5 лайфхак: Эриндер үчүн бүт макияж жылтылдаган жалтырак менен

Сүйүктүү тоналдык кремиңди сыйпа — жана жасалганы башта! Галина Ильина, Oriflameдин бьюти-эксперти, бир продуктунун жардамы менен бүт макияжды кантип аткаруу керектигин көрсөтүп берет.

Хайлайтер сыяктуу

Эриндер үчүн жылтылдаган жалтырактын жардамы менен нымдуу теринин модалуу эффектисин тузүүгө болот — подиумда көрсөтүүлөрдүн көшөгөсүнүн артында жана журналдын тышындагы сүрөттөрдө визажисттер так ушундай жасашат. Манжаларыңдын учтарына жылтылдаган жалтырактын бир тамчысын салып алып, аны жаактарыңдын эң жогорку точкасын, каштын алдындагы жана үстүндөгү точкаларга бөлүштүрө сүйкө. Сен жалтырактын керектүү текстурасын тандап алуу менен жаркырап жанган деңгээлин: глянец жалтырагынан шиммердик жалтыракка чейин жөнгө сала аласың. Мен THE ONEден “Жаркыраган нюд” колдоном:  жеңил текстура тегиз жана чапталышуу сезимисиз сыйпалат. 

Кабактар үчүн топ сыяктуу

Нымдуу кабактын тренддик эффектисин кечеге барганда гана жасоого болот - мындай макияжды күндүз жасап көрсөң! Эртеңки менеки мейкап үчүн теринин түстөрүнө жакын түстөрдү: бозомтук, роза гүлүндөй назик кызгылт, шабдалы түстөрүн танда. Кечинде чыгуу үчүн (или скайп-коктейли) жемиштер, алча гүлдөрү менен эксперимент жасап көр. 

Маанилүү: мындай макияж кабагы ачык кыздарга гана туура келет. Кабактын «алмасына» ичке катмар жана ургулоо кыймылдары менен сы

 

 

Каштар үчүн гель сыяктуу

Каштарды жасоо үчүн кимдин колунда атайын гели жок болсо, ошолор үчүн лайфак: бозомтук түстөрдөгү глянец жалтырак жана орточо тунук жалтылдак жардамга келет. Щетканын жардамы менен каштарга керектүү багыт бер, андан кийин ага жалтылдакты алып жана дагы бир жолу сыйпап өт. Жылтырактын бөлүкчөлөрү каштарды ороп, аларды көлөмдүү жана көрүнүктүү кылат. 


Эгерде сен каштар үчүн карандашты же тендерди колдонсоң, ошолордон башта, ал эми жалтырактын жардамы менен каштарды жасалгалоо - бул акыркы кадам болуп саналат.


Эриндер үчүн плампер сыяктуу

Учкун сыяктуу жылтылдаган жылтыратма – эриндерди көрүнүктүү чоңойтуу үчүн эң мыкты продукт, ал учкун сыяктуу көлөмдүү жылтылдоонун натыйжасын берет. Жылтылдаган жылтыратманы эриндин ортосуна сыйпа жана четтерин бир аз жайылта сыйпа. Эффектти күчөтүү үчүн эриндердин сырткы четтерин жана бурчтарын бир тонго ылдыйраак жалтырабаган помада менен боёп кой.

 

 

Эндик сыяктуу

Бардык түстөгү глянец сыяктуу жалтырагын жеңил эндикти (румяна) түзүү үчүн колдонууга болот. Орточо таза тунук түс жана жеңил көлөкөсү менен назик текстура тери менен дээрлик биригип калат – сен «эндикти» кошконуңду эч ким байкабай да калат. 


Сүйүктүү жылтырагыңдын бир аз өлчөмдө колуңа коюп ал жана продукт теринин жылуулугунан жылыганча күтө тур – ал жылуураак болсо, жакшыраак бөлүштүрүлөт. Жумшак мамык кисть менен жылтылдактан алып, беттин алмаларына жеңил кыймылдар менен сыйпа. Беттин борборунан тартып чыкыйларга карай кылдаттык менен жайып сыйпа. 

 

 

Ар кандай түстөрдү байкап көрүңүз жана макияж менен тажрыйба жасоодон коркпоңуз! Андан да пайдалуу сабактарды Oriflame сулуулук мектебинен көрүңүз!