Wellness-белектердин жазгы букети

Айымдардын эл аралык күнүндө жакындарыӊ үчүн эӊ жазгы белекти кантип чогултуу керек экендигин билип ал!

Эл аралык айымдар күнү бир кылымдан ашык убактан бери белгиленип келе жатат. Майрам сезими марттын биринчи күнүнөн тарта эле абада учуп жүрөт: көчөлөрдө гүл саткан кичинекей дүкөндөрдүн саны геометриялык прогрессияда өсөт. Кульминация 8-числодо келет, ал күнү көчөдө ар бир мырза гүл букетин көтөрүп жүргөн болот, анткени гүлдө – бул эӊ жагымдуу белек эмеспи!

№1-букет: түбөлүк классика

Роза — куттуктоо жанрынын классикасы. Мезгилдүү гүлдөрдүн көптүгүнө карабастан роза айымдар күнүндө өз ордунан кайтпай, сатуулардын топ лидерине турктуу кирет. Розанын символикасы ар түрдүү планда болот: суктанууну, колдоону, өчпөс сүйүүнү билдирүүдөн, байлык, ийгилик, өнүгүү каалоого чейин.

Роза букетине кошумча катары айымдарга арналган «Мультивитаминдер жана минералдар» комплекси ылайыктуу болот.

роза сыяктуу эле, ал бир жагынан универсалдуу:

● айымдардын организминин керектөөэске алуу менен жасалган;

● күнүмдүк колдонуу үчүн микроэлементтердин профилактикалык дозаларын камтыйт;

● 18 жаштан жогору кыздарга ылайыктуу.

Ал эми экинчи жагынан, ал көп кырдуу: курамында 12 витамин жана 10 минерал бар, жана алардын ар бири организмдин бир нече биохимиялык процесстерине катышат.

Белек кылуу

№2-букет: элдин сүймөнчүлүгү

Бул гүлдүн Кара деӊиз сулуусу деп аталууга укугу бар: аны Россияда 19-кылымда дал ошол Кара деӊиздин жээгинде өстүрүп башташкан. Ал 1908-жылдан тарта 8-марттын урматына өткөрүлгөн демонстрацияларда катышып келген, дал ушул топ гүл күндүн, кайра жаралуунун, жаздын жана жылуулуктун келишинин символу деп эсептелет, жана дагы аны эл аралык айымдар күнүнүн символу десек дагы болот.

Кайсыл гүл жөнүндө сөз болуп жатканын түшүндүӊүз деп ойлойм. Бул эл арасында мимоза деп аталат, ал эми анын илимий аталышы – күмүш түстүү акация.

Бул күнгөй букетке түгөй катары эмнени сунуштасак болот? Албетте, ошондой эле күнгөй Wellness өнүмү — «Омега-3» комплексин сунуштайбыз. Oriflame’ден Омега-3 —бул:

● 5-кадамдык тазалоодон өткөн, жапайы кармалган майда майлуу балыктардан алынган жогорку сапаттагы балык майы;

● Курамында зарыл болгон майлуу кислоталар бар (EPA жана DHA);

● Компаниянын жогорку сапат, энергоколдонуу натыйжалуулугун жана социалдык жоопкерчилик сттндарттарын кепилдөөчү Friend of the Sea тастыктамасы.

Белек кылуу

№3-букет: назик жаз

Иристер өз аталышын Ирида кудайдын урматына алышкан: ал жерге асан-үсөн менен түшүп, асмандын эркин өткөрүп берген. Иристер анын кийиминин бир бөлүгү болгон – ошондон ал асан-үсөн жана жакшы жаңылыктар менен байланышуу болгон. Бүгүнкү анын күндө ассоциативдик катары кеңейди: кээ бирлери иристи үндөш аталышынан улам ирис момпосуйлары менен байланыштырышса, башкалары желекчелеринин ачык түстөрүнөн улам аларды көпөлөктүн канаттарына окшоштурушат.

 

Албетте, белгилүү бир букеттин мүнөзү гүлдөрдүн түсүн аныктайт. Мисалы, кызгылт көк бүчүрлөр акылмандык менен интуицияны, ак түс - тазалыкты жана күнөөсүздүктү, сары түс - суктанууну билдирет. Бирок бир нерсе анык: белекке ирис гүлдестесин тапшырсаӊыз, жаӊылбайсыз.

 

Бул гүлдесте менен бирге  Тырмакка жана чачка арналган нутрикомплекси идеалдуу белек болот. Эмне үчүн?

Нутрикомплекстин бир курсу (3 ай) тырмактарды бекемдөөгө, чачтардын жашоо циклин узартууга, жана алардын өсүшүн тездетүүгө жардам берет. Жана бул сыйкыр эмес, туура тандалган ингредиенттердин таасири, жана алардын ичинде төмөнкүлөр бар:

аминокислоталар (L-лизин, L-цистеин);

минералдар: темир, селен жана цинк;

алма экстракты жана С витамини.

Белек кылуу

№4-букет: Европадан келген символ

Бул гүл он жылдан ашуун убакыттан бери майрамдык талаада ойноп келе жатат жана эч кимге өз ордун бошотууну каалабайт. Тескерисинче, ал жыл сайын өз позициясын бекемдетип келет! Жоогазындар ар кандай ажайып формаларынын жана палитрасынын байлыгы менен таң калтырат. Түсүнө жараша, гүл жалындуу сүйүүнү да, назик сезимдерди да билдире алат, же ийгиликке алып келет (көңүл буруңуз, бул сары жоогазындар жөнүндө). Бардык артыкчылыктарына анын назик жыпар жытын кошсоӊуз, эмне үчүн бул гүл аял сулуулугун чагылдырган гүлгө айлангандыгы анык болуп калат.  

