Кылдат иш: чыгыш макияжы

Бадам көз кыйыгы үчүн кандай техниканы тандоо керек жана чыгыш сулуусуна айланууга кандай амалдар жардам берет? Эӊ көп кездешүүчү суроолорго Казакстандагы THE ONE Beauty Award 2019 жеӊүүчүсү, визажист Роберт Алдаяров жооп берет.

 

Чыгыш көзүн кандай чийиш керек?

Эгерде кабагың бир аз ылдый түшүп, анын так скульптурасы жок болсо, анда «стрелкаларды» мүмкүн болушунча капталга чоюп жайылышы чийүү керек, алардын учу эч убакта ийилбеши керек. Ылдый түшкөн кабак, адатынча, кирпик контурунун үстүнө түшүп, кайгылуу жана чарчаңкы көрүнүштү жаратат - анын ордун толтуруу үчүн, стрелкаларды бир аз көтөрүп, капталга тартып чийүү керек, бул көздүн сырткы бурчтарын көз көрүнөө көтөрүүгө жардам берет.

Эң негизгиси – кабак бир аз түшүп турса дагы так жана түз сызыкты кармап туруучу туруктуу, түсү каныккан өнүм болушу керек.  Мага THE ONEкөзгө арналган туруктуу маркер-подводкасы жагат

Стрелкалар — бул көздү узартып
чоӊойтуп, анын тышкы бурчтарын
көтөрүү үчүн мыкты чечим.

Чыгыш көздөргө жасалуучу макияждын негизги эрежелери кандай?

Мындай макияждын негизги максаты көздү ачуу, кеңейтүү жана эч кандай учурда аны кичирейтүү эмес. Чыгыш макияжы үчүн көптөгөн сулуулук сырлары туура келбейт, анткени көздүн өзгөчөлүктөрүн эске алышпайт: үстүӊкү суурма дээрлик көрүнбөй, бирок ички бурчу, тескерисинче, оор көрүнүшү мүмкүн.

Күндүзгү макияжда кыймылдуу кабак үчүн жалтырак эмес же бир аз жаркыроочу тень колдон, алар түс же көлөмдүү кабакка тереӊдик берет. Кечки образга, көздүн ички бурчу ачык түстө, ал эми сырты күӊүрт түстө болгон классикалык ыкма баарына ылайыктуу эмес. Сенин уттурбас вариантыӊ - бул смоки айс. Түстөрдүн бири-бирине өтүшү туурасынан эмес, тигинен болушу керек: эӊ каныккан түс кирпиктин түбүнөн башталып, кашка карай бара-бара ачык түскө өтүп, жоголот. 

Жеӊил күрөӊ смоки  —
ачык жана назик макияждын 
уттурбас варианты.

Чыгыш кыздары каштарын кандай боёшот?

Эгер кашың жумшак формада болуп, ылдый карай өссө, анда сенин мастхэвдериӊ - бул калыӊдык жана графикалуулукту бер турган кашка арналган карандаш жана кашыӊа көлөм берип, керектүү багытта бекитүүчү кашка арналган тушь. Тренддеги форма түз, ал бетиӊди жаш жана сүйкүмдүү көрсөтөт.

Кирпик тушун кантип тандаса болот?

Кабак ылдый түшкөн учурдагы башкы ык – көлөмдүү, калыӊ кирпик жана буга тушту аябаш керек. THE ONE Lash Extension  кирпик кошуу эффекти бар узартуучу тушу кирпикти 65% узартат, жана, албетте, ылдый түшкөн кабакты булгабашы үчүн абдан туруктуу.

Эгер кабагыӊдын жаркыроосун кааласаӊ
жана ачык көз карашка ээ болгуӊ келсе —
көлөмдүү узун кирпиктер мыкты кошумча болот.

Чыгыш макияжында контуринг керекпи?

Эгер сенин бетиңдин линиялары жумшак болсо, аларды скульптуралоочу өнүмдөр менен баса белгилөө керек. Оор контуринг актуалдуу болбой калды, күнүмдүк макияж үчүн THE ONE IlluSkin суюк хайлайтеринин бир тамчысы менен чектелсең болот. Аны бет сөөгүнө, каштын астына, мурундун кырына жана ээкке сүйкө.

Тоналдык кремди кантип тандаса болот?

Чыгыш кыздары таптакыр көзгө көрүнбөгөн жабууну жакшы көрүшөт, бирок ошол эле учурда теринин түсү бир өӊчөй болушу керек. Эгер териң жылуу түскө ээ болсо, анда тоналдык кремдин астынкы түсүнө көңүл бур. Ал сөзсүз түрдө саргыч же нейтралдуу болушу керек, ал эми кызгылт же зайтун түстөрүнөн оолак болуу керек, бул бетти чарчаӊкы көрсөтөт.

THE ONE Everlasting Sync SPF 30 адаптивдүү тоналдык негизинин жана THE ONE Illuskin Aquaboost нымдандыруучу тоналдык негизинин тондору астыӊкы түстөргө бөлүнгөнү жагат: мында сен өзүңдүн идеалдуу тонуӊду оңой тандай аласыӊ.