Love Nature сериясы дүйнөлүк океанын кантип сактай алат?

Орифлэйм үчүн туруктуу өнүгүү бул дайыма маанилүү болуп келген. Табияттан шыктанууну издөө жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоо - бул биздин философиянын негизгипринциби. Туруктуу өнүгүү маселелери боюнча кеңешчи Наташа Уильямс О’Ханлон Love Nature жаңыртылган сериясынын мисалында ал тууралуу айтып берет.

1. БИО АЖЫРАЙ ТУРГАНДАР
Жаңыртылган серия Love Nature — планетанын суу ресурстарына урмат айтуу боюнча биздин ыкмабыз. Айлана-чөйрөгө тие турган таасирди төмөндөтүү үчүн биз бардык жуула турган продуктуларды био ажырай турган серияда жасоону чечтик. Бул алар табигый түрдө ажырап, чирийт жана суу чөйрөсүнө зыян келтирбейт дегенди билдирет. 

2. КАКАЧТАРДЫ КЕТИРҮҮЧҮ БӨЛҮКЧӨЛӨРҮ МЕНЕН ТАБИГЫЙ ӨНДҮРҮМДӨР
Love Nature эксфолианттар сериясы үчүн биз какачтарды кетирүүчү бөлүкчөлөрү менен табигый өндүрүмдөрдү гана колдонобуз— кремний оксидин, кулпунайдын уругун жана миндалдын кабыгын (скорлупа). Алар өсүмдүктүн негизинде болушат жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбестен, табигый түрдө ажырайт.

3. СИЛИКОНДУ КАМТЫБАЙТ
Силикон чачтарга жылмакайлык бериши мүмкүн экендигине карабастан ал синтетикалык жасалма мүнөзгө ээ жана ал ажыроо учурунда айлана-чөйрөгө зыян келтирет. Анан калса, убакыт өткөн сайын силикон организмде топтолот жана адамдын тамак-аш кирүүчү бөлүктөрүнүн баарын потенциалдуу түрдө бузат. Ошондуктан, биз чачка камкордук көрүү боюнча Love Nature продуктуларында силиконду колдонбоону чечтик.

Текст: Сүрөт: Getty Images