Гибриддик мейкаптын жардамы менен жаркыроо эффектине кантип жетишсе болот

Биз бардыгыбыз жаркырагыбыз келет, туурабы? Жомоктогудай жаркын макияжга – ширелүү түстɵгү эриндерге, идеалдуу боёлгон кɵздɵргɵ жана ичинен жаркыраган нымданган териге ким туруштук бере алат? Айланада жаркыроо эффектин жаратууга убада берген канчалаган ɵнүмдɵр бар: бирок алардын кайсынысы чынында иштерин кантип билсе болот? Биз мунун жообун таптык – бул гибриддик мейкап. Гибриддик мейкап сонун образды тартуулаган ɵркүндɵгɵн декоративдүү косметика менен кɵпкɵ сакталуучу эффектти камсыздоо үчүн териге кам кɵрүүнүн кээ бир элементтерин айкалыштырат. Макияжга болгон мындай мамиле жаркыроо эффектин кантип күчɵтɵрүн Giordani Gold’дун биринчи Radiant Bliss гибриддик коллекциясынын мисалында кɵрɵлү.

Нымдандыруу – жаркыраган сырткы кɵрүнүшкɵ болгон биринчи кадам
Жаркыроонун ачкычы – терини нымдандыруу. Radiant Bliss коллекциясынын косметикалык каражаттары үчүн биз максималдуу нымдандырууну камсыздоочу ингредиенттерди тандап алдык. 

Атайын клиникалык жактан далилденген нымдандырууну артык кɵргɵндɵр үчүн, биз Giordani Gold Iconic Radiance SPF 30 эрин помада-гелин чыгардык. Аны эрин аймагына адаптацияланган нымдандыруу технологиясы ɵзгɵчɵ кылат. Нымданган эриндер толук болуп кɵрүнɵт, ал эми клиникалык изилдɵɵлɵр нымдын курамынын бир кыйла – 49%дан кем эмес кɵбɵйүшүн кɵрсɵткɵн. ошондой эле клиникалык изилдɵɵлɵр эрин помадасы майда бырыштардын кɵрүнүшүн 22%га азайтканын жана эриндин жылмакайлыгын 25%га кɵбɵйткɵнүн кɵрсɵткɵн.

Гиалурон кислотасы – териге кам кɵрүү боюнча каражаттардын белгилүү компоенти, жана буга чоң себептер бар. Ал негизги функциясы нымды сактоо болгон организмде табигый түрдɵ камтылган. Жадагалса ал ɵз салмагынан 1 000 эсе кɵп сууну сактай алат!

Giordani Gold Iconic кɵзгɵ арналган контурдук карандашы курамындагы гиалурон кислотасынын аркасы менен жаркыраган образды идеалдуу толуктайт. Бул кɵздүн айланасындагы сезгич териде нымды сактоого жана анын чоюлчаактыгын жана табигый серпилгичтигин колдойт. Giordani Gold Iconic эринге арналган контурдук карандаш-праймери да гиалурон кислотасын камтыйт жана анын аркасы менен эриндер дароо нымданып, бул эффект кɵп убакытка чейин сакталат.

Биз гиалурон кислотасын териге жакшы кирүүсү үчүн адаптациялай алсак кандай болмок? Атайын бул жаркыроо эффекти үчүн, биздин окумуштуулар Giordani Gold теринин түсүн жакшыртуучу нымдандыруучу СС-гелин (ɵнүм 03.04.2022-жылдан тарта сатыла баштай) жаратууда гиалурон кислотасынын ɵзгɵчɵ түрүн колдонушкан. Бул макияжга арналган гибриддик СС-крем терини нымдандырып, ичинен жаркыратуу үчүн атайын иштелип чыккан тɵмɵн молекулалуу гиалурон кислотасын камтыйт.

 

B5, E & F витаминдери, морошка уругунун майы жана бербер инжиринин майы
Витамин кошумчаларын күндɵ колдонуу биздин иммундук системабызды бекемдетерин билебиз, бирок макияжга арналган гибриддик ɵнүмдɵрдɵ витаминдерди жана табигый майларды колдонуу табигый жаркыроону күчɵтүүгɵ кантип жардам берет?

Radiant Bliss Infusion кам кɵрүүчү коктейли — азыктандырууга, коргоого, бекемдөөгө, нымдаштырууга жана жандандырууга жардам берген витаминдердин жана табигый майлардын эксклюзивдүү аралашмасы: В5 витамини эриндердин жана көздөрдүн терисин жумшак, жылмакай жана чоюлчаак кылат, ал эми Е витамини курамында антиоксиданттардын болушу менен терини коргойт. F витамини коргоону күчөтүү үчүн табигый липиддик барьерди бекемдөөгө жардам берет.

Табигый майлар териге кам көрүү үчүн да артыкчылыктарды берет: морошка уруктарынын майы канттын жана минералдардын жогору курамынын аркасы менен нымдуулукту сактоого жардам берет, ал эми бербер инжиринин майы организмде табигый түрдө болгон жана күч-кубатты калыбына келтирүүгө жардам берген маанилүү май кислоталарына бай экендиги белгилүү.

 

Бул эксклюзивдүү аралашма Giordani Gold Iconic Radiance SPF-30 нымдандыруучу эрин помада-гелининGiordani Iconicкɵзгɵ арналган контурдук карандашынын жана Giordani Gold Iconic эринге арналган контурдук карандаш-праймеринин курамына кирет.

Жаркыраган эрин макияжы үчүн негиз катары универсалдуу эрин карандашын колдонуп кɵр

Эми универсалдуу карандаштын жардамы менен жаркыраган эрин макияжы үчүн идеалдуу негизди алуу жɵнүндɵ сүйлɵшɵлү. Giordani Gold Iconic эринге арналган контурдук карандашы – бул идеалдуу базалык жабуу: эрин карандашы катары иштеп, бирок түссүз болгон макияж үчүн гибриддик ɵнүм, эми помадага ылайыктуу түстү тандоо жɵнүндɵ ойлонбой эле койсоң болот. Ал жɵн гана эриндердин абалын жакшыртпастан, аларды толук, скульптуралуу кылып, косметичкаңда да орунду үнɵмдɵйт!

Giordani Gold Iconic эринге арналган контурдук карандашы Giordani Gold Iconic Radiance SPF-30 нымдандыруучу эрин помада-гели менен сонун айкалышат. Бирок эң негизгиси, бул карандашты жалтыратпоочу, жылтырак же суюк болобу, каалаган помада менен бирге колдонсоң болот. Эриндериң скульптуралуу болуп, түстүн агуусуна, булгануусуна жана тоголоктошуусуна жол бербейт. Бул салмактуу боелгон, гиалурон кислотасы, Radiant Bliss Infusion кам кɵрүүчү коктейли жана сонун жеңил текстурасы бар гибриддик эрин карандашы сенин сүйүктүү помадаң кɵпкɵ чейин ɵз ордунда каларына кепилдик берет!

Ошентип, териге кам кɵрүүдɵн алынган алдыңкы технологиялардын аркасы менен Radiant Bliss коллекциясы сенин жаркырооңду болушунча күчɵтɵ турган гибриддик косметиканы элестетет.