Чыныгы жылдыз болуу үчүн жөнөкөй 5 кадам менен кантип жаркыроого жетишсе болот!

Каалаган бьюти-журналыңды барактап, же Instagram’ды ачсаң, жаркыроого кантип жетишүү керек экенин окусаң болот. Бирок бул бүт дүйнө жүзүн багындырган эмне деген бьюти-тренд? Z мууну аздектеген жаркыроо – бул өзүңдүн мыкты версияң болуу үчүн зарыл болгон жана бардыгыбызга жетишпей турган нерсе ушул! Демек, эгер жылдыз сымал жаркыроону кааласаң, өзүңдү шыктандырып, жаркыратып өзгөртүү үчүн, биз сени эрегишке чакырабыз.

Териң жаркырасын!
Теринин сапаты – бул биздин маектештерибиз эң биринчи байкаган нерсе, ошондуктан беттин жаркыраган териси өзүңө толук ишенүүнү камсыз кылат. Эгерде териңдин ичинен жаркыроосун кааласаң, анда ага кылдаттык менен кам көрүү керек. Эгерде сен буга чейин мындай кыла элек болсоң, анда өзүңдүн күнүмдүк сулуулук процедураларыңа сывороткаларды кош: алар теринин терең катмарына активдүү ингредиенттердин концентрацияланган дозасын жеткирет, алардын пайдасы бир нече колдонгондон кийин айкын болуп, байкалат.

Териңдин жаркыроосу үчүн, нымдандырууга жана тез жаңылоого багытталган сыворотканы же терини агартып, бырыштарды азайтуу үчүн коллагендин иштелип чыгышын жогорулатуучу сыворотканы танда. Кошумча эффект алуу үчүн бетиңди тез укала, бул микроциркуляцияны жакшыртат жана шишик менен күрөшүүгө жардам берет.

Көбүрөөк суу ич
Кел, реалдуу бололу. Сулуулук ичтен башталат – жана чындыгында териң жалпы ден соолугуңду чагылдырат. Узак мөөнөттүү дени сак жана жаркыраган тери үчүн нымдуулук маанилүү жана бир гана кам көрүү түрүндө эмес, ошондой эле керектелген суу түрүндө дагы. Күнүнө жок дегенде 2 литр суу ичкениңди текшерип, же терини пайдалуу кошумчалар менен нымдап тур. Биз CeramosidesTM технологиясы жана антиоксидантка бай кызылгат экстракты кошулган Aqua Glow суусундугун жакшы көрөбүз.

Хайлайтер кош 
Макияждагы жаркыроонун эффектине хайлайтер жооп берет жана биз крем хайлайтерин сунуштайбыз: ал тери менен биригип, мүмкүн болушунча табигый көрүнөт. Манжаларың менен түздөн-түз сүйкө; алардын жылуулугу текстураны аралаштырууга жана ичинен жаркыраган теринин эффектин түзүүгө жардам берет. Эгерде кечеге баруу зарыл болсо, териңдин ачык жерлерине хайлайтер сүйкөөнү унутпа. Бир нече тамчы хайлайтерди денеге арналган сүйүктүү кремиң менен аралаштырып, ийиндериңе, акырегиңе, колдоруңа жана тизелериңе сүйкөп кой. Жаркыраган көрүнүштү толукта: эриндериаңди жылтырак менен боёону унутпа. 

Айланаңа унутулгус жыпар жытты жарат
Ар бир жылдыздын өз сыры бар – жана толкундатуучу жыпар жыт образыңды жарыкка толтурган унутулгус жыпар жыттуу таасир калтырышы мүмкүн! Ар бир кадамда жаркыроо үчүн, талашсыз жылдыз сапаттарына ээ болгон парфюмду танда. Divine Exclusive парфюм суусу Shining Star (бул жаркын гүл жана жыгач пацули ноталары!) эксклюзивдүү аккордун жана 5 метрден ашык аралыкка унутулгус шлейфти калтыруу үчүн, текшерүүлөрдөн өткөн Long Sillage технологиясын колдонуу менен жасалган! Анын фиништик узак таасири сенин чыгууңду чынында сонун кылат, Divine Exclusive менен сен ар дайым жалпы көңүл чордонунда болосуң. Назик жыпар жыт Swarovski® жаркыраган кристаллдары менен кооздолгон гламурдуу флаконго куюлган; сен аны колуңа алган сайын өзүңдү атактуу адамдай сезесиң.

Өзүңө ишен 
Чындыгында, жаркыроо – бул өзүңө ишенүү. Сен өзүңдү бактылуу сезгенде, сен ичиңен чыныгы жаркыроого ээ болосуң. Сени чын дилинен колдоп турган досторуңа көбүрөөк чалып тур, өзүңө кам көр, уйкуңу кандыр, көбүрөөк жылмайып, өз жетишкендиктериңди белгиле. 

 
Текст: