Мени ук: 3 парфюмдук лайфхак

Жыпар жытты кантип тандоо керек, кайсыл жерге колдонуу керек экендигинин, жана анын туруктуулугун эмне сактаарынын сырын айтып беребиз.

1. МЕНИ ТАНДА
Дүкөндөгү жыпар жыттарды жыттап көрүү үчүн алар себилүүчү кагаздар, блоттерлер эсиӊдеби? Алардын пайдасы жок. Себеби, жыпар жыттардын кагазда ачылышы менен териде ачылышы ар башкача болот. Чыныгы жыпар жытты сезүү үчүн аны кырк муундукка жана манжалардын учуна сеп. Эмнеге дал ушул жерлерге себүү керек? Бул кан тамырлары эӊ жакын жайгашкан пульс чекиттери, кырк муундуктун жана манжа учтарынын температурасы, дененин башка бөлүкчөлөрүнө салыштырмалуу, бир аз жогору болот.

2.  КӨБҮРӨӨК УБАКЫТКА КАЛ
Парфюм — сезимтал жигит. Курамындагы жыпар жыттуу, эфир майларынын жана спирттердин молекулалары оӊой бузулушу мүмкүн, жана анын аркасы менен жыпар жыт жок болуп кетет. Атырлардын жана атыр сууларынын флакондорун сөзсүз түрдө күн нурунан, жылуулуктан жана нымдуулуктан алыс, караӊгы, салкын жайда сакта.

Парфюмдун туруктуулугун эмне узартат? Биринчиден, терини туура нымдандыруу, ошондуктан ванна же душтан кийин отдушкасыз кремдерди же лосьондорду колдон. Экинчиден, жыпар жытты пульс чекиттерине сеп: кырк муундукка, кулактын артына, моюндун арткы бөлүгүнө, чыканактын ички жагында, тизенин арткы жагына. Андан кийин кийинээрден мурда 3 мүнөт күтө тур. Температура жогорулаганда, жыпар жыттын ачыктыгы күчөйт. Ошондой эле жыпар жытты таракка сепсеӊ болот, бул учурда, формулада камылган спирт чачты кургатпайт.

Эӊ башкысы: парфюмду териӊе жана колдоруӊду бири-бирине сүртпө! Мындай кылганда жыпар жыт бузулат. Ал териӊе толук сиӊип, өз алдынча кургашы керек.

3. БААРЫН ТУУРА ЖАСА
Жыпар жытты кийимге себүү — эски заманда калган нерсе.  Мындай кылсаӊ өзүӊдүн жакшы көргөн блузкаӊа, көйнөгүӊө так калтырып, же аларды такыр эле бузуп аласыӊ. Анан да, жыпар жыт теридегидей эмес, башкача жыт берип калат, анткени теринин температурасы күн бою өзгөрүп турат эмеспи.  Биз парфюмду же атыр сууну бир гана териге колдонууну сунуштайбыз, ал эми сенин сүйүктүү жыпар жытыӊ күн бою сени менен болуусун кааласаӊ, аны тез-тез жаӊыртып, биздин эрежелерди сакта!

Текст: Сүрөт: Oriflame