Миллион лайкка жаркыроо

THE ONE сериясында IlluSkin суюк хайлайтери пайда болду, ал инстаграм жылдыздарынын стилинде жаркыроочу терини жаратуу үчүн алмаштыргыс өнүм болуп саналат. Oriflame бьюти-эксперти Галина Ильина бул жаңылыкты кантип колдонуш керек экенини айтып берет

 

THE ONE IlluSkin суюк хайлайтери макияж жасоону жаңы үйрөнүп жаткандар үчүн ылайыктуу: назик текстурасы оңой сүйкөлүп, табигыйдан баштап, интенсивдүү жаркыроого чейинки сиз каалаган эффектти жаратууга мүмкүнчүлүк берет. Каражат жылтылдаган упа жана пигменттердин аралашмасы болгон IlluSkin технологиясынын аркасы менен терини жаркыратат, жана да ал пантенолдун, бук бүчүрлөрүнүн экстрактынын жана киви жемиш суусунун аркасы менен териге кам көрөт.

Суюк хайлайтер сүрөт жана селфи үчүн макияж жасоодо алмаштыргыс нерсе: ал беттин скульптурасын туура белгилеп, териге инстаграм жылдыздарыныкындай жаркыроочу эффектти жаратат. Бул сүйкөө ыкмаларын өз-өзүнчө же айкалыштырып колдон – эксперименттерден коркпо!

1. Ичинен жаркыроо эффекти

Толук териңди бирдей жаркыраткың келсе,тоналдык кремди хайлайтер менен аралаштыр. Баары алда канча жөнөкөй: эч нерсени куюп, аралаштырып, кирдетүүнүн кереги жок. Спонждун силикон жагына сүйүктүү тонуңду (мага THE ONE Everlasting Sync жагат) жана бир нече тамчы хайлайтер кошуп, бетиңе сүйкө. Каражаттар сүйкөп жатканда эле аралашып кетет.

2. Бет сөөгүн так белгилөө, жаркыраган көз караш 

Көбүрөөк жаркыроону каалайсыңбы? Дагы бир жолу жаркырата турган негизги аймактарга сүйкөңүз: бет сөөктүн эң бийик жери, каштын үстүндөгү жана төмөн жагындагы аймак, көздүн ички бурчу, мурундун кыры жана учу, үстүнкү эриндин кыры.

3. Көлөмдүү эффект

Бир тамчы хайлайтерди үстүнкү эриндин кырына гана эмес, эриндин ортосуна да сүйкө: ушинтип эринди көлөмдүү көрсөтсөң болот. Көз карашыңа сырдуулукту кошкуң келсе, кабагыңдын ортосуна, кирпиктердин түбүнө – тендин үстүнө сүйкөсө болот – бир аз хайлайтер сүйкө.

4. Толук образ

Эгер декольте жана ийиндер ачык болсо, макияждын гармониясын сактоо үчүн ийиндер менен акыректерге хайлайтер колдонууну унутпаңыз. Алар жаркыраган күн астында да, кечки жарыкта да, образды толуктап, кооз болуп көрүнөт.

5. Назик тери эффекти

Хайлайтерди бир гана бетке эмес… денеге да колдонсо болот!  Денеге арганлан сүйүктүү кремиңе же майыңа бир нече тамчы кош: ошентип териңе саламаттык жана нымданган жаркыроо эффектин тартуулайсың.