Белгилүү стрелкалар: Галина Ильинанын 3 образы

50-жылдардын үй кожойкеси, 60-жылдардын кино жылдызы же 80-жылдардын дивасы – буларга айлануу үчүн болгону THE ONE подводкасы менен жасалган туура стрелкалар жетиштүү!

 

Назик 50-жылдар

50-жылдардагы үй кожойкелери көздөрүнө да, эриндерине да басым жасап, ачык боёнушкан. Заманбап ченемдер боюнча ал учурдагы макияжга арналган түстөрдүн палитрасы өтө бай жана адаттан тыш болгон. Эгерде түстүү тень колдонулса, анда ал тень менен бүтүндөй кабак каштарга чейин боёлуп, кирпиктер калыӊ боёлуп, көз караш графикалуу стрелкалар менен баса белгиленген.

  1. 50-жылдардын макияжынын өзгөчөлүгү болуп аппак тери саналган, ошондуктан бир аз агыш тоналдык кремди тандап алып, бронзерлерден алыс бол.
  2. 50-жылдардын стрелкасы көздү тартып, образды ачык жана эффекттүү кылып көрсөтөт. Үстүӊкү кабагыӊа, кирпиктердин түбүнөн баштап, учун өйдө каратып стрелка чий.
  3. Эң акыркы, бирок мааниси боюнча эмес - кызыл эриндер. Алгач, контурду карандаш менен чийип ал, андан кийин графикалуулукка жетишүү үчүн помада менен бое. Эриндериңди помада толугу менен кургаганга чейин жаппа, мында жалтыратпоочу помада бир өӊчөй кургайт.

Образ жаратуу үчүн бардык косметика шилтемеде.

Тайманбас 60-жылдар

Ушул он жылдыкта кыздар жаркын жана таасирдүү көздөргө өзгөчө көңүл бурушкан. Үстүӊкү кирпик катары боюнча ичке стрелка жана калыӊ боелгон астыӊкы кирпиктер макияждын маанилүү атрибуттары болгон. Терини упанын жардамы менен мүмкүн болушунча тегиз кылып, жалтыратпоого аракет кылышкан, бирок эриндерге тийишкен эмес: аларды табигый түрдө калтырышкан же борборуна жылтырак кошушкан.

  1. Көздүн борборунан сырткы бурчуна чейинки сызыктын туурасын акырындык менен көбөйтүп, үстүңкү кабакты ичке чийиӊиз - ал макияждын негизи болот.
  2. Чыгармачыл элементтерге киришебиз. Ошол эле подводканын жардамы менен үстүӊкү кабактын суурмасын кайталоо керек. Көздүн ички бурчунан баштап, сызыкты кабактын табигый скульптурасы боюнча, анын чегинен бир аз чыгып, чий. Бул угулганга караганда жеңилирээк - бирок коргоочу тор катары карандаш менен сызыкты чийип алып, үстүнөн подводка менен боеп койсоӊ болот.  
  3. Кирпиктерди, өзгөчө астыӊкыларын калыӊ бое – тушту аябайбыз. Эгерде алар анчалык калың болбосо, анда аларды Твигги өзү көп жасагандай эле, сүрөттөгүдөй, төмөнкү кабагыӊа кошуп тартып кой.

 

Образ жаратуу үчүн бардык косметика шилтемеде.

Ачык 80-жылдар

Жылтырак, укмуштуу түстөрдүн айкалышы, эриндердеги, көздөрдөгү, беттеги жылтырак жана жаркыраган финиш - мунун бардыгы 80-жылдардын образы. Доордун тренддеринин бири - монохромдук макияж, аны кайталоо оңой.

  1. Ачык түстүү тенди тандап, аны үстүӊкү кабакка сүйкө, кашка чейин боесоӊ да болот. Чектерин жакшы жылмала.
  2. Астыӊкы кабакты чийип, учун контрасттуу түстөгү стрелка менен өйдө карай соз.
  3. Ар бир он жылдыктын өзгөчөлүгү - каштар, жана аларды 80-жылдары графикалык түрдө ийип, күӊүрт түскө боешкон.

Образ жаратуу үчүн бардык косметика шилтемеде.