүр баштын дүүлүккɵн терисин гана тынчтандырып, тазалабастан, ал чачтарды идеалдуу таза кылуу үчүн, абдан терең кирет. Органикалык калемпир жалбызынын экстракты майды жана кирди жоготууга жардам берип, чачты сонун сергитет. Скраб-шампунду, маска-смузи сыяктуу эле, жумасына 1-2 жолу колдонсо болот. аны баштын терисине сүйкɵ. Баштын терисин укалап, каражатты кɵбүртүп, таза чайка.

«Менин чачтарым кургак, майлуу, жука жана боёлгон. Love Nature боюнча кам кɵрүү рецептин дароо алып алсам болобу?»

Болот!

Эгер чачың кургак болсо, буудай жана кокос кошулган кургак чачка арналган шампунь 41292 менен маска-смузилердин каалаганын (аларды кезектештирип колдонсо болот!) айкалыштырууну сунуштайбыз. Маска-смузи менен сен жумасына 2 жолу ошол эле сериянын кондиционерин алмаштырасың.

Эгер чачтарың сынма болсо, буудай жана кокос кошулган кургак чачка арналган шампунь 41292 менен органикалык банан кошулган чачка арналган бекемдɵɵчү маска-смузини айкалыштырып, аны менен кондиционерди жумасына 2 жолу алмаштыр.

Эгер чачың нормалдуу болсо, органикалык авокадо жана ромашка кошулган чачтын бардык түрүнɵ арналган 1де 2 шампунь-кам кɵрүүчүн маска-смузилердин ичинен каалаганың менен айкалыштырып колдон (кезектештирип колдонсоң, андан да жакшы болот). Бул учурда кондиционер талап кылынбайт, ал эми масканы жумасына 1 жолу колдонсо болот.

Эгер чачың майлуу болсо, мыкты вариантбул органикалык лимон жана жалбыз кошулган майлуу чачка арналган шампунду колдонуп, аны жумасына 1 жолу кɵмүр жана органикалык жалбыз кошулган чачка арналган скраб-шампунь менен алмаштыруу.

Какач кɵйгɵй жаратып жатабы? Чай дарагынын органикалык майы жана алоэ вера кошулган какачка каршы шампунун колдонуп, аны жумасына 2 жолу кɵмүр жана органикалык жалбыз кошулган чачка арналган скраб-шампунь менен алмаштыр. Жана маска-смузилер жɵнүндɵ унутпа, органикалык папайя кошулган калыптындаруучу маска-смузини жумасына 1 жолу колдонуп турсаң болот.

Чачыңа кам кɵрүүгɵ даярсыңбы? Анда жаңы ɵнүмдɵр кɵрсɵтүлгɵн баракчага кирип, ɵзүңɵ жакканын тандап, жайкы мезгилден ырахаттан!