Картаюунун биринчи белгилери: аныктоо жана алдын алуу!

Картаюунун биринчи белгилери болгон суусуздануу, беттин күңүрт түсү жана шишик менен күрөшүү жөнүндө айтып беребиз. Жаш өткөн сайын биздин терибиз өзгөрөт, демек, анын керектөөлөрү да өзгөрөт. Ошондуктан кам көрүү үчүн туура каражаттарды тандоо маанилүү – ошондо сен картаюунун биринчи белгилери менен эффективдүү күрөшүп, алардын пайда болуусунун алдын алсаң болот.

КАРТАЮУ БЕЛГИСИ: СУУСУЗДАНУУ 
Чечим:
жыныстык жактан жетилүү мезгили келген учурдан тарта аялдардын организми теринин кургоосуна алып келген прогестерон гормонун иштеп чыга баштайт. Ошондйктан жаш кезден баштап нымандырууга көңүл буруу керек – бул картаюунун биринчи белгилерин алдын алуунун мыкты ыкмасы. Аминокислоталар, антиоксиданттар, минералдар жана витаминдер кошулган нымдандыруучу күндүзгү кремдер бул белгилер менен күрөшөт. Мисалы, сыворотканын үстүнө сүйкөлгөн, курамында өсүмдүктөрдүн сөңгөк клеткалары бар, True Perfection күндүзгү креми беттин терисин сергитип, жаркыратууга жардам берет.

КАРТАЮУ БЕЛГИСИ: КӨЗДҮН АСТЫНДАГЫ ШИШИК

Чечим: Эгер сен түнү бою көңүл ачууну, туздуу тамак жегенди жакшы көрсөң жана сууну аз ичсең, сен мезгилдин эң модалуу аксессуары болгон көздүн астындагы шишиктерге ээ болушуң мүмкүн. Алардан арылууга сага курамында кофеин камтылган көздүн айланасындагы териге арналган крем жардам берет – алтерини тартуучу эффект жаратат. Андан тышкары, мындай крем шишик биринчи пайда боло турган көздүн астындагы назик терини коргойт. Ал эми каражатты муздаткычта сактасаң, муздак аппликатор менен укалоонун эсебинен анын эффекти күчөйт.




КАРТАЮУ БЕЛГИСИ: ТЕРИНИН ТЕГИЗ ЭМЕС ТҮСҮ
Чечим:
Териңдин түсү тегиз болбой, пораларың көрүнүп, бетиң күңүрт болуп калдыбы? Бул стресстин жана уйкунун жетишсиздигинен улам иштелип чыккан гормон – кортизолдун таасиринин натыйжасы. Ошондой эле ал териде ар кандай сезгенүүлөрдүн, кемчиликтердин пайда болушуна алып келип, организмдин калыбына келтирүүчү жөндөмүн басаңдатуусу мүмкүн. Дал ошондуктан, эгер аз уктасаң, өз жашыңан улуу көрүнөсүң. Сулуулуктун алтын эрежеси: ар бир түнү сегиз саат уктоо!

Эгер гиперпигментация гормоналдык өзгөрүүлөр же күн нурларынын терс таасиринен улам пайда болсо, сага курамында гидрохинон же С витамини бар өнүм жардам берет. Жана албетте, ар дайым
SPF кошулган каражаттарды колдон


КАРТАЮУ БЕЛГИСИ: КҮҢҮРТ ТЕРИ 
Чечим:
Кабырчыктандыруу боюнча процедураларды жасоого убакыт келди! Терини тазалоого арналган аппарат (мисалы, SkinPro) теринин үстүнөн өлгөн клеткаларды тазалайт, ал эми гликоль кислотасын камтыган каражаттар (мисалы, True Perfection) түнкү креми) тери клеткаларындагы калыбына келтирүүчү процесстерди өбөлгөлөйт, ал эми сүт жана салицил кислоталары кемчиликтерден арылууга жардам берет.

Антиоксианттар ашыкча көп болбойт! Аларды жетиштүү санда камсыздоо үчүн сыворотка жардам берет. Персия жибек акациясынын экстракты табигый сезгенүүгө каршы каражат болуп саналып, териңди жаңылап, карылыкка каршы күрөшүп, клетка деңгэлинде таасир берет. теринин мыктылыгы үчүн дароо таасир берүүчү сывороткасы клиникалык текшерүүлөрдөн өткөн жана алардын жүрүшүндө теринин жаркыроосу 95%га чейин жогорулагандыгы далилделген!


КАРТАЮУ БЕЛГИСИ: БЫРЫШТАР
Чечим:
Мүмкүн сен көп шекер жегендирсиң? Текшерип көр: максималдуу доза күнүнө алты чай кашык болуш керек. Шекер сезгенүүгө алып келет, колаген менен эластиндин иштелип чыгышын кыскартат, ал эми бул, өз кезегинде, бырыштардын пайда болушуна алып келет. Териге туура кам көрүү сыяктуу эле, туура диета да зарыл!

Күчтүү антиоксидант
 астаксантин коллагендин иштелип чыгышына өбөлгө түзүп, бырыштарды кыскартып, терини нымдандырып, сенин жаш көрүнүүңө жардам берет. Астаксантинди диетаңа кошууга себеп жетиштүү болсо керек, туурабы?


Текст: Сүрөт: Shutterstock