Татьяна Рыбакова Oriflameдин расмий Wellness-эксперти болуп калды

Эксперт жана ЗОЖ, арыктоо жана психология тууралуу билим берүү долбоорлорунун автору, телекөрсөтүүнүн алып баруучусу, блогер жана дүйнө жүзү боюнча мастер-класстардын алып баруучусу — Татьяна Рыбакованы Oriflame командасына тосуп ал!

Танянын @TANYA_RYBAKOVA  инстаграмында  257 000 ашык жазылуучулары бар: бүткүл дүйнө жүзү боюнча  миңдеген элдер туура тамактануу, машыгуулар жана ЗОЖ тууралуу анын кеңештерин кызыгып угушат. Сен да ага кошул: эми Таняны Oriflameдин сайтынан да окууга болот!

 

Таня Рыбакова деген ким? Биздин окурмандар сен тууралуу биринчи кезекте эмнелерди билиши керек?
Көбүнчө мени туура жашоо образы боюнча эксперт, блогер жана 55 кг арыктаган кыз катары тааныштырышат, анткени менин карьерамдын медиа мейкиндигинде калыптанышы бул менин өмүр баянымдын так ушул фактысына байланыштуу болгон.

Мурдагы ден соолугумдун олуттуу көйгөйлөрү азыркы учурда жаңы билимдерге жана күчкө айланды. Алардын чечими жана ден-соолук жана психология жаатындагы туруктуу окутуу-машыктыруулары мага селфмэйд жана бизнесвумен болууга мүмкүнчүлүк берди - алган билимдерим менин долбоорлорумдун, билим берүү боюнча курстарымдын, видео блогумдун, интервью, онлайн жана оффлайн-семинарларымдын негизи болуп калды.

Ал эми, эң негизгиси, мен адамдык мамилелерди баалайм, саякаттоону, китеп окууну, илимди изилдөөнү, музыка угууну, жакындарым менен убакыт өткөрүүнү абдан жакшы көрөм. Менин чексиз өнүгүүгө болгон кызыгуум жана АКШдагы жашоом мени IT тармагында иштөөгө алып келди: ал жерден мен туура жашоо образы үчүн американын колдонмосу үчүн контенттик стратегияны түзөм.

Сенин арыктооң үчүн канча жыл кетти? Аларды сен азыркыга чейин кардарлардан байкап келе жаткан алардын туура эмес кадамдары тууралуу, аларды ийгиликке алып келген стратегиялар тууралуу айтып берчи.
Арыктоо 3,5 жылга жакын убакытты алды, анткени бул процесске максаттуу багыт коюлган эмес – билимим жетишкен эмес жана так планым да жок болчу. Мен ачкачылыктан, натыйжасыз диеталардан жана досторумдун кеңештеринен баштагам. Сымбаттуу келбетке, ал эми, эң негизгиси, ден-соолугумду чыңдоого карай жолдо менин көптөгөн чечимдерим мени басаңдатты. Бир орунда туруп калуу жана зат алмашуу процесстери бузулган мезгилдер болгон.

Алар бир системанын артынан экинчи системанын бузулушуна алып келе тургандай кылып, биз организмди туура эмес тамактар жана стресстер менен ашыкча толтурганга чейин биздин организм калыптанган механизм сыяктуу иштейт.

Ошондой эле өзүндүн оозуңду жаап салууга же бир диетанын артынан экинчисин тестирлөөгө да болбойт - бул организмди алсыздандырып, чарчатат. Ресурстун да чеги бар.

Ийгиликке жетүү үчүн ден-соолукка пайдалуу тамак-ашты, организмди чыңдоо жана эс алуу үчүн сабаттуу кадамдалган планды түзүп алган маанилүү - бул организмди иштетүүгө карата жүк берүү сыяктуу эле, ал да абдан керек. Негизги биздин катабыз – туура режимди  — бул убактылуу чара деп ойлоо.  Чындыгында, жашоо стилиңди өзгөртүшүң керек. Баардыгы мотивациядан, ички аң-сезимдердин, ишеним менен иштөө системасын түзүүдөн башталат.

Ден-соолугуңду чыңдагың келсе, эмнеден башташың керек? Спорт залга барууга мүмкүнчүлүгү жок болсо, жана ал тургай суперфуддар бар болсо да, алар ар бир адамга жеткиликтүү болгон кандай кадамдар бар?

Маанилүү биринчи кадам – бул жашоо образыңды нормалдаштыруу. Биз ар дайым өзүбүз тандоо жасайбыз: ден-соолукка пайдалуу же зыяндуу тамакты жегенди, жөө басууну же машина менен барууну, бош болгон 20 минутабызды телекөрсөтүү көрүүнү же үйдөн чакан машыгуу өткөрүүнү, убагында уктоону же ал уйкунун сапатына таасирин тийгизе турган, көгүлтүр экрандын алдында социалдык тармактарды үзүлтүксүз көрүүнү тандап алабыз.

Маселе суперфуддарда жана кымбат баалуу фитнес-клубдарда эмес, маселе силердин ар бир күндү кандай жашап өткөрө турганыңарда.

Дени сак адам — бул кандай адам? Жана организмге жардам керектигин кандай белгилери боюнча түшүнүүгө болот?
Менин оюмча, ден-соолуктун маанилүү көрсөткүчү - бул ички абал, башкача айтканда, эртең менен өзүндүн максаттарыңа карай жакшы маанайда жана жылмаюу менен барууга ал жардам бере турган энерия, кубаттуулук.


Өнөкөт болуп калган чарчоо, күзгүдөн караганда муңайымдуу көздөр  — ушулар, аны калыбына келтирүү керек болгон дисбаланстын биринчи белгилери.

Дүйнө өтө тездик менен өзгөрүп жатат, анын өнүгүү темпи да басаңдаган жери жок, экономикадагы өзгөрүүлөр жана гаджеттердин пайда болушу жашоонун жүрүшүн таптакыр,  түбөлүккө өзгөрттү, ал эми эволюция жолу менен биздин денебиз дагы эле эски көндүмдөр боюнча жашап келет - ошондуктан, биз өзүбүзгө сабаттуу түрдө кам көрүшүбүз керек.

Күндө болуучу стресстерге карабастан ден соолукту жана энергияны сактоо үчүн өзүңдүн организмге кантип  жардам берүү жана колдоо көрсөтүү керек? 
Биринчи кезекте, ден-соолугуңузду текшертип, сизге кандай витаминдер жана минералдар жетишпей жаткандыгын билип алыңыз. Мисалы, статистика боюнча көпчүлүк адамдарда D витамини жана ден-соолукка пайдалуу майлар жетишсиз экендиги аныкталган, аны
Oriflameдин Wellness продуктуларынын жардамы менен оңой эле оңдоого болот. 

Ошондой эле жашоо образды: силер жетиштүү түрдө уктайсыңарбы, эмне жейсиңер жана канча өлчөмдө жейсиңер, физикалык кыймылга жана эс алууга убакытыңар барбы – мына ушуларды талдап чыгуу керек. Менталдык саламаттыкка өзгөчө көңүл буруу керек, анткени инстаграмдагы идеалдуу образдар, жашоо стресстери жана оорулар менен болгон жаңы дүйнө анын сапатына түздөн-түз таасирин тийгизет. Өзүңдүн акылыңды тынчтандыруу үчүн - кимдир бирөө психотерапевтке бара баштайт, кимдир бирөө дем алуу практикаларын жана медитацияларды жасап баштайт  - сага кайсынысы жардам берсе, так ошону изде.

Сенин туура жашоо образыңдын жеке философиясы кандай?  
Ичиңден да жана тышыңдан да комплекстүү өтмөк жол.

Бизге бардыгы: тамактан, суудан жана активдүүлүктөн тартып элдерге жана биз ала турган маалыматтарга чейин бизге таасирин тийгизе турганын унуткарууга болбойт.

Анализ жана гигиена бардык жерде керек. Эгерде, сулуулук жана ден-соолук жөнүндө сөз кыла турган болсок - бир гана крем жана декоративдүү косметика жетишсиздик кылат, пайда болгон көйгөйлөрдүн себептерин табуу керек, туура тамактануу жана кошулмаларды кабыл алуу менен өзүңүзгө жардам беришиңиз керек.

Oriflame компаниясы менен кызматташуу сен үчүн эмнени билдирет? 
Мен эксперт катары компания менен көптөн бери кызматташып келем, анткени мен сулуулукка жана өзүмө камкордук көрүү тууралуу системалуу мамиленин философиясына кошулам. Ошондой эле, мындан эки жыл мурда, мен компаниянын негиздөөчүлөрүнүн чыгып сүйлөгөн сөздөрүн жеке өзүм катышып угуп, брендге ушунчалык көп күч жумшалгандыгын сездим.

Туруктуу өнүгүү, илимий изилдөөлөр жана продукциянын өндүрүшүндөгү акыркы тенденцияларды колдонуу - ушундай негизделген мамиле Wellness линиясынын продуктуларына  чоң ишенимди жаратат. Биздин өлкөдө туура жашоо образынын популярдуулугу өсүп гана жатат, ошондуктан мен компания менен бирге ушул процесстин катышуучусу болуп калганыма абдан кубанычтамын.