Теринин түсүнө жараша эрин помадасынын түсүн тандайбыз

Эми тандоодо эч кандай ката кетпейт! The ONE Colour Stylist Ultimate ультракрем текстурасы бар 1де 5 эрин помадасынын мисалында өз түсүңдү кантип табуу керек экенин айтып беребиз.

Колуңдагы тамырыңдын түсү багыт алууга жардам берет. Демек, эгер сенин… 

ТЕРИҢ МУЗДАК ТҮСТҮҮ БОЛСО

Тамырыңдын түсү көк же кызгылт көк, ал эми териңдин түсү кызгылт түскө жакын болсо, сага чаңдуу кызгылт, фуксия, алча жана кара өрүк түстөрү ылайыктуу.

Бул түстөрдү сунуштайбыз: «Чаңдуу Роза»«Гүлдөгөн Беде»«Назик Фуксия»«Жаркын Фуксия»«Анар Ширеси»«Жумшак Алча»«Кара Карагат» жана «Бышкан Кулпунай».

… ТЕРИҢ НЕЙТРАЛДУУ ТҮСТӨ БОЛСО

Тамырыңдын түсү күңүрт-жашыл жана териңдин түсү нейтралдуу болсо, кызыл-кызгылт сары, назик кызгылт, коралл же шабдаалы түстөрүнө көңүл бур.

Бул түстөрдү сунуштайбыз: «Назик Роза»«Кызгылт Пион»«Кызыл Күн Батыш»«Кызылгат Джеми»«Кызыл Шарап» жана «Шоколад Креми».

… ТЕРИҢ ЖЫЛУУ ТҮСТҮҮ БОЛСО

Тамырыңдын түсү көк-жашыл жана териңдин түсү сарыга жакын болсо, мындай теринин ээсине ширелүү жемиш, кызыл жана терракот түстөрү ылайык келет.

Бул түстөрдү сунуштайбыз: «Кызгылт Дарак»«Карамелдүү Саргыч Боз»«Жапайы Роза»«Ширелүү Малина»«Терең Терракот» жана «Ачык Кызыл»

Текст: Сүрөт: Роберт Бергрен