Жазгы жыпар жытты кантип тандоо керек

Ушул жазда сен эмне тууралуу кыяландасың? Өзүңдү ук жана биздин гиддин жардамы менен жаңы сезонго жыпар жыт танда.

АЙЫМДАРДЫКЫНЫДАЙ КВИНТЭССЕНЦИЯ
Заманбап айымдарда миңдеген образдар бар - жана сен баарынан да сенин жүрөгүңө жакын турганын  тандап аласың. Назиктик, ачыктык, ички күч жана чексиз жумшактык – сага ал айым болууну эң жакшы көргөн айым үчүн жаратылган жыпар жыт керек

Альенор Массне жана Эмили Копперманн мастер-парфюмерлер аткарган: Infinita жыпар жытынын чексиз назиктиги цитрустук-татымал, жасмин, фрезия жана нероли менен гүлдүн "жүрөгү", амбра, кашемир дарагы жана ванилден жасалган таасирдүү шлейф. Композициянын "жүрөгүндө"- белгилүү жасмин грандифлорум орун алган. Сыпайы кооз жана назик, ал деликаттуу, айымдардыкындай жана эсте калаарлык аураны жаратат.

ЖАРАТЫЛЫШТАН ШЫКТАНУУ
Гүлдөр бакчаларда гана эмес, сенин жыпар жыттарыңдын жыйнагында да гүлдөп турсун. Табият кышкы уйкудан кийин жандана баштайт, ал эми сен Joyce жаңы сериясы менен ага суктанууга  даярсың. Мындай жыпар жыттар жаздын алгачкы күндөрү үчүн жаралган сыяктуу. Сыдырым жеңил жел тийген көлдүн бетиндеги күндүн чачыраган нурлары жана назик карапалар - бул сергитүүчү экзотикалык коктейль жана алыскы өлкөлөргө барууну кыялдантуучу жаңы Joyce Turquoise  - бул мадагаскардын иланг-иланг нотасы менен Joyce Rose. А сенчи, өзүңдүн жашооңду кандай түстөр менен кооздойсуң?

ЖАРАТЫЛЫШ МЕНЕН БИРИГҮҮ
Жылуу мезгилдин келиши менен сен шаардан качкың келет жана жаратылыштын ойгонушу менен жыргалга батууну каалайсың. Эртең мененки тамактын ордуна пикник, сейил бакта китеп окуу, сейилдөө, жеңил сыдырым урган жел жана биринчи күндүн ысыгына жылыган гүлдөрдүн жыты — мына ушулардын өзү таш джунглисинен да күчтүүрөөк өзүнө тартат. Питая, ландыш жана мускус ноталары менен Sunkiss Garden жыпар жыты ысык жайдын жакындыгын жана жалгыздыкта болууну сезүүгө жардам берет.

МАКСАТТАРГА ЖЕТҮҮ
Романтика жана жеңил көйнөктөр күтө турат – бизнес үчүн эң активдүү убакыт келди! Сен эмнени каалаарыңды билесиң жана өзүндүн кыялдарыңа ишеничтүү түрдө кадам таштайсың. Dare To Shine туалет суусу менен максаттуу мүнөзүңдү колдоо. Тиаре гүлүнүн нотасынын негизиндеги чыгыш гүлдөрүнүн композициясы чети бриллиант менен кооздолгон флаконго куюлган. Жаркырап учкундай жанып чыгууга сенин убактың келди  !

ЖАҢЫ ӨЛКӨЛӨР
Сен пайдалуу билеттерди оңой эле таба аласың, эң кооз жерлерге маршруттарды түзөсүң жана бааларды жергиликтүү валютага которосуң. Бул саякатчынын тизмесиндеги сенин чыныгы тизмеңдеги дагы бир нече өлкөнү чийип салууга мезгил жетти дегенди билдирет. Born to Fly For Her жыпар жыты жаңы укмуштуу окуяларга шыктандырат: анда планетанын ар кайсы бурчтарынын ноталары шайкештелип айкалышат.

ЧЫГАРМАЧЫЛ ЭРКИНДИК
Сезондордун (мезгилдердин) алмашуусу сен үчүн заманбап искусствонун сүйүктүү борборундагы жаңы экспозиция сыяктуу. Линиялар (сызыктар), түстөр, формалар ушунун бардыгы чыгармачылыкка шыктандырат жана энергия берет. Чыныгы жазда кайра жаралуу! Эксклюзивдүү DeLaire Boudoir аккорду менен Eclat Mon Parfum парфюм суусу менен сүрөтчүнүн ичке назик натурсын баса көрсөт. Гелиотроп менен кооздолгон падышанын ак ирисинин нотасы сенин талантың жана дүйнөгө болгон көз карашыңдай эле уникалдуу.

МЫКТЫ КЕЧЕЛЕР
Сиз биринчилерден болуп шаардын башкы свет рауттарынын тизмелерине киресиң, жана бий аянтчасында кандайча бөлүнүп көрүнүүнү билесиң Luminescenceжыпар жытын танда: "электр заряды" аккордунун негизиндеги жарылуучу коктейль сени окуялардын так борборуна алып барат. Эми сен түнү бою чарчабай бийлөөгө даярсың!

Текст: Сүрөт: Oriflame