Көзгө кара: бет кап кийгенде жасалуучу 3 макияж

Азыр үйдөн чыгып бара жатканда көбүнчөбүз бет кап тагынууга мажбурбуз, ошондуктан көз макияжы уламдан улам ар түрдүү болуп жатат жана бул чыгармачылык үчүн жакшы себеп! Аны туура тандасаң, ал сенин уникалдуу сулуулугуңду баса белгилейт. Бул мүмкүнчүлүктү колдонуп көрсөк кандай болот? Биз сени бетиңдеги бет капка карабастан жагымдуу кылууга жардам бере турган үч вариантты тандадык.

Тайманбас бол! Графикалык жебелерди чий
Классикалык «мышык» жебеси болобу же тайманбас графикалык жебелер болобу, сага бул процессти бир кыйла жеңилдете турган кеңештер керек болот.

Идеалдуу негизден башта. Ооба, кептин баары негизде! Тень үчүн праймер сызыктарын тактыгы маанилүү болгон учурда негизги ролду ойношу мүмкүн. Үстүңкү кабагыңдагы түс бир өңчөй болушу үчүн, бир аз консилер кошсоң болот.

Сонун классикалык жебени жасоонун эң жөнөкөй ыкмасы – бул контурду белгилеп алып, андан кийин аны толтуруу. Сызыктар кайда жайгашаарын белгилеп алып, ичке кисть менен чий. Эгер бир нерсе туура эмес болуп калса, аны өчүрүп, кайрадан баштоо бир кыйла жеңил эмеспи?

Жаркын бол! Ачык түстөрдү колдонуп, өз образыңды жаңырт 
Бир түстүн негизиндеги ачык мономакияж дагы эле актуалдуу, жана эгер сен бул трендди колдонуп көрө элек болсоң,убактысы келди. Түс – күнүмдүк көрүнүшкө ачыктыкты кошуунун идеалдуу ыкмасы. Бир аз гана күч жумшап койсоң, вау-эффект камсыздалат! Ылайыктуу түстү тандап, кирпиктериңди боёсоң эле баары даяр болот.

Мисалы, макияжга терең көк түстү кошуп көрөлү. Индиго түсүндөгү THE ONE Colour Unlimited туруктуу тень-карандашы менен кирпиктериңдин түбүн чийип, андан кийин толугу менен кабагыңды боё. Четтерин жакшы жайып бое. Туруктуулук үчүн үстүнөн тийиштүү түстөгү THE ONE тень-рефилин кошуп бекемдеп кой. Аягында кирпик тушу менен кирпигиңди боё: күнүмдүк образ үчүн THE ONE Wonder Lash 1де 5 көп функциялуу кирпик тушу идеалдуу ылайык келет. Баса, мындай макияж видеочалуулар үчүн да ылайыктуу.

Табигый сулуулугуңду баса белгиле: көзүңдүн түсүнө тень танда

Көгүш көздөргө күңүрт-саргыч боз түс ылайыктуу, ал эми кой көздөргө – жашыл түстөр туура келет. Жашыл көздөрдү назик сыя түстөр менен баса белгилесе болот. Кабагыңа тенди сүйкөп, кашыңдын астын баса белгилөө үчүн ачыгыраак түстү колдон. Көздөрдү көз көрүнөө чоңойтуу үчүн, жылтылдак түстү көздүн кабактын борборуна колдон.

Мына, болду. Бет кап тагынуу зарыл болсо дагы, жаркын болсоң болот. Чынында, бул сени кайталангыс кыла турган таптакыр жаңы образ менен тажрыйба жасоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк!