Гүл жыпар жытын тандайбыз

Парфюмердик дүйнөдө жаӊы тренд пайда болду — гүл моно жыпар жыттары, же бир гүл нотасынын негизинде жаралган композициялар. Өзүӊө кайсыл нота ылайыктуу экенин кантип аныктаса болот?

ЛАВАНДА
Гүл ноталары ар дайым эле айымдардын жыпар жыттары үчүн артыкчылыкта турбайт. Алар көптөгөн эркектерге арналган жыпар жыттардын негизинде көп кездешет. Мисалы, лаванданы алалы, анын дарылык касиеттери стресске каршы күрөшүүгө жана маанайды көтөрүүгө жардам берет. Кооз пейзаждарды эске салган жыпар жытты издеп жаткан болсоӊ, Men’s Collection Cool Lavender атыр суусун байкап көр.

РОЗА
Роза — эӊ универсалдуу парфюмердик ноталардын бири болуп саналат. Кайсы ноталарга жуп болуусуна жараша, роза көрктүү жеӊил, же сезимтал жана кумардантуучу боло алат. Бирок, розанын дал ушул жылытуучу жыпар жыты аны көптөгөн биздин сүйүктүү композицияларыбыздан таанымал кылат. Эгер роза үстөмдүк кылуучу нота болсо, жыпар жыттын мүнөзү романтикалуу жана шайыр болушун күтсөӊ болот. Сага окшодубу? Анда Volare же Volare Forever жыпар жыттарын байкап көр.

СИРЕНЬ
Гүлдөп жаткан бакчага сейилдеп чыкканыӊды элестет. Мейкиндик жумшак жана назик упа жыпар жытына чөмүлүп бара жатканын сездиӊби? Бул жаздын башталышын эӊ мыкты чагылдыруучу кооз сирень гүлү. Биздин тандоо: ак сирендин упа-гүл ноталары бар Women's Collection Innocent White Lilac

ЖАСМИН
Жасмин ноталары бар эӊ кылдат жыпар жыттар да кумардантып турат. Кээ бир учурларда, бул түнкү маалда гана гүлдөп турган жашыл бадалды «түн ханышасы» деп атап коюшат. Жасмин баркыт ноталары айкын сезилип турган жыпар жытты издеп жатсаӊ Eclat Femme же Women's collection Velvet Sensual Jasmine атыр сууларына көӊүл бур.

АПЕЛЬСИН ГҮЛДӨРҮ
бир учурда эле гүл жана жыгач жыттанган флердоранж жыпар жыты — асылдыкты чагылдырып турган түбөлүк классика. Бул нотаны Giordani Gold Essenza жанаGiordani Gold Original композицияларынан изде.

ПАЧУЛИ
Гүл ноталары ар дайым эле кылдат боло бербейт. Мисалы, пачули, өзүнүн мас кылуучу жана абдан «жерге жакын» жыпар жыты менен, эӊ тажрыйбалуу парфюмерлерди да эстен тандыра алат. Өзүнө ишенген айымдар үчүн идеалдуу болгон бул жыпар жыттуу жылытуучу ноталарды Giordani White Gold айымдарга арналган парфюм суусунан жана  Voyager Spirit мырзаларга арналган атыр суусунан тапсаӊ болот.

Текст: