Бет үчүн базалык камкордук көрүү

Жөнөкөй чечимдер, эгерде аларда анын ден соолугу жана сулуулугу үчүн эң пайдалуу ингредиенттер камтылса, сенин териң үчүн натыйжалуу болушу мүмкүн. Essentials күнүгө сенин териң жөнүндө кандай камкордук көрө турганын билип ал.

Кээде сенин териң үчүн эң жакшы чечимдер — эң жөнөкөй. Essentials базалык камкордук көрүү линиялары жылы бою күн сайын колдонууга ылайыктуу, нымдуулукту, азыктандырууну, коргоонууну камсыз кылат - жана башка ашыкча эч нерсе жок. Ошондой эле - парабендерди жана ГМОлорду камтыбайт, дерматологдордун контролдоосунун алдында тестирленген. Бул каражаттар эң натыйжалуу компоненттерди камтыйт, алар теринин тибине жана жаш курагына, ошондой эле климатка, сезонго (мезгилге) жана жашоо образына карабастан, териге жакшы жардам беришет.

E витамини
Эркин радикалдардын күндөлүк таасиринен алар коргой турган эң күчтүү антиоксиданттардын бири, кычкылдандыруучу (оксидативдик) стресстин кесепеттери менен күрөшөт жана теринин жаштыгын сактоого жардам берет. Биздин организм аны өз алдынча иштеп чыгарбайт, ошондуктан теринин муктаждыктарын канааттандыруу үчүн аны сырттан алуу керек.

Е витамини нымдандыруучу жана коргоочу касиеттерге ээ, теринин кургактыгы жана теринин катмарынын түлөп түшүүлөрү менен күрөшөт, коллагендин жана эластиндин иштелип чыгышын тездетет жана сезгенүүсүн басаңдатат. Теринин сулуулугунун жана саламаттыгынын чыныгы витамини!

Е витамини Essentialsтын эки сериясын тең: классикалык жана Fairnessти  камтыйт.

Каноланын нукура табигый майы
Канола майы XX кылымда канадалык окумуштуулар тарабынан иштелип чыккан, аны рапстын белгилүү бир түрүнөн алышат. Бөлүп алуу процесси өтө узак жана көп эмгекти талап кылат, ошондуктан бул компонентти абдан баалуу кылат. Май майлуу кислоталарга жана фитостеролдорго бай, алар теринин нымдуулугун калыбына келтирүү менен аны азыктандырат жана жумшартат. Натыйжада, теринин табигый коргоочу функцияларына жакын келген коргоочу тосмону жаратат.

Канола майы менен каражаттар кургак жана сезгич териге камкордук көрүү үчүн алмашкыс каражат: ал териге жумшактыкты жана чыңдыкты берет, сезгенүүгө каршы таасирине ээ, бырыштарды жылмалоого көмөктөшөт. Анын химиялык курамы, адамдын организми аларды өз алдынча иштеп чыгара албаган майлуу кислоталарга — мисалы, ал Омега-3 кислоталарынын алмаштыргыс тобуна кирген альфа-линолен кислотасына (ALA) бай.

Канола майы менен биздин сүйүктүү каражаттар — Essentials сериясы болуп саналат. Терини пайдалуу заттар менен каныктыруу үчүн күн сайын болгону үч эле кадам жасоо керек: бет үчүн 1 дө 3 жумшак тазалоочу каражат, нымдандыруучу крем жана эриндер үчүн азыктандыруучу бальзам. Кошумча нымдандыруу үчүн жумасына эки жолу масканы  колдонуңуз.

В3 витамини (ниацинамид)
Ниацинамид —бул B3 витамининин сууда эрий турган формасы, ал кандын микроциркуляциясынын калыбына келишинин, капиллярдын кыртышын бекемдөө жана коллагендин жана эластиндин синтезин тездетүүнүн эсебинен теринин клеткалык жаңылануусуна көмөктөшөт. Натыйжада теринин тону тегизделет, агартуучу натыйжаны түзөт, бырыштардын жана акнени (безетки) азайтат. 

Мындан тышкары, ниацинамид нымдуулукту жоготуунун алдын алуу менен теринин коргоочу тосмону бекемдейт, себумдун (майдын) иштелип чыгуусун жөнгө салат - бул касиетти алардын териси майланышууга жакын болгондор тарабынан жогору бааланат. B3 витамининин сезгенүүгө каршы таасири теринин сезгичтиги жана кызаруулары менен күрөшүүгө жардам берет.

Күндөлүк кам көрүүнүн Fairness Essentials сызыгынын (линейкасы) курамынан сен макияжды жана кирлерди кетирүүчү 1дө 3 - тазалоочу каражатты, 1дө 2 маска-скрабды жана интенсивдүү тазалоонун фанаттарына ал жага турган, бет жана дене үчүн универсалдуу самынды табасың. Агартуучу крем терини терең нымдаштыруу үчүн глицеринди жана SPF 10 камтыйт, ал эгерде сен активдүү ингредиенттери бар жана агартуучу таасири менен болгон каражаттарды колдонсоң, ал жөн гана пигментациядан коргоо үчүн керек болот.

Текст: Сүрөт: Oriflame