Аталышы: Жаӊы түстөгү жашоо

Жан дүйнөӊ өзгөрүүлөрдү талап кылып, күзгүдөн укмуштуудай брюнетканы, платина түстүү блондинканы же чачыӊды кызыл түстө көргүң келип, биринчи жолу чач боегуна буюртма берүү жөнүндө ойлонуп жатасыӊ. Түстү кантип туура тандап, чачты саламат сактоого болот? Кел, биргеликте аныктайлы!

1. Даярдануу
БИЗДИН СХЕМАБЫЗДЫН жардамы менен ЧАЧ БОЁКТУН ТҮСҮН танда. Ал табигый чач түсүнөн эки түстөн көп айырмаланбашына аракет кыл. Көңүл бур: кээ бир түстөр сенин чачыӊдын табигый түсү үчүн сунушталбайт, 6.6, 10.31, 12.01 жана 12.02 номерлерин агарган чачтар көп болгон учурда колдонууга болбойт

Процедурадан 1-2 күн мурун башыңды жууба - табигый липид пленкасы баштын терисин жана чачты бузулуудан коргойт. Курамды көрсөтмөсүндө жазылгандан узагыраак кармаба - андан түс ачыгыраак же туруктуураак болуп калбайт, бирок чачтар жабыркап калышы мүмкүн. Эгер сен химиялык тармалдатуу же түздөтүү жасаткан болсоӊ, боёо үчүн бир жума күтө тур.

2. Боёгондон кийин чачты 72 саатка чейин жууба
Колористтер чачты жууганга чейин боёп бүткөндөн кийин 72 саат күтүү керектигин айтышат. Эмне үчүн? Ошентип, чач кутикуласы толугу менен жабылып, жаңы түстү сактап калат. Ошондуктан, чач тарачка баргандан кийин үч күн күтүп тур, ошондо түс сени көп убакытка чейин кубандырып турат!

3. Сууну кургак шампунь менен алмаштыр (кээде)  
Чач боёктогу химиялык заттар чачтын тышкы зыяндарга дуушар болушуна алып келет, ошондуктан башында чачыңды күн алыс жууп, сергектикти узартуу үчүн кургак шампунь колдон. Айрыкча, чачты чайкаганда ысык сууну көп колдонбо – ал кутикуланын сырткы катмарын көтөрүп, түс тезирээк жуулуп кетет.

4. Ысык жасалгалоодон алыс бол
Боелгон чач ысыкка сезгич болот, андыктан аны ашкере колдонбо. Чачты сүлгү менен жаап, андан соӊ табигый жол менен кургат. Эгерде сен үтүк же плойка колдонсоң, минималдуу температураны коюп, термалдык коргоону колдон.

5. Чайкалбоочу кам көрүүнү колдон  
Кургак, сынма, жалтыроосуз — боёлгон чачтардын эӊ көп кездешүүчү көйгөйлөрүн чечүүчү атайын кам көрүүчү линейкаларды танда. Эгер  шампунь жана кондиционер менен чектелсеӊ, маску жана ЧАЙКАЛБООЧУ КАМ КӨРҮҮНҮ кош.

Текст: Сүрөт: Джон Бадди / Кросби. Getty images