Сезимдер жолугушуусу: жолугушуу үчүн жыпар жыт тандайбыз

Социалдык тармактарда статусуӊуз: "сүйөм", "олуттуу мамиледемин" же "үй-бүлөлүүмүн", кандай болсо дагы – жолугушуу үчүн жапыр жыт тандоо маанилүү маселе бойдон кала берет.

БИРИНЧИ ЖОЛУГУШУУ
Биринчи жолугушуунун алдында толкунданып жатасыӊбы? Жасмин нотасы кошулган жыпар жытты танда. Өзүнүн эс алдыруучу касиети менен белгилүү болгон жасмин көптөгөн композицияларда негизги нота катары колдонулат: сергитүүчү жана гүлдүү жыпар жыт чындап эле сонун угулуп, жыпар жатты оорлоштурбайт. Эгерде жолугушуу ийгиликтүү аяктаса, жасминдин жардамы чоң болот, анткени бул гүл тартууну күчөтүүчү касиети үчүн афродизиак деп аталат

Муну колдонуп көр: Eclat Femme

БААРЫ КЫЙЫН
Көп мамилелерде силердин жуп экениӊерге ишенбеген учур болот. Ооба, силер башка бирөөнү издеп жаткан жоксуӊар, бирок жаңы статусуңарды жарыялай элексиӊер. Ушундай белгисиз мезгилде сени ишеним менен шыктандырган сезимтал жапыр жыт керек. My Destiny парфюм суусу сени энергия менен толтурат жана өзүӊө тартуучу касиетиӊе болгон ишенимиӊди күчөт. Сени акылсыз адам гана колунан учуруп жиберет

Биз муну жакшы көрөбүз My Destiny 

БАЛ АЙЫ
Сүйүүдөгү акылдан айнып калуу сезиминин эң мыкты коштоосу - бул азгыруучу гурманын жыты. Love Potion Secrets композициясындагы ак шоколад жана кулпунайдын ноталары катуу кумарлануу үчүн эң сонун фон жаратат.

Love Potion Secrets парфюм суусу бал айыңды андан да таттуу кылууга жардам берет

ОЛУТТУУ МАМИЛЕ
Узак мөөнөттүү мамилелердеги адамдар бири-бирине окшош боло баштайт деп уксаӊ керек. Бул адаттарды көчүрүп алуу жана бири-бирибиздин сөздөрүбүздү кайталай баштагандыктан болот. Мындан да жакыныраак болуу үчүн Giordani Gold жуп жыпар жыттарын танда.   

Сиз үчүн жана сенин мырзаӊ үчүн Giordani Gold Original парфюм суусу жана Giordani Gold Man атыр суусу

ҮЙЛӨНҮҮ КҮНҮ
Роза - түбөлүк сүйүүнүн символу. Бактылуу көз ирмемдер тууралуу жүрөгүндө роза ноталары бар Volare жыпар жытынан башка эмне жакшы эскертип тура алат

Муну колдонууну уланта бер Volare парфюм суусу

Текст: Сүрөт: Anna Mårtensson