Гиалурон кислотасынын күчү
Тери эмне үчүн күңүрт болуп калат?
Теринин жаркыроосу бул жɵн гана сɵз айкашы эмес, толук сезилүүчү мүнɵздɵмɵ. бул теринин жарыкты чагылдыруу жɵндɵмү жана ал теринин үстүңкү катмарынын – эпидермистин абалынан кɵз каранды болот. Кургоо, түлɵɵ жана бырыштар теринин үстүндɵгү жылмакайлыкты жоготот. Натыйжада жарык чагылдырбастан, тарап, бет бозомтук, ал эми тери күңүрт болуп кɵрүнүшү мүмкүн.
Жаркыроону кантип кайтарып алса болот?
Беттин күңүрт түсү – жагымсыз, бирок калыбына келтирүү мүмкүн болгон окуя. Сага болгону туура кам кɵрүү тандап алып, активдүү ингредиенттердин таасирине ишенүү керек.
Гиалурон кислотасынын күчү
Жаркыраган тери жɵнүндɵ кыялданып жатсаң, эң биринчиден нымдандырууну ойлон. Бул маселени гиалурон кислотасы жакшы чечет, анткени ал, териге нымдуулукту магнит сымал тартып, анда кармап турат. Бул компонентти бетке арналган сывороткалардан, мисалы, пигментацияга каршы NovAge Brilliance’ден изде. Ал эпидермистин терең катмарларына кирип, нымдын балансын калыбына келтирип, натыйжада, текстураны жана түстү жакшырткан тɵмɵн молекулалуу гиалурон кислотасын камтыйт. Теринин нымдалган жана жылмакай үстүңкү катмары жарыкты жакшы чагылдырып, сен кайрадан жаркырай баштайсың!
Тынымсыз жаңылоо
Сен жумасына 1-2 жолу пилинг колдоносуңбу? Биз бул маанилүү этапка кɵңүл бурууну сунуштайбыз, себеби кабырчыктандыруу ɵлгɵн клеткалардан арылууга жардам берип, теринин жылмакай кылып, жаркыроосун күчɵтɵт. Бул жɵнɵкɵй процедуранын дагы бир бонусу: ал терини кийинки кам кɵрүүнү сүйкɵɵгɵ даярдап, активдүү компоненттерге терең кирип, натыйжалуу таасир берүүгɵ мүмкүнчүлүк берет.