Мен жай бою ѳзүмѳ кам кѳрѳм: Татьяна Рыбакованын лайфхактары

Oriflame-дин расмий wellness-эксперти ѳзгѳчѳ жайында ѳзүбүзгѳ кам кѳрүү тууралуу эмнени билүү маанилүү жана кайсы кошумчалар сулуулукту жана ден-соолукту сактоого жардам берээрин айтып берет.

 

Баарыбыз жайды, кубаныч менен табиятта жана күн нурларынын алдында ѳткѳрүүнү каалоо менен, жагымдуу жылуу күндѳрдү абдан күтѳбүз, бирок, биз бул учурга оксидативдик стресс жагынан да даяр болушубуз керек. Заманбап илим сулуулук жана жаштык бир гана сырткы кам кѳрүүгѳ кѳз каранды эмес – ал ичтен келээрин далилдеп койгон. 

Саламат уйку, тамактануу, орто физикалык активдүүлүк жана зыяндуу адаттардан баш тартуу ѳзүбүздү жакшы сезүүнүн негизи болуп бара жатат, бирок, ѳзгѳрүп турган дүйнѳнүн шарттарында жана анын ритми жана экологиясы менен бул кѳп учурда жетишсиз болуп калат. Эмнеге жана муну эмне кылыш керек? Алгач бир нече маанилүү терминдерди карап чыгалы. 


 

Оксидативдик стресс деген эмне?

Оксидативдик стресс — бул организмде эркин радикалдардын кѳп саны менен мүнѳздѳлгѳн абал. Бул тизмектүү реакцияны жаратып, клеткалардын бүтүндүгүн бузууга же аларды кыйратууга алып келет. 

Коркпо, бул табигый процесс, мисалы, ар бир үч мүнөттө кычкылдануу стрессинин таасири астында болжол менен миллиарддаган клеткалар өлөт.


 

Эркин радикалдар деген эмне?

Эркин радикалдар ден-соолугу чың денеде ар дайым пайда болуп турган агрессивдүү кычкылдандыруучу зат катары иштеген бир электрону жок молекулалар. Алар иммундук системанын маанилүү курамдык бөлүгү болуп саналат, анткени алардын милдети бактериялар менен мутациялык клеткаларды жеңүү

Айрыкча, көп өлчөмдө, алар жаман адаттар (тамеки тартуу, алкоголь), начар экология, ультрафиолет нурлары сыяктуу жагымсыз факторлордон улам пайда болот. Ошондой эле, Д витамининин жетишсиздиги жана семирүү, инсулинге резистенттүүлүк, экинчи типтеги кант диабети жана гормоналдык системанын иштѳѳсүнүн бузулушу сыяктуу ар кандай оорулар менен алардын организминдеги саны көбөйѳт.


 

Оксидативдик стресс эмнеге алып келет?

Узак убакытка чейин оксидативдик стресс абалында жүрүү, өнөкөт чарчоо синдромунун өнүгүшүнө коркунуч жаратат, мында адамдын алсыздыгы, уйкучулдугу, эмоциялардын тез ѳзгѳрүшү, өнөкөт оорулардын жана мээ дисфункциясынын коркунучу жогорулайт.


 

Организмге кантип жардам берсе болот?

Ден-соолуктун жогоруда келтирилген негизги принциптеринен тышкары, өзүнѳ-өзү кам кѳрүүнүӊ эң маанилүү эрежелеринин бири - бул антиоксиданттарды алуу жана дененин негизги коргоочу органы болгон териге ылайыктуу тышкы кам көрүүнү ѳзүнѳ камтыган комплекстүү ык - амал

Антиоксиданттар - эркин радикалдардын натыйжасында пайда болгон организм үчүн коркунучтуу болгон тизмектүү реакцияларына алып келбеген молекулалар. Алардын көпчүлүгүн сиз көптөн бери билесиз: цитрус жана кызыл калемпирден алынган С витамини, өсүмдүк майларынан жана жаңгактардан алынган Е витамини, сабиз жана петрушкадан алынган бета каротин, уй этинен жана сельдден алынган Q10 коферменти же кѳк чай жана мѳмѳ-жемиштерден алынган флавоноиддер.

Көпчүлүк адамдардын рационунда, азыктандыруучу баалуулугу тѳмѳндѳтүлгѳн, тазаланган жана кайра иштетилген азыктар өтө эле кѳп. Ошондой эле, биз жай мезгилин күндүн астында, балалык сүйүктүү адатыбыз болгон таттуу балмуздак жеп ѳткѳргѳндү жакшы кѳрѳбүз, бирок, бул азыр биздин иммундук системабызга коркунуч жаратат. Сиз ар дайым күндөн жашынып, балмуздак жебешиңиз керек деп айтпайм, бирок жай мезгилинде жашоо мүнөзүңүздө бир нече өзгөрүүлөрдү жасаш керек


 

1. Күндѳн коргонуӊуз

Күндүн кызуу маалында күнгѳ чыкпаӊыз, теринин сезимтал жерлерин коргоӊуз, күндѳн коргоочу каражаттарды колдонуп, шляпа кийиӊиз.

2. Тамактануу рационун кѳзѳмѳлдѳӊүз

Рациондо жашылча, чөп-чар жана мѳмѳ-жемиштердин санын көбөйтүңүз. Алардын курамындагы фитонутриенттер антиоксиданттык жана сезгенүүгө каршы касиетке ээ, алар эркин радикалдарды көзөмөлдөп, кычкылдандыруучу стресстен коргойт. Табагыӊызда кѳк желенин бардык түстөрү болсун, бул пайдалуу азыктардын эң көп түрдүүлүгүн билдирет. Ошондой эле, жаңгак, май жана балык түрүндөгү ден-соолукка пайдалуу майлардын булактарын барктаӊыз. Жер-Орто деңиздик диетанын стили жайкы режимге жакын жана ден-соолукка пайдалуу тамак сиңирүүнү жана жакшы маанайды сактоого мүмкүндүк берет.


 

3. Ички жана сырткы нымдандырууну кѳзѳмѳлдѳӊүз 

Жай айларында гидратация маселеси өзгөчө курч, сиз суусабашыӊыз керек, анткени бир аз суусоо да дененин суусуз калгандыгын көрсөтүп турат. Ошондой эле жай мезгилинде териге өзгөчө көңүл бурулат - мен көп баскычтуу кам кѳрүүнүн бир бѳлүгү катары NovAge нымдандыруучу эссенциясын кошом, бул форма Азия өлкөлөрүнүн аркасы менен дүйнөлүк сулуулук индустриясында көптөн бери таанылып келе жатат. Кѳп активдүү деңиз пребиотиги кошулган эссенция теринин микрофлорасын чыӊдайт, нымдап, тешикчелердин ичкеришине өбөлгө түзөт. Терини калыбына келтирип, эпидермисти чыңдап, беттин өңүн жакшыртат жана аны саламат кѳрсѳтѳт.

Туура гидратация - бул теринин жаштыгынын жана саламаттыгынын шарты. Тери жакшы нымдалгандан кийин, анын коргоочу функциялары көбөйүп, ал айлана-чөйрөнүн зыяндуу таасирин жеңип, жаш жана кооз көрүнөт. Кайсы болбосун каражаттын милдети нымдуулукту сактоо гана эмес, ошондой эле аны териге иштетүү. Курамдагы активдүү ингредиенттер нымды өзүнө тартып, тери клеткаларына өткөрүп берет. Ошондой эле алар эпидермистин коргоочу барьерин күчөткөн гидрофилдик пленканы түзүшөт.


 

4. Антиоксиданттарды кошумча ичиӊиз

Денебиздин антиоксиданттык коргонуусу ар дайым оксидативдик стресстен арыла албайт, андыктан сизге «Астаксантин жана кара моюл экстракты» капсулалары пайдалуу болот - алардын курамында табигый каротиноид астаксантин бар, ал башка антиоксиданттардан айырмалануучу, бүт клетканы каптап, ага ичинен коргоону камсыз кылуучу уникалдуу структурага ээ. Ѳнүмдүн пайдалуу касиеттерин жогорулатуу үчүн, анын курамында Швециянын токойлорунан келген кара моюл, ошондой эле С жана Е витаминдери бар. Бул айкалышуу организмдин антиоксиданттык касиеттерин жогорулатып, анын клеткаларын бузуучу кычкылдандыруучу стресстен коргойт.

5. Тынчтаныӊыз

Психологиялык абал оксидативдик стресстин деңгээлине түздөн-түз таасир этет жана биздин жашообуз, кээде бизди катардан чыгаруучу, ар кандай окуяларга толуп тураарын белгилебей кое албайбыз. Бул жерде дем алуу, медитация, таза абада сейилдөө жана жакындарыңыз менен убакыт өткөрүү сунуштасам болот. Эч нерсеге карабастан кичинекей нерселерге кубанууга себеп издеңиз.