Келечек келди. Ичиле турган териге кам көрүү!

Дүйнөлүк шоу-бизнес жылдыздары «сулуулук суусундуктары» тууралуу сырдуу айтып жатышат, окумуштуулар инновациялык формулаларды иштеп чыгып жатышат, биз болсо териге кам көрүүдөгү башкы тренддин тез өнүгүүсүн көзѳмөлдөп турабыз. Сулуулук ичтен башталат — келечектин жаркыраган терисинин формуласы мына ушундай. Жана ал Wellness жаӊылыгы менен бирге келди!

Илгертен бери эле саатты артка бурган "жаштыктын эликсири" жөнүндө көптөгөн мифтер жана уламыштар бизге келип жетти. Учурдагы окумуштуулар алхимиктер тырышып жаткан ийгиликке жетишти. Бул далилденди: теринин абалына комплекстүү таасир берүү мүмкүн жана ал тургай зарыл. Кээ бир ингредиенттерди косметикалык каражаттардын курамына колдонууга караганда, ичүүдѳ бир кыйла тезирээк жана натыйжалуу болот. Мисалы, керамиддер, анын негизинде Ceramosides™ жана кызгылт кошулган «Аква Глоу» суусундугу жаралган.

Дароо азыр!

Сиз каалаган NovAge комплекстүү кам көрүүсүн сатып алсаӊыз - Ceramosides™ жана кызылгат кошулган «Аква Глоу» суусундугун атайын баа менен алсаӊыз болот. Шилтемени басып, акциянын шарттарын бил

Терибиз үч катмардан турат. Алардын эң үстүӊкүсү болгон эпидермис табигый тоскоолдук функциясына ээ: ал калган катмарларды бузулуудан, бактериялардын жана зыяндуу заттардын кирип кетишинен сактайт. Эпидермистин (алакан менен тамандан башкабул жерде беш катмар) дененин бардык бөлүктөрүндө төрт катмары бар. Жаңы клеткалар төмөнкү, негизги катмарда пайда болушат жана өмүр бою акырындык менен жогорулашат. Алар өлгөндө эпидермистин жогорку катмарын түзүшөт. Жогорку катмардын клеткалары эпидермалдык липиддердин "цементине" жабышышат, ал эми керамиддер - бул цементтин маанилүү бөлүгү

Адам терисинин курамында тогуз түрдөгү керамиддер бар, алар үч негизги милдетти аткарат: транспидермалык суу жоготууну азайтат (теринин үстүнөн нымдын ашыкча бууланышы), токсиндерден жана бактериялардан коргойт жана жогорку катмардын клеткаларын байлап, оптималдуу калыбына келтирүү ылдамдыгын камсыз кылат

Карылык процесстери жана айлана-чөйрөнүн таасири - суук, ысык, кургак аба - жогорку катмардын курамынын өзгөрүшүнө алып келет. Керамиддердин жоголушу, сезгичтикти, түлѳѳнү, кургактыкты жана бырышты пайда кылат. Эпидермисти чыңдоо үчүн, керамиддердин оптималдуу көлөмүн ар дайым кармап туруу керек, жана ошентип теринин зарыл болгон нымдуулук деӊгээлин камсыз кылуу керек

 

 

Керамиддер илгертен бери териге кам көрүүнүн курамдык бөлүгү катары белгилүү, бирок заманбап изилдөөлөр көрсөткөндөй, алар ичинен таасир берүү менен коргоочу тоскоолдуктарды рекорддук мезгилде калыбына келтирип турат.

Ceramosides™ жана кызылгат кошулган «Аква Глоу» суусундугу буудай фитокерамиддерин ѳзүнѳ камтыйт. «Фито» приставкасы ингредиент ѳсүмдүктѳн алынгандыгын билдирет. Клиникалык изилдѳѳлѳр буларды кѳрсѳттү: кошумчанын курамындагы Сeramosides™ колдонуунун 15-күнүнѳн кийин эле теринин нымдануусун жакшыртат жана бырыштардын санын азайтат

«Аква Глоу» уникалдуу карамындагы керамиддер ингредиенттердин бүтүн бир комплекси менен күчтѳлгѳн. Швеция супер-мѳмѳсү болгон кызылгат антиоксиданттарга бай, алар ѳз учурунда терини эрте картаюуга алып келүүчү эркин радикалдардын таасиринен коргойт. В3 Витамини клетка аралык алмашууга ѳбѳлгѳ түзүп, чоюдчаактыкты жогорулатат. С Витамини 25 жаштан кийин акырындык менен бузула баштаган, теринин курамындагы структуралык протеин болгон, коллагендин синтезин колдойт.
«Аква Глоу» суусундугун дайыма же, кандайдыр бир маанилүү ишчарага даярданууда, курс менен ичүүгѳ болот. Бул бүт дененин терисинин абалын жакшыртууга жардам берүүчү, сенин 
NovAge кам кѳрүүӊѳ болгон маанилүү толуктоо. Кошумчаны ичүүнүн жардамы менен териӊди ичинен колдосоӊ болот, бирок, сүйүктүү каражаттарыӊдын топтому менен териге кам кѳрүүнү унутпа: бир гана комплекстүү ык-амал таасир калтыруучу натыйжага жетишүүгѳ жардам берет.

Текст: Сүрөт: Oriflame