Лифтинг макияж

Жаш ɵткɵн сайын картаюу белгилери, бырыштар, беттин овалынын так эместиги, күңүрт тери, серпилгичтикти жана нымдуулукту жоготуу негизги кемчиликтер болуп калат.

1. Биздин негизги милдетибиз – макияждын жардамы менен кашты, кɵздүн ички бурчун, бет сɵɵгүн, ооздун бучтарын ɵйдɵ кɵтɵрүү.

Үйдɵн жасалган күнүмдүк кам кɵрүүнү да унутпоо керек. Бетиңизди интенсивдүү нымдандырыңыз – дал ушул нерсе беттин күңүрт түсү менен күрɵшүүгɵ жардам берет.

2. Бет сергек жана эс алгандай кɵрүнүшү үчүн, лифтинг-макияжда нюд түстɵрүн жана текстурасы жеңил болгон тоналдык негиздерди колдонгонуңуз жакшы.

Беттин овалын тууралоо 3 ɵнүмдүн жардамы менен аткарылат.
а) Скульптордун жардамы менен кɵз кɵрүнɵɵ кɵтɵрүү зарыл болгон жерлерди боёйбуз: бет сɵɵгүн баса белгилеп, аны бир аз ɵйдɵ карай тартабыз, ошондой эле, беттин овалын тууралоо үчүн, жаактын линиясын карартабыз.
б) Жылтылдаган бɵлүкчɵлɵрү бар эндикти тандаганыңыз жакшы – ал териге кошумча жаркыроо берет, жана ɵзүнүн түсүнүн аркасы менен жашартуучу эффектти жаратат. 
с) Кɵздүн ички бурчтарына жана каштын алдына жаркыроо кошсо болот. Бирок хайлайтердин жаркыроосу болушунча жумшак болушу керек, себеби аны ашыкча колдонуу менен теринин текстурасын баса белгилɵɵңүз мүмкүн. 

Эриндин контурундагы майда бырыштарга кɵңүл бурбоо үчүн, жалтыратпоочу помадаларды эмес, тинттерди колдонуп, үстүнɵн сүйүктүү жылытрагыңыз менен боёңуз.

3. Кɵз кɵрүнɵɵ улуу кɵрсɵткɵн каталарды кетирбеңиз.

Табигый каштарды тандаңыз. Кара же күңүрт-күрɵң карандаштын ордуна тень же помадка колдонуңуз. Жумшак, жайылып боёлгон сызыктарды чийиңиз.

Эгерде сиздин кыймылдуу кабагыңыз түшүп турса, аларга ɵтɵ жаркыраган тенди колдонбоңуз. Чоң шиммер кɵлɵм берип, кɵздɵрүңүз мурдагыдан да оор болуп кɵрүнүп калат.

Күңүрт түстɵгү помадаларды колдонбоңуз, мисалы,: күрɵң жана кочкул кызыл – алар кɵлɵмдү азайтат.