Бустерлер жөнүндө 5 суроо

«Бустер» сөзү менен издөөдө балдарга арналган автокреслолор чыгат, модалуу блогерлер аларды чексиз макташат, а сен болсо аны териңе кам көрүүгө кантип жана эмне үчүн кошуу керек экенин түшүнбөй жатасыңбы? Бирге карайлы!

Бустер деген эмне?
Бул концентрацияланган каражат териң үчүн туруктуу негизде типтүү болбой, жашоо образынын натыйжасында азыр пайда болгон көйгөйлөрдү чечет. Ашыкча шоколад жеп алып, ойгонсоң бетиңе безетки чыгып калдыбы? Түнү бою көңүл ачып жүрүп, эртең менен бетиң күңүрт түскө ээ болуп калдубу? Бустер теринин тез калыбына келтирүүгө жардам берет.

Эгер менин сывороткам бар болсо, мага бустер керекпи?
Сыворотка — бул комплекстүү кам көрүүнүн бир бөлүгү, сен аны териңди крем сүйкөөгө даярдоо үчүн күндө колдоносуң. Бустер кремдин өзүнө кошулуп, багытталган таасири бар кошумча кам көрүү талап кылынганда бир жолу же курс менен колдонулатт. Ал бекеринен кичинекей бөтөлкөдө сатылбайт: активдүү заттардын концентрациясы, сывороткага салыштырмалуу бир кыйла жогору болгондуктан, аны бир аз гана колдонуу керек.

Бустерди кантип жана качан колдонуу керек? 
Сүйүктүү
Optimals кремиңе бир-эки тамчы кошуп, бир өңчөй абалга чейин аралаштырып, кам көрүүнүн аяктоочу этабы катары колдон. Аны эртең менен же кечинде, күнүнө бир же эки жолу, же курс менен колдонсоң болот – териңдин абалына жана көрүнүктүү натыйжага багыттал. Эч убакта бустердин өзүн сүйкөнбө – бир гана крем менен бирге колдон.

Мен бустер менен сыворотканы/тоникти/масканы айкалыштырсам болобу?
Сен бустерди колдонууну пландап жаткан күнү күнүмдүк кам көрүүңдүн кандайдыр бир этабын алуунун кереги жок: формулалары калган
Optimals каражаттары менен идеалдуу айкалышат. 

 

Мен бир түрүн гана тандашым керекпи?
Сыворотка бирөө болушу мүмкүн жана териңдин түрүнө жараша гана тандалат, ал эми бустерлер баарына ылайыктуу. Текчеңе баарын коюп алып, абалга жараша колдон!

Азыктандыруучу бустер— Е витамини, рыжик майы, канола майы жана ит мурун майынан алынган омега-3 жана омега-6 майлуу кислоталары кошулган формула терини терең нымдандырып, азыктандырып, тынчтандырып, калыбына келтирет.


Жаңылоочу бустер— крыжовниктен алынган жемиш кислоталары, деңиз пребиотиги, чычырканактан алынган В5 витамини жана антиоксиданттары бар формула терини сергитип, аны жылмакай, таза кылып, пораларды көз көрүнөө ичкертет.

Антиоксиданттуу бустер— Е жана С витаминдери, ниацинамид, чычырканак менен кулпунайдан алынган антиоксиданттары бар формула териге жаркыроону жана тонусту кайтарып берип, тери түсүн сергитип, текстурасын жакшыртат.

Текст: Сүрөт: Oriflame