Хайлайтер: аларды жасабаш керек болгон төрт ката

Сырткы жана контурдук көрүнүштөрдүн популярдуулугунан улам, сатуунун рекорддоруна чыгат. Бирок аны баары эле туура колдоно бербейт. Биз сен үчүн башталгыч макияжчы гурунун төрт катасынын тизмесин түзүп, алардан кантип сактануу керектигин айттык.

1. ТУУРА ЭМЕС ТҮС (ӨҢ) 
Ал сенин териңдин тонуна туура келген түстү колдонуп жатканыңа ишеним ал, сенин бетиңде ал бөтөн көрүнгөн нерседен алыс бол. Эгерде сенин териңдин тону орточодон каралжынга чейин өзгөрүп турса, анда алтын-шабдалы түстөрүнөн колого чейинки түстөрдү танда. Сенин териң агышпы? Анда ачыгыраак түстөргө, мисалы, пилдин сөөгү сыяктуу түстөргө көңүл бур. 

2. ТУУРА ЭМЕС СҮЙКӨӨ   
Кремдик хайлайтерди колдоносуңбу? Аны алакандарыңа салып жылыт жана ага жаркыраган нурланууну бергиң келген жерлерге кылдаттык менен сүйкө. Пудра (упа) негизинин үстүнө суюк хайлайтерди колдонгуң келип атабы? Андай кылба. Анда ал негиз териде бирдей эмес болуп көрүнөт! Пудра (упа) негизи менен хайлайтерлерге же суюк тоналдык негиздерге көңүл бурууну сунуштайбыз. Каражатты сүйкөө учурунда көп кетириле турган дагы бир ката – бул чыдамсыздык. Суюк тоналдык  негиздин үстүнө сен суюктук хайлайтерди колдонгондо, эки каражаттын тең жакшы сиңип кетишин күтүү маанилүү, андан кийин гана макияжды бекемдөө үчүн ачык таза түстөгү пудраны (упаны) колдонуу керек.

3. ТУУРА ЭМЕС ЖЕРГЕ СҮЙКӨӨ
Эгерде, сен аны керектүү эмес, башка жерге сүйкөсөң, хайлатер сенин бетиңди жазы кылып көрсөтүшү мүмкүн. Эгерде хайлайтерди бүт бетиңе сүйкөсөң, анда сен каалаган натыйжага жете албайсың,  жана эгерде аны керектүү жерден төмөнүрөөк сүйкөсөң, анда чарчаган өңдү аласың. Хайлайтерди сүйкөө үчүн ылайыктуу жерлер – жаак сөөктөр, мурун же жогорку эриндин үстүндөгү бурч саналат.  

4. ӨТӨ КӨП СҮЙКӨӨ  

Нур чачыраткан каражат бетиңде ашыкча болуп турса, назик жаркыроонун же жеңил эле жаркыраган өңдүн ордуна бозоргон начар өндү берет. Эсиңде болсун, хайлайтер жаркыраган учкунду чагылдырышы керек жана терини бозортпой, ага сергектик бериши керек.

Каражатты канча алыш керек? Бул суроонун жообу аба-ырайына жараша болот. Көчөдө жумшак жана нурлуу чачыраган жарык болсо, анда азгырыктуу ачык макияж жасоодон тартынба. Бирок күн ачык болсо, хайлайтерди мүмкүн болушунча азыраак колдонууга аракет кыл. Биздин кеңеш: сен күнү бою кандай абалда болсоң, продуктуну ошондой жарыкта колдон. (Мисалы, эгерде, сен күнү бою таза абада эшикте жүргүң келсе, макияжды ал жерде жарык такыр башкача болгон ваннадан эмес, терезенин алдында туруп жаса). Ошондо өтө жаркыраган макияж менен эч кандай конфуз болбойт.





Текст: Сүрөт: Anna Mårtensson, Oriflame brand images