Теринин майланышып жалтырабашы үчүн макияжды күн бою кантип сактоо керек?

Орифлэймдин Бьюти-эксперти Галина Ильина жалтырабаган бозомтук модалуу мейкапты кантип жасоо керектиги жана анын максималдуу туруктуулугуна жетүү керектиги жөнүндө айтып берет.

1-Кадам: терини даярдоо

Майланышкан жылтылдак көп кыйынчылыктарды жаратат, ошондуктан теринин түрүнө жараша туура тандалып алынган күндөлүк кам көрүү маанилүү. Эгерде, сени себумдун (майдын) көп бөлүнүп чыгышы тынчсыздантып жатса, тазалоону сөзсүз түрдө тоник менен аякта: ал сергитет, жылтыраган майларды бозомтук кылат, май бездеринин ишин жөнгө салат жана тешикчелердин ичкерип тартылуусуна жардам берет.

Теринин майланышып жылтырашына жакын болгон негизги көйгөй - бул теринин суусуздануусу. Бул учурда гиалурон кислотасы менен сыворотканы колдонуу сунушталат, ал май бездеринин ишин нормалдаштырат.

2-Кадам: ТЕШИКЧЕЛЕР БИЛИНЕ ИЧКЕРИП КИЧИРЕЙИШИ ҮЧҮН THE ONE ПРАЙМЕРИ

Майланышпаган бозомтук эффектиси менен праймер - майланышпаган бозомтук  макияждын милдеттүү этабы, так ушунун өзү туруктуулукту, майланышпаган бозомтук финишти жана нукура табигый жабууну камсыз кылат

Праймерди колдонгондо, тоналдык кремди бир канча азыраак алыш керек: ал тешикчелерге түшүп кетпейт жана терини ашыкча жүктөбөй, жука бирдей катмар менен жеңил сыйпалат.

Мага THE ONEнин каражаттары жагат: сен аны бүт бетиңе же ал жерде майланышкан жылтырак көбүрөөк чыккан ачык жерлерге (чеке, мурун, ээк) зоналарына гана колдоно аласың.

3-Кадам: МЕНЕН THE ONE MATTE VELVET ЖАЛТЫРАТПАГАН ТУРУКТУУ ТОНАЛДЫК НЕГИЗ

Тоналдык негизди да жалтыратпаган бозомтук эффектиси менен тандаңыз - мыкты продукт THE ONE линиясында бар. Кремдин текстурасы жеңил жана суюгураак келет, демек, тери дем алат - бирок ошол эле учурда SPF 20 жардамы менен жана майланышкан жылтырак аркылуу фотосүрөттөн ишенимдүү коргоо кепилденген. Аны жаак сөөктөргө, чекеге, ээкке жана мурунга сүйкө, андан кийин ортодон чет жагына карай жайып бөлүштүрүү менен сыйпа. 


4-кадам: THE ONE MATTE VELVET КОМПАКТТУУ ЖАЛТЫРАТПАГАН ПУДРА

Жалтыратпаган бозомтук макияжда пудрасыз болбойт, бирок ал анчалык көп болбошу керек: кайсы жерде майланышкан жалтырак көбүрөөк пайда болсо, аны ошол жерлерге гана сыйпа.

Катмарды мүмкүн болушунча жука кылуу үчүн комплектидеги үлпүлдөгөн жумшак кистти эмес, а чоң мамык щетканы колдон.

Бархат текстурасы жана Anti-Shine комплекси менен болгон жалтыратпаган THE ONE Matte Velvet пудрасын колдонууга кеңеш берем.

5-кадам: КОНТУРИНГ ҮЧҮН THE ONE ПАЛЕТКАСЫ

Жылтырабаган бозомтук мейкаптын маанилүү эрежеси: тонирлеп бүткөндөн кийин бетке рельефти жана сак саламат эндикти (румянец) кайтаруу керек, антпесе ал жалпак болуп көрүнүп калат. Бронзерди жана THE ONE үч түстүү палеткасынан эндикти (румянец) колдон: шайкештелип тандалган түстөр ар кандай түстөгү кыздарга эң сонун ылайыктуу болот. 

 

6-кадам:  КАШ КАБАКТАР ҮЧҮН THE ONE ПРАЙМЕРИ

Көпчүлүк адамдардын каш-кабагынын териси майланышууга жакын болот.

Тендер себумдан тугурукталып түшпөшү үчүн жана жалтырабай бозомтук бойдон калышы үчүн праймерди колдонуу керек. 

THE ONE праймери тенди жайылта сүйкөөнү жеңилдетет жана түстөргө көбүрөөк каныктырат, ошондой эле - курамдагы витаминдердин жардамы менен териге камкордук көрүлөт.

7-Кадам: ЭРИНДЕР ҮЧҮН СУЮК ЖАЛТЫРАБАГАН БОЗОМТУК THE ONE LIP SENSATION ПОМАДАСЫ

Бозомтук жалтырабаган помаданын текстурасы болжолдуу бир жука катмарда болот. Эгерде сен аны ашыкча же эриндериңди эки жолу катмарлап сүйкөсөң, алар нукура табигый болуп көрүнбөй калат жана жарылып кетиши да мүмкүн. Заманбап акылдуу формулалар оңой эле бөлүштүрүлөт: мисалы, эриндер үчүн The ONE Lip Sensation бозомтук жалтырабаган помадасы бекем жана туруктуу жабууну түзөт. 

Эгерде, макияж күндүн аягында айрым зоналарда (мисалы, мурундун канаттарында же көздүн алдында) тоголоктонуп түшсө, анда тонду жеңил ургулоочу кыймылдар менен көйгөйлүү участокторго точкалап сүйкө.