Ден-соолук каалайбыз жана ТАРТУУЛАЙБЫЗ

Жакындарыӊ үчүн Oriflame’дин Wellness сериясынан кантип белек тандоо керек экенин билип ал.

Календардагы майрам күндөрү болуп саналган күндөрдүн санын карасак (эскерте кетсек, мындай күндөр жылдын 250 күнүнө туш келет), биз майрамдаганды абдан жакшы көрөбүз.

Үй-бүлөлүк жана кесиптик, мамлекеттик жана дин, элдик жана эл аралык – майрамдардын бул тизмесинен Жаӊы Жылды бир нече себептер менен өзүнчө блок кылып бөлүп койсок болот.

Биринчиден, ал көп кырдуу, Жаӊы Жыл – бул эл аралык үй-бүлөлүк-мамлекеттик майрам. Экинчиден, бул майрам бардык мезгилдердин жана элдердин сүйүктүү майрамы болуп саналат. Үчүнчүдөн, ал жынысына жана жашына карабастан, бардык адамдар үчүн актуалдуу. Жана төртүнчүдөн, Жаӊы Жыл – бул бир күндүк эмес майрам десек болот. Көпчүлүгүбүз үчүн – бул бүтүндөй бир ритуал, анын ичине майрамга даярдык, аны күтүү, майрамдын өзү жана майрамдык эс алуулар кирет.

Дал ошондуктан Жаӊы Жылда ар бирибиз жакындарыбыз үчүн белек тандоого өзгөчө кылдат мамиле жасайбыз.

Бүгүн мен  сиздин көӊүл бурууӊузду, камкордугуӊузду жана сүйүүӊүздү көрсөтө ала турган белектердин бир нече вариантын сунуштайм. Бирок, алгач суроо. Ар бир майрамдык дасторкон үстүндө бири-бирибизге көп учурда кандай каалоо айтабыз?

Албетте, ден-соолук! Күн сайын бири-бирибизге ден-соолук каалап турабыз десем да болот.  Oriflame’дин Wellness өнүмдөрү менен биз жөн гана ден-соолук каалабастан, аны тартуулай алабыз!

 

Natural Balance коктейлге арналган кургак аралашмасы , Natural Balance шорпосу, протеин комплекси

Бул сапаттуу шам-шум этүү азыктарын, тагыраак айтканда белокко жана жай углеводдорго өзгөчө көӊүл буруу менен, тандоого жана жалпы жонунан тамактанууга баамдалган мамиле жасаган же жаӊы баштап жаткандар үчүн мыкты белек. Коктейль жаштайынан таттууга жакын, бирок азыр анын пайдалуу альтернативаларын издеп жаткандар үчүн мыкты белек болот. Коктейль, бир жагынан, өзүнүн сонун даамы менен таттууга болгон керектөөнү канааттандырууга мүмкүндүк берет, ал эми экинчи жагынан – жай углеводдор жана клетчатка боюнча баланстуу курамынын аркасы менен, келечекте табиттин таттууга тартуусун төмөндөтүүгө жардам берет.

Шорполор — бул шам-шум этүүдө дагы ысык тамакты жактыргандар үчүн мыкты белек. Бир мүнөттүн ичинде ысык сууга аралаштырыла турган бир чыны шорпо ар дайым сенин жаныӊда болот. Ошондой эле, шорпо вегандар жана вегетарианецтер үчүн мыкты белек болот, себеби анын курамында бир гана өсүмдүк булактарынан (соя, картөшкө, жашыл буурчак) алынган белок камтылган.

Протеин комплексин өз алдынча тамак жасап, тажрыйба жасап, пайдалуу тамактардын жеке рецепттерин ойлоп тапканды жакшы көргөн адамдарга белек катары тартууласа болот. Мындай азык бардык рецепттерге көбүрөөк пайдалуулукту кошуп, курамындагы белокту, жай углеводдорду жана клетчатканы көбөйтүп, өзүнүн нейтралдуу даамынын аркасы менен тамактын даамын өзгөртпөйт.

1. Natural Balance мөмөлөр кошулган протеин батончиктери

Бул пайдалуу таттуу бардык учурларда жаныӊда болот: үйдө, кеӊседе, жолдо, спортзалда. Демек, бул белекке чоӊ шаардын ритминде жашагандар, өзгөчө бизнесмендер жана бизнес айымдары баа беришет. Батончикте ыӊгайлуулук, универсалдуулук жана ден-соолукка пайдалуулук айкалышат (10,5 грамм белок, азык булалары жана табигый мөмө даамы).

2. Айымдар жана мырзалар үчүн Wellness Pack

Өзүнүн жана жакындарынын ден-соолугуна кам көргөндөр үчүн идеалдуу белек, универсалдуу жана ошол эле учурда баалуу дагы. Ал курамында профилактикалык дозаларда зарыл болгон бардык микронутриенттерди камтыйт: витаминдер жана минералдар, Омега-3 майлуу кислоталар жана эӊ күчтүү антиоксиданттардын бири болгон табигый астаксантин.

3. «Деӊиз кальцийи жана D витамини» комплекси

Сен белек бере турган адам СЖОну сактаса, өзүнүн физикалык абалына көӊүл бөлсө, жумасына 2-3 жолу үзгүлтүксүз фитнес-клубга же спорт секцияларына барса, бул мыкты тандоо. Мындай активдүү адамдар ар дайым кыймылда болуп турушат, жана алар үчүн сөөктөрдүн саламаттыгын сактоо абдан маанилүү – биожеткиликтүү кальций кошулган комплекс сөөктөрдү бекемдөөгө өбөлгө түзүп, алардын морттугунун алдын алат.

4. Wellness Kids сериясынын өнүмдөрү (Балдар үчүн «Мультивитаминдер жана минералдар» комплекси, Балдар үчүн «Омега-3»)

Бул белектер үй-бүлөнүн эӊ кийинекей мүчөлөрү (3 жаштан жогору балдар) үчүн белектин милдеттүү бөлүгү болушу керек. Wellness Kids сериясы ата-энелердин тынчтыгы үчүн жооп берет, анткени, өнүмдөр өзүнө БДССУ сунуштаган бардык зарыл болгон компоненттерди камтыгандыктан, алар баланын гармониялуу өсүп, өнүгүүсүнө ишенишет. Ал эми балдар, бул белекти алганда, өздөрүн атасы жана апасы сыяктуу чоӊ адамдардай сезип калышат. Эми балдардын өзүнчө витаминдери бар жана аларды бүт үй-бүлө менен бирге ичсе болот.

Белек тандоого мындай мамилени негиз катары алса болот, же буга эле токтолбостон, жашоонун бардык учурлары үчүн wellness-өнүмдөрдөн белек топтомдорду чогултса да болот.  Анткени Wellness — акыл менен тандалган, чын дилден ден-соолук үчүн берилген белек эмеспи!

Текст: