Онлайндан жыпар жытты кантип сатып алууга болот

Интернеттен жыпар жыт сатып алууну чанда эле бирөө каалайт болуш керек – себеби дүйнөлүк желе тармагы жыттарды өткөрүп берүүнү али үйрөнө элек. Бирок, буга карабастан, онлайн режиминде ылайыктуу парфюмду табуунун коопсуз жолдору бар жана биз алар жөнүндө айтып беребиз

САЛЫШТЫР
Азыркы учурда сендеги болгон жыпар жытты алып көрсөң. Ал кайсы белгилерден турат, ал кайсы топко кирет? Мүмкүн сен гүлдүн жыпар жытын жакшы көрөрсүң? Андай болсо – ушуга окшошторду тармактан издесең болот. Эгер ал сен жакшы көргөн парфюмуңдун ичинен басымдуу орунду ээлей турганына ишенбесең, анда ал жөнүндө толук маалыматты сен Fragrantica.com сыяктуу сайттардан ала аласың.

ОБЗОРЛОРДУ ОКУ
Албетте, форумдун катышуучуларынын пикирлери менен сенин пикириң дал келбеши мүмкүн, бирок сын-пикирлердин обзорун окуганда, андагы пикирлер тигил же бул жыпар жытка карата болгон сенин көз карашыңды түзүүгө сага жардам берет. Эгер ал жердегилердин айткан сөздөрүнүн басымдуу көпчүлүгү жытты "өтө күчтүү" деп жазышса, ал эми сага, тескерисинче, назик жыпар жыттар көбүрөөк жакса, бул вариант сага туура келбейт. Ошондой эле, маалыматтардын жакшы булагы болуп бьюти-блогдор да болушу мүмкүн.

ӨЗҮҢДҮН АРТЫКЧА КААЛООЛОРУҢДУ БИЛ    
Сага жыпар жыттын кайсы түрү туура келээрин түшүнүүгө аракет кыл: одеколонбу (одеколон), туалет сууларыбы (туалет суусу) же парфюм суусубу (eau de parfum). Одеколондун жытынын  туруктуулугу азыраак болот, бирок ал эң сонун сергитүүчү болуп саналат, ал эми туалет суусу - парфюмерия продуктуларынын эң көп жайылган түрү – ал бир нече саат бою кетпей, сени менен бирге болот. Эгерде сага көбүрөөк интенсивдүү жыпар жыт керек болсо, парфюм суусун же духини (parfum) тандап ал. "Сатып алуу" деген сыйкырдуу сөз менен болгон баскычты басардан мурда, сана эмне керек экенин түшүнүп туруп сатып алып жатканыңа ишеним ал.

ТИЛДЕРДИ ҮЙРӨН
Кесипкөй адистердин терминологиясын мыкты өздөштүрүп ал, ошондо сен алар менен бир тилде сүйлөшө баштайсың. Эгер жыпар жыт сүрөттөлүп жазылса, анда кыязы, сөз ал өзгөчө кече учуру үчүн ылайыктуу болгон карагайдын же ориенталдуу үй-бүлөлүк жыпар жыт тууралуу болуп жаткан сыяктуу болот. Ал эми "көңүлдүү-шайыр" жана "азгыруучу" деген аныктамалар, сыягы, айымдардыкындай  гүлдүү же жемиштердин жыпар жытына кирет

ТАҢГАК КАПТАМЫНА  КӨҢҮЛҮҢДҮ БУР
Ага жыпар жыт куюлган флакон, көпчүлүк учурда ушул жыпар жыттын темасын чагылдырат жана анын ноталары жөнүндө көп нерсени айтып бере алат. Алтын менен кооздолгон кутуча жана алтын менен жабылган флакон ачык эле байма-бай кечки парфюм жыпар жытын билдирип турат. Агыш-көк жана жашыл түстүү флакондор, адатта, нукура табигый жана сергитүүчү жаңы жыпар жыттарды камтыйт,  алар жай мезгилине абдан ылайыктуу, ошондой эле күндүзү колдонгонго да ылайыктуу болот, ал эми кызгылт түстөгү флакондор бир ооздон айымдардыкындай гүлдүү ноталары тууралуу билдирип турат.

СЕНИН МУРДУҢ КИМ, МАГА ОШОНУ АЙТЧЫ
Белгилүү парфюмерлер (же Мурундар) адатта ачык таанымал стилине ээ болушат, ошондуктан, эгер кайсы бир белгилүү парфюмердин чыгармаларынын бири сага жакса, анда сен алардын башка шедеврлерин да жактырышың мүмкүн.

БААЛАРЫНА КАРАБА
Жыпар жытка тиешелүүсүн алсак, алардын кымбатттары дайым эле жакшы дегенди билдире бербейт. Сапаттын башка көрсөткүчтөрү бааларына караганда алда канча маанилүү болот.
Текст: Сүрөт: Fotolia, Shutterstock