Сезгич теринин 6 белгиси жана ага кам көрүү боюнча кеңештер

Кызаруу, кычышуу пайда болуп жатабы? Сенин териң сезгич болушу мүмкүн.

img-1.jpg

Сезгичтик деген эмне?

Бул тери ар кандай факторлорго кызаруу же кычышуу реакциясын берген абал. Статистика боюнча өнүккөн өлкөлөрдүн жашоочуларынын 50%дан ашыгы сезгичтик көйгөйүнө кездешет. Сезгичтиктин белгилерине кургоо, түлөө, кызаруу, тартылуу, безеткилер, кычышуу, сайгылашуу жана ачышуу кирет, жана майлуулукка жакын тери да сезгич болушу мүмкүн.

Эмне үчүн тери сезгич болот?

Теринин сезгичтиги тубаса өзгөчөлүк да, күндүн таасирине же агрессивдүү айлана-чөйрөнүн таасирине, косметиканын компоненттерине, стресске, температуранын өйдө-төмөн болушуна, суукка жана шамалган убактылуу реакция да болушу мүмкүн. Сезгичтик адатынча алсызданган коргоо барьеринен улам келип чыгып, теринин тышкы дүүлүктүргүчтөрүнө болгон көтөрүңкү кабыл алгычтык менен коштолот.

Сезгич теринин белгилери

1. Териң аба-ырайынын өзгөрүлүүсүнөн таасирленет

Тери сезгич болсо, суук жана шамал сезгенүүгө, кургоого, кызарууга же кычышууга алып келиши мүмкүн.

2. Терини тазалооон кийин сен тартылууну, ачышууну же кычышууну сезесиң

Көпчүлүк бет жуучу каражаттардын курамында сульфаттар, жыт бергичтер бар жана сезгич тери аларга реакция берет.

3. Кам көрүүчү же декоративдүү каражаттарды сүйкөөдө сен сайгылашууну сезип, териң кызара баштайт

Териге кам көрүүгө арналган каражаттар эч ыңгайсыздык жаратпашы керек, ошондуктан териң сезгич болуп, же териңдин түрү боюнча сага ылайык келбеген өнүмдөрдү колдонуп жаткандарсың.

img-2.jpg 

4. Сезгенүүлөрүң бар

Сезгенүүлөр жана кызаруулар сөзсүз түрдө теринин майлуулугу менен байланыштуу болбойт – алар анын көтөрүңкү сезгичтигинин белгиси болушу мүмкүн.

5. Күнгө чыгып бир нече секунд турганда бетиңе кызыл тактар чыгат

Сезгич тери ультрафиолеттин таасирин начар көтөрүп, кызыл тактар түрүндө реакция бериши мүмкүн.

6. Териң кургак жана түлөйт

Сезгич теринин коргоочу барьеринин бүтүндүгү бузулгандыктан, ал нымды тез жоготуп, кургак, катуу болуп, кычышуу жана түлөө пайда болот.

Сезгич териге кандай кам көрүү керек?

Сезгич теринин реакциялары жана анын кычышуусунун себеби индивидуалдуу болушу мүмакүн жана аны алдын ала айтуу мүмкүн эмес, бирок биз терини тынчтандырып, күчөөгө жол бербөө үчүн бир нече кеңештерди даярдап койдук.

Температуранын өйдө-төмөн болушуна жол бербөө үчүн, ысык эмес, жылуу суу менен жуун. Андан тышкары, тынчтандыруучу таасир берүүчү, сульфаттарды жана жыт бергичтерди камтыбаган сезгич териге арналган бет жуучу каражаттарды колдон.

Бетти тазалоодо жана каражаттарды сүйкөөдө кылдат кыймылдарды жаса: агрессивдүү кыймылдардын таасири терини кызартып, кычыштырышы мүмкүн.

Терини нымдандыр! Теринин бардык түрлөрү нымдандырууга муктаж, өзгөчө сезгич тери, себеби коргоочу барьери бузулгандыктан ал нымды тез жоготот.

SPF кошулган каражаттарды сүйкөп, күнгө чыгарда баш кийим кий, бирок мүмкүн болушунча көлөкөдө бол.

Терини кычыштырып, кызартуучу каражаттарды колдонбо, адатынча, аларды жыт бергичтер, спирт жана синтетикалык боёктор бар.

• Сезгич тери реакция бере турган кислоталары бар пилингдерден жана ретинол кошулган каражаттардан баш тарт. Ретинолдун ордуна NovAge Skinrelief сериясындагы каражаттарды колдонуп көр, алардагы DermaLift Active комплекси бырыштарды азайтып, ретинол сыяктуу теринин серпилгичтигин жогорулатат, бирок кылдат таасир берет.

Текст: