Стресске каршы: медитация боюнча гид колдонмо

Бир караганда, медитация кызыксыз болуп көрүнүшү мүмкүн. Бирок, эгерде бардыгы туура жасалган болсо, ал болгону он мүнөттүн ичинде стресстен арылууга жардам берет. Аракет кылып көрөсүңбү?

Эгерде, сен мурда эч качан медитация жасап көрбөсөң, анда биздин кеңештерге кулак сал. Алгач, сен ал жерде ыңгайлуу отура ала тургандай, тынч жана бейпил жай таап алуу керек. Мисалы, кресло, диван же пол. Керек болсо, аркаңа жуурканды же жаздыкты коюп ал. Медитацияны үйдө жасоону сунуш кылсак да, сен аны каалаган жерден жасай аласың. Сага негизги керектүү нерсе - бул сени ал жерде эч нерсе тынчсыздандырбай турган мейкиндик болушу керек.

1. Сага ылайыктуу болгондой отур, алакандарыңды өйдө каратып, колдоруңду тизелериңе кой. Көзүңөрдү жумуп, дем алууңа көңүлүңдү бур, эч нерсе жөнүндө ойлобогонго аракет кыл. Бул дароо эле туура жасалып кетпесе, эч нерсе эмес, бул ченемдүү эле. Жөн гана сен болуп жаткан нерсеге көңүлүңдү бур, көңүлүңдүн фокусун дем алууга котор. Мурдуңдан дем алууга аракет жаса.
2.Төрт-беш жолу толук дем алууну жана дем чыгарууну жаса. Өпкөлөрүң абага толгондо, сезимдериңе байкоо жүргүз.
3. Кийинки терең дем алуу учурунда согончоктун булчуңдарын максималдуу түрдө чыңалт, ал эми демиңди чыгарганда булчуңдарды бошот. Эки жолу кайтала.
4. Продолжай напрягать и расслаблять мышцы всего тела, двигаясь вверх от стоп к икрам, коленям, бедрам и ягодицам, животу, груди и спине, плечам, рукам, кистям, шее, лицу и макушке головы. Повтори два раза на каждую часть тела, затем расслабь все мышцы и дыши спокойно.Буттун согончокторунан тартып жогору көздөй булчуңдарга, тизелерге, сандын булчуңдарына жана жамбашка, ичиңе, көкүрөккө жана аркага, ийиндерге, колдорго, моюнга, бетке жана баштын төбөсүнө чейин бүткүл денеңиздин булчуңдарын чыңалтуну жана бошотууну улант. Дененин ар бир бөлүгү менен эки жолудан кайтала, андан кийин бардык булчуңдарды бошот жана тынчтанып, дем ал.
5. Көңүлүңдү бүт денеңе бур жана ичиңдеги бейпилдиктен ыракат ал. Ушундай сезимдер менен бир аз убакытка кармалып тур, андан кийин акырындык менен көзүңдү ач. Маанайыңдын кандайча өзгөргөнүн сезип жатасыңбы? Эми сен мындан да көптү жасай аласың жана өзүңдү жакшыраак сезе аласың. Алга!

Текст: Сүрөт: Getty Images