Чачтарга кантип укмуштуудай сонун көлөмдү берүүгө болот

Эң жөнөкөй жана эң натыйжалуу чачтын жасалгасы (прическа) (тармал чачтардан кийин, албетте) — чачтын көлөмдүүлүгү. Чачтарга кантип көлөм берүүгө жана миллион комплименттерди алуу керектигин айтып беребиз.

1. ТАЗАЛОО ЖАНА АЗЫКТАНДЫРУУ 
Көлөм берүү үчүн атайын  шампунсуз  жана кондиционерсиз  жука чачтарга көлөм кошо албайсың. Бул эки каражат тең чачтарды тазалоого, калыбына келтирүүгө жана азыктандырууга жардам берүү менен түгөйлөшүп иштешет. Натыйжасы – тыгыз, бекем жана туруктуу, көлөмдүү чачтар.

2. ЧАЧТАРДЫ ФЕН МЕНЕН ЖАСОО 
Бул милдеттүү процедура. Эффекти бузулбашы үчүн чачтарды жасалгалоо учурунда термокоргоочу каражаттарды  милдеттүү түрдө колдон. Маанилүүлүгү боюнча экинчи нерсе – бул туура тарак. Сага  тегерек тарак керек. Жана акырында, туура техника керек. Чокуңдан тартып чачты уучтарга бөлүп ал, жана алардын ар бирин керектүү жагына ороп буруу менен кезек-кезеги менен кургат

3. МААНИЛҮҮ ДЕТАЛДАР 
Бардыгын туура жасадың, бирок экинчи күнү чачыңдын жасалгасынан эч нерсе калбай калып жатабы? Же болбосо, чачтар өтө жумшак жана аларга текстурасы жетишсизби? Анда кургак шампунду колдон. Ал чачтардын тамырларынын майлуулугун заматта нейтралдаштырат, кунарсыз чачтарга жакшы көлөмдү, сергектикти жана тыгыздыкты берет. Кургак шампунду кантип колдонууга болот? Флаконду чайка жана аны чачтын тамырларынан 20 см аралыкта кармап, каражатты чач.  Биринчи кезекте тамырларга чач, андан кийин калганын узундугу боюнча иштет.

4. ЖӨН ЭЛЕ МАГИЯНЫН ӨЗҮ 
Эми чачтын тамырлары абдан сонун көрүнөт: көлөмдүү, калың. Эң жашыруун сырды ача турган учур келди. Тактап айтканда: Чачтарды ороп тармалдоо үчүн 3D-щеткасын  колдон, ал укмуштарды жасайт.  Ал бир ууч чачтардын чачышын чыгарууга, чачтын көлөмдүү жасалгасын түзүүгө, ичке ийримдерди ийилтүүгө же толкундарды жаратууга жардам берет. Бул чачтын «боб» стрижкасы үчүн идеалдуу келет. Анан калса, ушул чудо-щетка чачты фен менен кургатууну жеңилдетет жана чачтардын бузулушу боюнча тобокелдигин төмөндөтөт

5. КАМКОРДУК ЖАНА КОРГОО 
Бүт натыйжаны бузбаш үчүн жана чачтарды коргоо үчүн фитонутриенттердин комплекси менен көп функционалдуу СС-кремин сыйпа. Анын 22 пайдалуу касиеттери бар. Жазуу түрүндө да кайталайбыз: жыйырма эки. Алардын бир нечесин төмөндө келтиребиз: чачтын жасалгасын жеңилдетет, чачтын жасалгасын оорлоштурбайт, бардык типтеги чачтар үчүн ылайыктуу, чачтарды жылмалайт, ага жылтыраган түстү берет, антистатикалык таасирин камсыздайт жана чачтын түшүшүн азайтат. Колдонууда оңой: Каражатты бир аз өлчөмдө (буурчактын өлчөмүндөй) алаканыңа куюп ал, анын экинчи алаканың менен бириктирип сүргүлө жана кургак же кургатылган чачка - ортосунан учтарына чейин бөлүштүрүп жайып сыйпа. Мына эми баары аяктады! Натыйжасынан ырахат ал.

Текст: Сүрөт: Oriflame