Мырзалардын терисине Адан Яга чейин кам көрүү

Көптөгөн жалпы мүнөздөмөлөргө карабастан, мырзалардын териси айымдардыкынан бир кыйла айрымаланып турат. Ага кандай кам көрүү керек? Өзгөчө каражаттар керекпи? Жана сакалы бар мырзалардын терисине кам көрүү кантип айрымаланат? Мунун бардыгы тууралуу – эксперттик макаладан окусаң болот!

— «МЫРЗАЛАРДЫН ТЕРИСИ АЙЫМДАРДЫКЫНАН ЭМНЕСИ МЕНЕН АЙРЫМАЛАНАТ
Негизинен айрымачылыкка эркектердин негизги гормону болгон тестостерон өбөлгө түзөт, анын аркасы менен мырзалардын териси калыңыраак жана туруктуураак болуп, бетинде көбүрөөк түк өсүп, тер чыгаруу деңгээли жогорураак болот. Тестостерон дагы себумдун иштелип чыгышын жогорулатат дагы, ал өз учурунда теринин майлуулугун жогорулатат. Эркектердин поралары кеңирээк болгондуктан, эркектердин териси оңой булганышы, ал эми поралары тезирээк толушу анык болуп калат.

Аялдарга салыштырмалуу эркектердин терисиндеги картаюу белгилери кечирээк көрүнө баштайт, бирок пайда болгон белгилер – бырыштар, теринин кургоосу жана суусуздануусу, серпилгичтикти жана тонусту жоготуу – бир кыйла анык көрүнөт. Тери энергиясын жоготуп, бет чарчаңкы көрүнөт.

Дагы бир айрымасы, тестостерондун таасири алдында калган тери энергияга муктаж болот. Ансыз бет убактысынан эрте жаштыгын жоготуп, анда картаюунун биринчи белгилери пайда боло баштайт
.

— «ЭМНЕ ҮЧҮН МАГА NOVAGE MEN ЫЛАЙЫКТУУ
Эркектер өзүнө ишенип, жашоодо ийгиликке жетишүүнү каалашат. Көп убакыт коротпостон, бардык жаш куракта кам көрүлгөндөй көрүнүү. Бирок кам көрүлгөн түр жана жашоодогу ийгилик – өз ара байланышкан түшүнүктөр. Биз NovAge Men  — байкалган жыйынтыктарды, карылыкка каршы эффектти жана клиникалык жактан далилделген таасирин  камсыздоочу мырзалардын терисине комплекстүү кам көрүүнү сунуштайбыз. Төрт кадам, эки мүнөт – тез, оңой жана эффективдүү. NovAge Men каражаттары бул көйгөйлөрдүн ар бирин чече алат. Комплекстүү кам көрүү атайын эркектердин териси үчүн иштелип чыккан жана картаюунун биринчи белгилери мнен күрөшүүгө багытталып иштелип чыккан. NovAge Men сериясынын курамына кирген өнүмдөр жана текстуралар териге терең кирип, дароо аны узак карылыкка каршы эффект берүү үчүн энергияга толтура.

— «МЕНИН САКАЛЫМ БАР. МЕН NOVAGE MEN’ДИ КОЛДОНСОМ БОЛОБУ
Албетте! Бир аз сакалыңыз болобу, үч күндүк болобу же чыныгы сакал болобу – эмнеси болсо дагы сен NovAge Men каражаттары менен териңе кам көрсөң болот. Эң негизгиси —терини туура тазалап, кабырчыктаныдыруу. Анткени сакал чаң менен себумдун чогулушуна өбөлгө түзөт, ал эми тез-тез сакал-мурутту алуу терини стресске алып келет. Ошондой эле беттеги түк теринин кургоосуна жана түлөөсүнө таасирин тийгизиши мүмкүн.
Ошондуктан комплекстүү кам көрүүнүн биринчи кадамы болуп тазалоо саналат
NovAge Men 1де 2 бет жуучу каражатын жана скрабын колдон. Эгерде сакалың 1-1,5 см-ден кыскараак  болсо, бардыгы оңой. Эгерде сен сакал коюп жүрсөң, жуунууда сага кошумча 5-6 мүнөт керектелет. Ооба, сакалды дагы жууш керек. Көздүн айланасына кам көрүүнү жана нымдандырууну алсак, сага NovAge Men көздүн айланасын сергитүүчү гели, нымдандыруучу энергосывороткасы жана  теринин картаюусуна каршы крем-геликерек болот.  Биринчисин былжыр челге тийбестен, көздүн айланасына сүйкөө керек, эми кийинки эки өнүмдү – беттин жана моюндун терисине, анын ичинде сакал-мурутка дагы сүйкөө керек. Сыворотка менен гелдин жеңил текстурасынын аркасы менен дароо сиңип, териде жабышуу сезимин калтырбайт.

— «NOVAGE КОМПЛЕКСТҮҮ КАМ КӨРҮҮСҮ АЛТЫ ӨНҮМДӨН ТУРАТ. МЫРЗАЛАРГА АРНАЛГАН NOVAGE MEN СЕРИЯСЫ — ТӨРТ ӨНҮМДӨН ТУРАТ. ЭМНЕ ҮЧҮН МЫНДАЙ?»

Канчалык жөнөкөй болсо, ошончолук жакшы — бул эреже мырзалардын терисине кам көрүүгө жана каражаттардын санына тиешелүү. (1де 10 өнүм тууралуу тамаша эске түшөт, бирок ар бир тамашанын чындыгы бар эмеспи). NovAge линейкаларында алты каражат колдонулгандыгына карабастан, эркектердин терисине комплекстүү кам көрүү үчүн сага төрт өнүм жетиштүү болот.

Төрт кадам, эки мүнөт – тез, оңой жана эффективдүү. Бул кыял эмеспи?

Текст: Сүрөт: Oriflame