Щеткасына карап кирпик тушун кантип тандоо керек

Кирпик тушундагы эң негизги нерсе (формуласынан тышкары) — бул щетка. Дал ошол щетканын формасынан кирпигиңдин узун, ийилген, көлөмдүү болуп, бөлүнүп турушу көз каранды.

Берилди: түз кирпиктер 
Зарыл:
ийилүү жана ачыктык 
Сага керек:
ийилген щетка (Giordani Gold көлөмдүү ийүүчү тушу)
Үн толкунунун формасындагы Fortemente уникалдуу щеткасы кирпиктерди 8° көтөрөт, ал эми агуудан коргоочу туруктуу формула ийилүүнү күн бою сактоого жардам берет. Андан тышкары, тушь кирпиктерге кам көрөт: Lash Reveal бекемдөөчү комплекси кирпиктерди азыктандырып, тыгыздап, алардын жашоо циклин узартат.



Берилди: ичке кирпиктер 
Зарыл:
чаптама кирпиктердин эффекти
Сага керек:
үлпүлдөк щетка, өтө көлөмдүү тушь сыяктуу The ONE Tremendous экстремалдуу көлөмгө ээ тушунун жана THE ONE Tremendous мышык көзүндөй эффект берүүчү тушунун щеткасындай, же ийилген щетка керек (THE ONE Lash Extension кошулган кирпик эффекти бар узартуучу тушу)

Эгер көлөмдү баса белгилегиң келсе, чоң щеткалуу тушка көңүл бур – мындай конструкция болушунча көп өнүм алып, аны керектүү эффект алууга чейин катмарлоого мүмкүндүк берет. Tremendous классикалык тушу экстремалдуу көлөм эффектин берет, ал эми анын кара таңгактагы сиңдиси көздүн сырткы бурчуна басым жасоо менен тренддеги макияжды жасоого мүмкүндүк берет

Чаптама кирпиктердин эффектин жаратуунун дагы бир жолу – экстремалдуу узундук. Кирпиктер көлөмдүү болуп, узундук кошуу зарыл болсо, бул ылайыктуу болот. Lash Extension'дун эки кат кылдары жана щеткасынын ийилген формасы кирпиктерди түбүнөн алып, ийүүгө жардам берип, узартат жана тоголоктоштурбайт.

Берилди: кыска кирпиктер
Зарыл:
узундук дагы, көлөм дагы 
Сага керек:
жалпак щетка (Giordani Gold Angel Caress узартуучу тушу) же эки түрлүү кылдары бар щетка (The ONE Wonder Lash XXL 1де 5 көп функционалдуу кирпик тушу)

Giordani Gold Angel Caress тушунун жалпак щеткасы өзгөчө көрүнөт, бирок, аны менен кирпиктерди түбүнөн тарта боёо канчалык оңой жана ыңгайлуу экенин көргөндө таң каласың. Натыйжа — +77%га чейин узундук, жана ошондой эле идеалдуу бөлүү.

Кыска кирпиктерге көбүрөөк көлөм бергиң келсе, өзүнө узартуу менен көлөм берүүнү айкалыштырган, ошондой эле эки эффектти бир учурда бере турган универсалдуу щеткасы бар туштарды танда. Wonder Lash XXL тушунун Wonder Brush эксклюзивдүү щеткасынын катуу өзөгү жана ар кандай узундуктагы жумшак кылдары бар Dual Core патенттелген технологиясы кирпиктердин көлөмүн чоңойтуп, бөлүп, сонун ийилүү тартуулайт. Натыйжа: 19 эсе көп көлөм, 51%га көп узундук.

Берилди: бардык кирпиктер
Зарыл:
универсалдуу чечим
Сага керек:
орто өлчөмдөгү түз (Giordani Gold кирпикке арналган супер тушуже бир аз ийилген щетка 

 THE ONE Wonderlash 1де 5 кирпикке арналган көп функционалдуу тушу). 

Көйгөйсүз кирпиктерге бир аз көлөм, узундук жана ийилүү, ошондой эле каныккан кара түс берип койсо жетиштүү болот. Классикалык щеткаларды карап көр: алар колдонууда оңой жана ар кандай эффект берүүгө жөндөмдүү. Giordani Gold кирпикке арналган супертушу мыкты мисал боло алат, мындай өнүм узундукту жана көлөмдү жакшы көбөйтүп, туруктуу формуласынын аркасы менен бир күн бою сакталат. Эгер сен үчүн бир аз ийилген щетка ыңгайлуураак болсо, легендарлуу Wonderlash тушун сунуштайбыз: 1 тушта 5 эффект!

Текст: Сүрөт: Oriflame