Кышкы сулуулуктун негиздери: E жана B3 витаминдери

Күндүн аз болушу, температуранын ɵйдɵ-ылдый болушу, бɵлмɵлɵрдɵгү кургактык териге терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан аны ɵзгɵчɵ азыктандыруу маанилүү. Сиздердин назарыңыздарга биз терибизге кышкы суукту жеңүүгɵ жардам берүү үчүн камдап койгон эки витаминди сунуштайбыз!

1. E витамини

Ал эмне кылат:
бул күчтүү антиоксидант териңизди айлана-чɵйрɵнүн зыяндуу таасиринен, күн нурларынан жана эркин радикалдардан коргойт. Ошондой эле Е витамининин нымдандыруучу касиеттери – кургак, кышында түлɵгɵн терини чынында куткарат.

Аны кайдан тапса болот: тɵмɵнкү учурларда сиз бир аз Е витаминин алсаңыз болот:

• Во время прогулки на морозе с воспользуетСуукта сейилге чыкканда Tender Care Protecting Balm Е витамини кошулган коргоочу бальзамын колдонсоңуз
Кышкы эс алуу күнү ɵзүңүздү кɵбүктүү ванна жана жакшы китеп менен кубандырсаңыз. Күнүмдүк кам кɵрүүңүзгɵ Еssentials сериясын кошсоңуз. Ал терини азыктандыруу үчүн Е витаминин камтыйт жана терини жаркыратууга жардам берет.

 

2. B3 витамини

Ал эмне кылат:
Бул супер-витамин терини ультрафиолет нурларынын зыяндуу таасиринен коргогон, сезгенүүлɵрдү жана картаюунун белгилерин азайткан, бырыштарга, кара тактарга жана терибиздин бузулушуна алып келген стресстин кесепеттерине каршы күрɵшкɵн калыбына келтирүүчү касиеттерге ээ. Мындан тышкары, В3 витамини (ниацин) ДНКны калыбына келтирүүдɵ негизги ролду ойнойт жана саламат теринин ажырагыс бɵлүгү болуп саналат. В витамининин жетишсиздиги кургоого жана түлɵɵгɵ алып келиши мүмкүн.

Аны кайдан тапса болот: бул витамин маанилүү азыктандыруучу зат болуп саналат, бирок биздин терибиз аны ɵз алдынча ɵндүрбɵйт. Бактыга жараша, рационуңузга В3 витаминин кошуунун бир катар ыкмалары бар. Мисалы:

Рационуңузга майлуу эмес белокко бай тамактарды, мисалы, куурулган тоок, тунец, бүтүн дандуу азыктар, авокадо, козу карын же таттуу картɵшкɵ кошулган тоюмдуу салаттарды кошуңуз. Жаңгактар да организмдеги В3түн деңгээлин жогорулатат!

Күнүмдүк кам кɵрүүңүзгɵ В3тү камтыган каражаттарды кошуңуз:
Жакшы кɵргɵн жүн байпагыңызды кийип, чай куюп алып, китеп окуңуз. Биздин Е жана В3 витаминдери кошулган маскабызды жана Fairness Essentials скрабын унутпаңыз.
Териңиздин эртең мененки жана кечки кам кɵрүүсүнɵ витамин камтылган каражаттарды кошуңуз. Беттин терисин нымдандыруу, азыктандыруу, зыяндуу эркин радикалдардан жана жагымсыз аба-ырайынан коргоо үчүн ниацинамидди (В3түн активдүү формасынын аталышы) камтыган күндүзгү кремди издеп кɵрүңүз.

Аба-ырайы ар кандай болуп турат, бирок бул витаминдер териңизди кыш бою саламат жана жаркыраган бойдон сактоого жардам берет!

Текст: