Ылдыйлап түшкөн кабак үчүн жебечелер

Oriflameдин мейкап-эксперти Галина Ильинадан көздүн үстүндөгү ылдыйлап түшкөн териси (веки) үчүн макияждын кадам менен берилген сабагын оку жана THE ONE продуктуларынын жардамы менен аны түзөтүп алууну үйрөн.

 

1-кадам : терини даярдоо

Кабактардын терисинин идеалдуу тондо болушу өтө сейрек кездешет. Алдыда жасала турган макияжды жакшы, тыкан кылуу жана анын туруктуулугун узартуу үчүн аны туура даярдоо керек (бул өзгөчө териси майланышууга жакындар үчүн маанилүү). Капиллярларды көрүнтпөй салыш үчүн консилерди сүйкө, жана пудраны (упаны) жука катмарда сыйпап кой — же жалпы эле ылдый түшүп турган кабак боюнча агыш ачык түстөгү тендерди үлпүлдөгөн жумшак кисть менен жайылта сүйкө. THE ONE “Бозомтук нюд”  түстөрүн тандап алсаң да болот, ал универсалдуу. Кургак продуктунун катмары ашыкча майды сиңирип алат жана каралжын түстү жайылта сүйкөөнү жеңилдетет.

2-кадам: каралжын түстү сыйпоо

Кабактын ылдыйлап түшүшү эки түрдө болот: көздүн тышкы бурчуна карай же көздүн ортосуна карай ылдый түшүү менен болгон түрү кездешет.

Түз өзүңдүн алдыңда турган күзгүгө каранып, сенин кабагың кирпиктер өскөн сызыктын кайсы жерине тийип турганына көңүлүңдү бур. Каралжын түстөрдүн жардамы менен анын көмүскөдө калгандай көрүнүшү үчүн кабактын ылдыйлап түшкөн жерине күрөң түстөгү тендерди сүйкөйбүз. Тендин түсү өтө каралжын болбош керек, биз табигый тень сүйкөлгөндөй көрүнүштү беребиз. Мага «THE ONE “Бозомтук (матовый) латте” : жагат: ал контуринг үчүн болгон пудрага (упага) окшошот. В Менин учурумда менин кабагым көздүн сырткы бурчуна карай ылдыйлап турат. Ошол эле үлпүлдөгөн жумшак кисть менен тенден бир аз чыгарып алам жана ошол аймакты боёп чыгам. Көздүн көрүнүшү чоңураак болгондой кылып, аны жеңил гана чыкыйга карай жайылта сүйкөйм.

Эгерде сенин кабактарың көздүн ортосуна карай ылдыйлап түшүп турса, анда каралжын түстөгү тенди анын бырышкан жерине сүйкөө керек. Ал кабак ылдыйлап түшүп турган учурда анчалык таасирлүү эмес экенине карабастан, анын абалын аныктоо оңой эле. Кистти тескери буруп, анын кармагычын (ручкасын) акырындык менен каштардан бир аз ылдыйраак кылып коюп ал. Көздүн сөөктөрүнүн чектериндеги көңдөй жерди сездиңби? Так ушул жерге бүтүндөй кабактын үстүнкү жагы боюнча каралжын түстөрдү кошуу керек.

Макияжды жасап бүткөндөн кийин, көздөрүңдү ачып, макияжыңды текшер: шундай абалда кабактын ылдыйлап түшкөн жагы жашырылбай, каралжын түстүн калганына ишеним алуу керек.

 

3-кадам: кирпиктердин арасындагы стрелка (жебе)

Кирпиктердин арасындагы мейкиндикти жана үстүңкү былжырчаны (слизистую) карандаш менен бойойбуз - бул кирпиктерди жыш сыяктуу кылып көрсөтөт, көз караштын таасирдүүлүгүн тереңдетет жана көздөрдүн көрүнүшүн чоңураак кылып көрсөтөт. Мындай кадам сөзсүз түрдө стрелкалар (жебелер) менен жасала турган макияж үчүн керек: кирпиктердин арасында боштуктар болбошу керек, болбосо стрелка (жебе) начар көрүнүп калат.Көздүн кабагын жабыркатып албаш үчүн жана каныктырылган сызыкты оңой алуу үчүн жумшак жана пигменттелген карандашты танда. Мен THE ONE High Impact карандаш-подводкасын колдоном. Бул кадамдан кийин тушту сүйкөө керек жана андан кийин токтоп туруу керек — мында сен ылдыйлап түшкөн кабак үчүн базалык күндүзгү мейкапты аласың. Бирок биз андан ары стрелка (жебе) тартууну улантабыз.

4-кадам: стрелка (жебе)

Көздөрдүн ылдыйлап түшкөн кабактары үчүн макияждын максаты – көздөрдүн сырткы көрүнүшүн оор кылбоо үчүн жана көздү "бери чыгарып" көрүнүктүү кылуу болуп саналат.

Жебе (Стрелка) мүмкүн болушунча жука жана учу кыска болушу керек: мындай сызык кабакты оордоштурбайт жана сынып да калбайт.

Ийгиликтин ачкычы – бул өтө туруктуу продукт, ал көздөрдүн ылдыйлап түшкөн кабактарынын алдына жайылып кетпейт. Мага THE ONE лайнери, он с жагат, ал биринчи катмардан эле бекем туруктуу сызыкты берет жана макияжды тазалаганга чейин кармалып турат. Алгач, кирпиктер өскөн чектер боюнча сызыкты чийип тартабыз. Ички бурчунда карай кетүүчү сызык ичке болушу керек, ал эми сырткы бурчунда — андан бир аз жоонураак болушу керек. Анын калыңдыгын басым менен жөнгө салууга болот: сен лайнерге канчалык катуураак бассаң, жебе (стрелка) ошончолук жоонураак болот. Экинчи ыкма — алгач, бүтүндөй кабак боюнча ичке сызыкты жасап алуу керек, ал эми экинчи кадам, тышкы бурчуна подводканы кошуу керек.

Эми анын учун жасайбыз. Көңүл бур: траекторияны түзүү учурунда ал төмөнкү кабактын сызыгынын уландысы болушу керек. Төмөн түшүрүүгө болбойт! Бул көздү көтөрүп коет жана көздөрдүн ачык көрүнүшүн берет.Төмөнкү кирпиктердин сызыгын болжолдоп алуу менен жебенин (стрелканын) учунун ылдыйкы четин чийип тарт. Аны үстүнкү кабактын сызыгы менен туташтыр жана натыйжада пайда болгон үч бурчтукту штрихтеп кой.

 

5-кадам: кабактын ылдый жагын жана кирпиктерди карартуу

Күрөң түстөн бир аз алып, көзгө көлөм берүү үчүн жалпак кисттин жардамы менен кабактын ылдый жагына аны кош. Каректин денгээлине келгенде токтот жана ички бурчту көздөй карартпа.

 

Ылдыйлап түшкөн кабакты алар менен жаап салган сыяктуу болуш үчүн аны жогору тартуу аркылуу кирпиктерди мүмкүн болушунча коюраак кылып боё.

Коюу көлөмдүү кирпиктер көздүн ылдыйлап түшкөн кабактарын эң сонун түзөтөт.

Даяр! Ушул образды түзүүгө карата бардык каражаттарды карап чыгуу үчүн сүрөттү бас.

Визажисттин кеңеши

Жебелер (стрелкалар) менен макияж кечки макияждын чегинен эчак эле чыккан. Эми аларды күндүзү да, түнү да, каалаган убакта, каалаган кеңдикте жана узундукта тарта алышат. Ылдыйлап түшкөн кабактар үчүн классикалык жебесин (стрелка) өздөштүргөндөн кийин сен тренддер менен эксперимент жасап көр.

Жеңил стрелка (жебе)

Көптөгөн кыздар макияжсыз макияждын тренддик натыйжасын түзүү үчүн же көздүн көрүнүшүн бир аз өзгөртүү үчүн так ушуларды тандап алышат. Сызык биринер-билинбес жана тен менен жакшылап сүйкөлгөн, ал эми учу – кичирээк тартылган болушу керек. Мындай стрелка (жебе) томпок көздүүлөр үчүн ылайыктуу болот: алар калың стрелкаларды (жебелерди) тартуудан алыс болуш керек, ал эми учун болсо, так сырткы бурчунан бүтүрүү керек.

Омбре-стрелка (жебе)

Стрелканын (жебенин) ушул версиясы жай мезгили үчүн абдан ылайыктуу. Бирок күздүн же кыш мезгилинин стилдүү стрелкаларын (жебелерин) алуу үчүн ачык түстөрдүн палитрасын андан каралжын түстөргө алмаштыруу жетиштүү болот. Ички бурчуна ачыгыраак түстү, ал эми сырткы бурчуна — каралжын түстү колдонууга болот.

Эки стрелка (жебе)

Жебелердин ушул түрү көздүн көрүнүшүн ачык кылат, кирпиктер абдан коюу, ал эми образ оюнкараак болуп көрүнөт. Көздөрдүн ички бурчунан сырткы бурчуна карай жылдыруу менен көздөрдү толук бойдон (үстүнкү да, жана ылдыйкы да) чийип кой. Учтарын бир аз бурчтуу кылып, ал эми учтарын — параллелдүү кылып коюу керек, алар бири-бири менен кесилишпеши керек. Алардын ортосундагы боштукту ачык түстөгү карандаш менен же натыйжалуураак болуш үчүн консилер менен боеп, толтуруп кой.

Идеалдуу каштарды түз, жана #ярекомендуюKG хештеги менен инстаграмга чыгарып кой.  Oriflameдин сулуулук мектебинен мындан дагы пайдалуу сабактарды көр!

Текст: Сүрөт: Oriflame