Макияждагы түстөрдүн эрежелери

Галина Ильина, Oriflame’дин расмий визажисти макияжда бардык түстөр бири-бири менен айкалышы үчүн, аны кандай пландоо керек экенин айтып берет

Басымың кандай?

Помада менен тенди айкалыштырууда окшоштуктан алыс болууң керек. Эгер эриндериң каныккан ачык түскө (боёлгон болсо, анда көз макияжын бир калыптагы гаммада жасоо керек. Ошондой эле, эгер эриндериң табигый түскө боёлсо, анда көздөрүң макияждын борбору болушу керек жана аларды ачык байкалган түстөрдүн жардамы менен баса белгилөө керек. Ал эми эндик менен помада окшош болбой, бирок бир гаммадагы окшош түстөр болуш керек.

Кызыл менен этият бол

Кызыл помада өзү эле толук болгондуктан, кошумча басым жасоону талап кылбайт. Бирок алтын түстөгү седеп тень бир аз кошулганда образ кандайдыр бир шармга ээ болот. Эгер кызыл помада колдонсоң, эндикте күрөң-шабдаалы түсүн колдонуп, беттин кызылына эмес, контурингге басым жасоо керек.

Өткүр жебе кош

Шабдаалы, кызгылт, нюд түстүү помадалар шоколад же коло Смоки айс менен шайкеш көрүнөт. Ошондой эле түстөр менен тажрыйба жасасаң болот, мисалы, ачык түстөрдүн (жашыл, көгүш, кызгыл сары) жардамы менен ичке жебе тартып, же алдыңкы кабагыңды чий.  

Туура түзүлгөн образ – сергек сырткы көрүнүш

Макияждагы мөмө түстөр өзүнө көп көңүл бурат, ошондуктан көздүн макияжын активдүү жасоо сунушталбайт. Жалтыратпоочу, саргыч боз тендерди же жылтылдаган нюдду колдон. Эриндериңде ачык фуксияны колдонгон учурда, назик-кызгылт түстүн жардамы менен бетти жеңил кызартып койсо болот. Бул бетти сергек көрсөтөт!

Эндик помада менен кандай достошот

Шарап, кочкул кызыл, күрөң түстөгү помада шабдаалы түстүү эндик менен айкалышат. Аларды жука катмар кылып боёсоң, алар бетке жеңил түс берип, эриндерден көңүлдү албайт.