Париж стилинин 7 эрежеси

Биз алардан сен шыктанууну гана албастан, жаңылуу тобокелдигисиз, аларды кайталай ала тургандай болгон, парижанкалардын кынтыксыз стилин чечмеледик. Бизде жети жөнөкөй эреже пайда болду. Аракт кылып көрөлүбү?

1. СТИЛЬ МОДАДАН ДА АРТЫК  
Парижанкалар модадан калбайт, бирок жеке өзүнүн стилин сезүү алар үчүн өзгөчө маанилүү. Мына ушундан биринчи эреже чыккан: өзүң менен өзүң бол жана мезгилдин сыноосунан өткөн буюмдарды гана танда. 

2. ЭРИНДЕРГЕ БАСЫМ (АКЦЕНТ) ЖАСА 
Кызыл помада – бул париж стилинин квинтэссенциясы, өзгөчө кынтыксыз тери менен башка макияждын толук бойдон жоктугу (же дээрлик жоктугу) менен бириккен квинтэссенция.

3. ПАРФЮМДУ ДАЙЫМА АЛА ЖҮР 
Француженкалар атырларды кичинекей кезинен эле колдонуп башташат, алар үчүн үйдөн жыпар жытсыз чыгуу, бул көчөгө кийими жок чыгуу дегенге барабар. Париждин шыктануусуна каныккан жаңы жыпар жытты колдонуп көр– Eclat Mademoiselle. Бул Сүйүү шаарынын кооздугун өзүңдүн жашоо-турмушуңа кошуп алуунун эң жөнөкөй ыкмасы!

4. НАК ТАБИГЫЙ ЧАЧТАР 
Парижанканын чачынын идеалдуу жасалышы – фактуралык табигый жасалган чач локондору, ал эми стайлингдин сүйүктүү ыкмасы– чачты фендин жардамы менен кургатуу.

5. ИШЕНИМДҮҮЛҮК
Париж стилинин башкы элементи – бул аны алып жүрүүчүлөрдүн элдин көзүнчө өзүн кандай алып жүрө турганы. Өзүңө ишен жана өзүндүн кынтыксыз экендигиңен күмөн санаба– ошондо сөзсүз түрдө бардыгы сенин үлгүңдү алышат.

6. ЭЧ КАНДАЙ ФРАНЦУЗ МАНИКЮРУСУЗ 
Бул ыкмада чынында эле француздардын эч нерсеси жок, ал эми парижанкалар аны «американыкы» деп аташат;. Ошондуктан, эгер сен түп нускадагы француз стилин колдонуп көргүң келсе, андатүсү жок лакты колдонуу менен чектел.

7. АЧЫК БОЁКТОРСУЗ 
Гардероб тууралуу айтсак, парижанкалар ачык эмес нейтралдуу тондорду көбүрөөк жакшы көрүшөт. Кара, ак, кочкул-көк, табигый – сага ушундай гана гаммадагы түстөр керек!





Текст: Сүрөт: Oriflame Brand Images