Чачтар үчүн нукура табигый ингредиенттер

Кайсы нукура табигый ингредиенттер так сенин чачтарыңдын, жаратылыштан — сак-саламат жана сулуу кооздукта болуусуна жардам бере турганын билип ал!

Базалык камкордук көрүү

Жылмакай, жакшы жасала турган жана ачаланбаган чачтар бир нече күндө бир жолу жуушту талап кылат мындай чачтар сени кубандырат жана алардын сулуулугун сактагың да келет. Анын курамынан витаминдерге, пайдалуу кислоталарга (мисалы, никотин кислотасы) жана минералдарга бай келген универсалдуу компонент катары ромашканын экстрактын изде: ал чачтардын да, баштын терисинин да саламаттыгын чыңдайт. Дагы бир сонун мыкты досуң — авокадо, майлуу кислоталардын эң кубаттуу булагы. Авокадонун майындагы же экстрактындагы B жана E витаминдери баштын терисин азыктандырат, чачтардын өсүшүн тездетет жана анын түзүмүн калыбына келтирет.

Биздин тандоо: Чачтардын бардык типтери үчүн 1 дө 2өө камкордук көрүүчү-шампунь «Авокадо жана ромашка«Авокадо» азыктандыруучу маска-смузи,

Кургак чачтар

Чачтардын сынышы жана ачаланышыкургак чачтардын башкы душмандары, бирок азыктандыруучу ингредиенттери менен жумшак каражаттар чачтардын узундугун сактап калууга жардам берет. Кокос майы олеин кислотасын камтыйт, ал липиддик алмашууну күчөтөт жана чачтарды жылтылдатып коет, жана баштын терисинин pH нормалдаштыруу үчүн каприл кислотасы да камтылган. Буудайдын протеиндери чачтарды бекемдөө жана калыбына келтирүү менен  чачтын түзүмүнө терең кире турган коргоочу пептиддерди камтыйт, ал эми банандын  экстракты чачтардын нымдуулугун толуктайт жана анын ичинде кармалып турушуна жардам берет.  

Биздин тандоо: кургак чачтар үчүн «Буудай жана кокос» Love Nature каражаттары, кургак чачтар үчүн «Банан» нымдаштыруучу маска-смузиси.


Баштын майлуу териси

Ысык душ тууралуу унут, баштын терисине массаж жаса жана аны агрессивдүү каражаттар менен кургатпа, болбосо май бездеринин (сальных желез) активдүүлүгү жогорулоодо гана болот. Косметика компоненттеринин арасынан жемиш кислоталарынын булактарын изде — мисалы, өзүнүн антиоксиданттык жана нымдаштыруучу касиеттери менен лимондун эфир майын изде. Баштын майлуу терисине камордук көрүүнүн классикасы — алар анын майлуулугун көрүнө эле азайтууга жардам бере турган сергитүүчү, минералдаштыруучу жана илештирүүчү касиеттери менен чалкандын (крапива) экстракты.

Биздин тандоо: майлуу чачтар үчүн «Чалкан жана лимон»шампуну.


Какач

Балким, чай дарагынын майы акнеге (безеткиге) каршы натыйжалуу экенин сен билерсиң, бирок Австралиядан чыккан бул ингредиент какач жана баштын терисиндеги чыккан ысыкчалар менен күрөшүү үчүн нукура табигый каражат катары белгилүү.   Шампундардын курамынан: ал баштын терисин сергите турган, тынчтандыра турган жана какач кайра кайтарылбай тургандай болуш үчүн тоскоолдук жарата тургандарды изде.   

 

Биздин тандоо: какачка каршы «Чай дарагы жана репейник» шампуну.

Боёлгон чачтар

Чачтарды жасалгалоо салонуна баргандан эки жумадан кийин сен күзгүдөн байма-бай “блондинканы”  же саргарган байма-бай болгон чачтарды көргөнсүң, ал эми бүгүн болсо, чачтардын түсү анчалык каныккан эместигин, ал эми чачтар болсо күңүрт тартып калганын, чачтардын сына баштаганын көрөсүң. Өтө эле көп азыктандырып камкордук көрүү чачтын түсүнүн тез жуулуп кетишин тездетет, ал эми жетишсиз азыктандыруу чачтын кургак болушуна алып келет. Сага жеңил, бирок нукура табигый экстракттары менен натыйжалуу камкордук көрүү керек. Гранат (анар), мисалы, чыныгы  суперфуд сыяктуу алар антиоксиданттарга бай жана чачтардын түзүмүнүн түсүн кармап кала турган  активдүү заттарды камтыйт, чачтардын каныккан түсүн жана сак-саламатта жаркырап туруусун сактоого жардам берет. Мангонун  экстракты чачтарды бүт узундугу боюнча бекемдейт, коргоочу пленканы калыбына келтирет жана чачтардын нымдуулугун сактоого жардам берет.

Биздин тандоо: Боёлгон чачтар үчүн «Гранат (анар) жана сулуу (овес)» Love Nature каражаттары, боёлгон чачтар үчүн калыбына келтирүүчү «Манго» маска-смузиси.

Текст: Сүрөт: Oriflame