Мени жейсиңби?! Териң үчүн пайдалуу ингредиенттер

Кемчиликсиз, саламат тери туура тамактануудан башталат... Сɵз сен ɵзүң жеген нерселер жɵнүндɵ гана эмес. Косметиканын курамындагы жегиликтүү ингредиенттер жарнамаланган витаминдерден жана минералдардан кем калышпай иштерин айтып беребиз.

Ойго сала турган нерсе
Сɵз ɵзүңдү жакшы сезүү жөнүндө болгондо, туура тамактануунун ролу ачык көрүнөт. Организмде азыктандыруучу заттар жетишсиз болсо, ал дароо эле байкалат. Ошол эле принциптер териге карата да колдонулат: ага пайдалуу компоненттерди канчалык кɵп берсең, натыйжа ошончолук жакшы болот! Бирок сен анын «тамактануудагы муктаждыктарын» канааттандырып жатасыңбы? Теринин саламаттыгы тамак-аштан алынуучу бир катар заттарды талап кылат жана алар жөнүндө сөз кылабыз..

Азыр бардыгыбыз кɵп убакытты үйдɵ ɵткɵрүп калгандыктан, интернетте териге үйдɵн кам кɵрүү жана рецепттер темасына сурамдар бир кыйла кɵбɵйдү. Биз бетке да жакшы таасирин тийгизе турган жегиликтүү ингредиенттердин тизмесин түздүк.

Сулу: B3 жана B5 витаминдери

Чемпиондордун эртең мененки тамагы жана сулуулук боюнча эксперттердин сүйүктүү даны азыгы болгон сулу ɵзүнүн пайдалуу касиеттери менен белгилүү. Ал липиддерге, протеиндерге, бета-глюкандарга, Е, В3 жана В5 витаминдерине бай – мунун баары терини коргоого, тынчтандырууга жана нымдандырууга жардам берет. Кургак, тартылган, дүүлүккɵн, түлɵгɵн тери үчүн идеалдуу.

 

Ит мурун: Омега-3 жана Омега-6 май кислоталары
Бул даамдуу суусундуктан да кɵбүрɵɵк жана чайдын ордуна колдонсо болот. Ит мурун майы – териге кам кɵрүүдɵ талаптуу ингредиент болуп саналат.

Омега-3 жана Омега-6 алмашкыс майлуу кислоталарынын жогорку курамынын аркасы менен бул азыктандыруучу ингредиент бардык түнкү кремде пайдалуу зат боло алат. Теринин табигый коргоочу барьерин калыбына келтирүү үчүн идеалдуу.

Чие: альфа-гидрокислоталары
Жɵн гана жайкы сүйүктүү мɵмɵлɵрдүн бири эмес, гиперпигментацияга каршы күрөшүүдɵ да күчтүү каражат. Чие альфа-гидроксикислоталарынын (AHA) табигый булагы болуп саналат, алар клеткалардын жаңылануусуна көмөктөшөт жадна териге саламат жаркыроо тартуулайт. Кошумчалай кетсек, чиенин курамында агартуучу таасири бар күчтүү антиоксидант болгон С витамини бар. Чындыгында торттун үстүндɵгү чие бекен? 

Гиперпигментацияга каршы күрɵшүү, түстү жана текстураны тегиздɵɵ үчүн идеалдуу.

Мɵмɵлɵр: С витамини жана антиоксиданттар
Ширелүү жана таттуу мɵмɵлɵр – пайдалуу заттарга толгон суперфуд. Табигый шекерлер магнит сымал иштеп, териге нымды сактап турууга жардам берет. Кара моюл, кулпунай жана ɵзгɵчɵ кара бүлдүркɵн С витаминине ɵтɵ бай жана антиоксиданттык касиеттери бар фенолдор менен флавоноиддерди абдан кɵп ɵлчɵмдɵ камтыйт. Жаркыроо жана нымдандыруу берүү үчүн идеалдуу (нымды сакташат).
 
Таттуу каштан: витаминдер, минералдар жана антиоксиданттар
Ал Европада кеңири таралган, ал жерде аны майрамдарда жана фестивалдардаа ачык отко кууруп жешет. Каштан дүйнөнүн бардык ашканаларында эле кездеше бербейт, бирок анын азыктандыруучу касиеттеринин аркасы менен аны бул тизмеге коштук. Мөмө витаминдерге, минералдарга жана антиоксиданттарга бай. Анын курамында флавоноиддер жана ийлɵɵ заттары бар, ал эми териге кам көрүүчү каражаттардын курамында териге тазалык сезимин берип, аны сергитип, куруштуруучу таасир берет.

Терини тазалоо жана сергитүү үчүн идеалдуу.

Так рецепт боюнча
Үйдө кам көрүүгɵ арналган каражаттарга болгон мода өсүп жатат, бирок эксперттер этият болууга чакырышат. Кээ бир тамак-аш тери үчүн ɵтɵ агрессивдүү болуп, ал тургай, анын табигый коргоочу барьерине зыян келтириши мүмкүн. Алардын негизинде өзүңдүн кам көрүү системаңды иштеп чыгуудан мурун, жакшылап ойлон: ошол эле заттар косметикада тери үчүн эң ыңгайлуу формада колдонулат. Окумуштуулар чөптөрдү, мөмө-жемиштерди, дан эгиндерин көп жылдар бою изилдеп, алардан эң жакшысын алып, аларды каражаттардын формулаларына бириктиришет. Алардын бардыгы текчеге коюлганга чейин катуу сыноо стандарттарынан өткөн. Окумуштууларга рахмат – алардын аркасы менен биз териге коопсуз кам көрө алабыз.

Редакциянын тандоосу: тегиз түс жана теринин жаркыроосу үчүн Optimals Even Out сериясы

Күн, стресс, жаш курактагы ɵзгɵрүүлɵр теринин түсүнүн ɵзгɵрүшүнɵ алып келиши мүмкүн. Табигый тектүү азыктандыруучу компоненттерден турган Optimals Even Out ссериясы гиперпигментацияга каршы күрɵшүп, пигменттик тактардын пайда болуусун алдын алып, терини коргоп, аны жаркыратат.

Курамында:

Тобулгунун экстрактынан алынган C витамини жана салицил кислотасы беттин түсүн тегиз кылып, пигментацияны кыскартууга жардам берет
Unitone эки катар таасир берүү технологиясы гиперпигментацияны азайтып, алдын алып, терини жаркыратып, түсүн тегиздейт.
Табигый тектүү полимерлердин негизиндеги Polluprotect коргоочу технологиясы – агрессивдүү айлана чɵйрɵдɵн коргоочу кɵрүнбɵс калкан.

Жаңыланган серияны колдонуп кɵр:

Дневной крем против пигментации SPF 20 Optimals Even Out 
Ночной крем против пигментации Optimals Even Out
Крем против пигментации для кожи вокруг глаз Optimals Even Out
Сыворотка против пигментации Optimals Even Out