Бул букетке кошумча катары эмнени сунуштасак болот? Албетте, айымдардын саламаттыгын ичинен колдоп, теринин жаштыгын узарта турган өнүм — бул Ceramosides™ жана кызылгат кошулган Aqua Glow суусундугу.

Кандай иштейт? Бул жерде эч кандай сыйкыр жок! Болгону курамында төмөнкүлөр бар:

В3 жана С витамини;

антиоксиданттарга бай кызылгат экстракты;

негизги ингредиент — молекулалуу түзүмү тери клеткасына окшош болгон буудай фитокерамиддери (Ceramosides™). 

Жыйынтык: теринин коргоо барьерин ичинен калыбына келтирүү, нымдандыруу жана чоюлчаактык деӊгээлин 15 күн колдонуудан кийин эле жогорулатуу.

Белек кылуу

№5-букет: тыкан сулуулук

Эгерде белекте тыкандык менен табиятка таандык сулуулукту айкалыштыргың келсе, идиштеги орхидеяга көӊүл бур. Бул керемет гүлдү өсүмдүктөрдүн аристократы деп аташат.

Заманбап мыктылыктын жана көрктүүлүктүн символу! Орхидея латын тилинен которгондо "Кудайдан тараган" деп которулат – дал ошондуктан адамдар кылымдар бою анын кудайдан келип чыккандыгына ишенип, гүлдүн сыйкырдуу күч-кубатына ишенишкен.

Көбүнчө, орхидея башка гүлдөр менен ансамблде ойногондон көрө, жеке чыгууну жактырат. Бирок белектер боюнча гидде биз эфекттүү толуктоо киргизебиз.

«Астаксантин жана кара моюл экстракты» комплекси  — бул антиоксиданттардын 4 түрлүү антиоксиданттар кошулган уникалдуу өнүм:

●токой антиоксиданты — кара моюл экстракты;

●деӊиз антиоксиданты — астаксантин. Табигый астаксантин Стокгольмго жакын жерде жайгашкан швед архипелагында өскөн балырлардан алынат. Астаксантиндин организмге болгон оӊ таасири эӊ эле белгилүү болгон антиоксиданттарга салыштырмалуу он эсе, кээ бир учурларда жүз эсе күчтүү, дал ошондуктан аны антиоксиданттардын падышасы деп аташат.

●C жана E витаминдери кошумча коргоо үчүн.

Белек кылуу

№6-букет: жаш кыз үчүн

Бүгүн, 8-март, бул 0+ белгиси бар майрам. Айымдардын эң кичинекей өкүлдөрүнө эмне белек кылуу керек? Албетте, жаздын келишин символдоштурган жана бактылуу келечекке үмүт арткан жана бизге бала кезден жомок аркылуу таанышкан эң назик жана таасирдүү гүлдөрдүн букети. Менин оюмча, ансыз деле байчечекей гүлдестеси жөнүндө сөз болуп жатканын болжолдоо оңой.

"Байчечекей" деген сөздү укканда башыбызда куштардын сайраганы, жаздын назик күндөрү, агып жаткан дарыялардын элестери жаралат жана бул эрксизден бизге жылмаюу тартуулайт. Элестетип көрүңүз, бирөөгө мындай гүлдестени белек кылганда, сизди канча жагымдуу учурлар күтөт? Белектен болгон таасир мүмкүн болушунча толук болушу үчүн, аны Wellness Kids сериясынын өнүмдөрү менен толуктаңыз.

Бул серияга төмөнкүлөр кирет:

Балдар үчүн «Мультивитаминдер жана минералдар»  — тамактануудагы боштуктарды толуктоо үчүн атайын 3 жаштан жогору балдарга атайын каралган дозалоодогу 13 витамин жана 8 минерал.

Балдар үчүн «Омега-3» — балдардын керектөөлөрүн (табигый майлуу майлар, өсүп жаткан организм үчүн БДСУ тарабынан сунушталган дозалоодо EPA жана DHA) жана ата-энелердин каалоолорун (колдонууга ылайыктуу суюк форма) эске алуу менен жасалган, 5 баскычтуу тазалоодон өткөн жогорку сапаттагы балык майы).

Белек кылуу

Жана соӊунда

Сиздин жакындарыңыз үчүн 8-мартка белек түзүү боюнча биздин чакан колдонмо - буга чейин орнотулган майрамдык каада-салттарга кантип жаңы нерсе алып келүүгө болору жөнүндөгү аракеттер болуп саналат. Өз табитиңизге жараша же флористтин кеңешине ишенип, биздин кеңешке кулак төшөп, же жазгы Wellness букетин түзүӊүз.

Эң башкысы, урматтуу мырзалар, эсиңиздерде болсун: Wellness кошулган букетти колуӊузда кармап бара жатып, сиз түзмө-түз жана кыйыр мааниде Швеция жараткан сулуулукту сүйүктүүлөрүӊүздөргө тартуулайсыздар!

Майрамыбыз кут болсун, урматтуу айымдар!

Текст: