Макияж үчүн палетка: кайсы түстөрдү тандоо керек, аны кантип сыйпоо керек жана бул жерде праймердин эмне тиешеси бар

Көздөрдүн бозомтук жана нюд макияжынан башка дагы жашоо деген бар. Ар түстүү, жалтырак же бозомтук — ушул жаңы материалда биз тендердеги өзүңдүн палеткаңды кантип чогултуу керектигин жана ачык мейкти кантип жасоону үйрөнүү керектигин биз айтып жана көрсөтүп беребиз.

1. МЕН АНЫ ДАЙЫМА ӨЗҮМДӨ АЛЫП ЖҮРӨМ, ЖЕ ПРАЙМЕР ЭМНЕ ҮЧҮН КЕРЕК
Алгач праймерди колдон. Ал негизди түзөт, тендин туруктуулугун узартат же эндиктин тоголоктошуп тушүүсүнөн коргойт. Сен тендерди же эндикти (румяна) кургакпы же нымдуу ыкмадабы, кандай түрдө сыйпасаң да, ал маанилүү эмес, бул формула универсалдуу. Сунуштайбыз: Кабактар үчүн The ONE праймери.

Эки-үч эреже: праймерди манжаларыңдын учу менен бүт кабактын үстүнө сыйпа жана каштарга карай жайылта туштап сүйкө. Колдонуунун алдында колду жууганды жана аларды кургатууну унутпа

2. ТҮСТӨН КОРКПО
Эми түстү тандоо жөнүндө сүйлөшөлү. Оптималдуу натыйжа алуу үчүн сага төрт түс керек: өтө каралжын, эң ачык, орто жана жаркыраган тустөр керек болот. Бирок, мындан ары аны колдоно албайсың деп ким айтты

Мисалы, кабактар үчүн The ONE рефил-тендери: жалтырагандардан тартып бозомтук түстөргө чейин абдан жогорку пигменттелген бардык 13 түстөр  кургак, ошондой эле нымдуу кылып сыйпоо үчүн ылайыктуу болот жана 15 саатка чейин кармалып турат. Алардын жардамы менен сен учурга же маанайыңа карабастан эртең мененки, күндүзгү жана кечки образдарды түзө аласың. Тендерден трио, квартет же секстетти тандап ал, аны менен The ONE Make-up PRO (чоң же кичине) магниттик палеткасын толтур жана чыныгы визажист катары образдарды түз.

ПАЛЕТКАНЫ КАНТИП ЧОГУЛТУУ КЕРЕК
1. Рефилдердин коллекциясынан тендердин - үч, төрт же алты түстөрүн танда. Ошондой эле сен The ONE Make-up Pro «Роза», «Терракот» же «Шабдаалы». мрамордук эндиктердин үч түсүн тандап ал. Алардын бардыгы теринин ар кандай тондору менен айкалышат жана биринин үстүнө бирин катмарлантып сыйпоого болот
2. Тендердин же палетканын  (чоң же кичине). ичиндеги эндиктердин ар бир магниттик рефилдерин белгилеп кой. Алардын ар биринде күзгү бар, чоң бөлүгүндө — тендер үчүн эки тараптуу кисточка-аппликатору да бар. Палетканы алмаштыруу жана жаңыртуу үчүн рефилдерди чыгарып сал

3. Толтурулганды өзүң каалаганда, бат-баттан алмаштырып тур. Жаңы образдарды жаратуу үчүн сенде ар кандай түстөгү 16 рефилдер бар

3. ТУУРА КОЛДОН
Эми сүйкөө тууралуу. Жалтылдаган текстураны кабактын кыймылдабаган бөлүгүнө жана каштардын ортосундагы мейкиндикке сүйкөө керек. Каралжын түстөгү тендерди көздөрдүн сырткы бурчуна же үстүңкү кирпиктердин сызыктары боюнча (подводка сыяктуу) сүйкөйбүз. Идеалдуу жайылта сүйкөөгө жетишүү - маанилүү.

Макияждын моделинде биз төмөнкүлөрдү колдондук: көздөрдүн бурчуна «Каралжын кофе түсү» түсүн жана түстөр жеңил өтүүнү түзгөндөй болуш үчүн  бүт кыймылдуу кабак боюнча "Каныккан жез" (33681) түсүн колдондук. Көздөрдүн ички бурчунан кабактын ортосуна чейин «Роза түсүндөгү алтын» жана «Бермет роза түсүн», жайылта туштадык,  «Аяз күмүш» түсүнүн жардамы менен каштардын ортосундагы мейкиндикке жаркыраган жылтылдакты коштук
Макияжды кайтала же өзүңдү түз - чыгармачылык үчүн эч кандай тоскоолдук жок!

Текст: Сүрөт: Андреас Элунд